Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:48

Азур: Азык-түлүктүн кымбатташы глобалдык маселе


ЭВФтин Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия боюнча департаментинин башчысы Жихад Азур.
ЭВФтин Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия боюнча департаментинин башчысы Жихад Азур.

Эл аралык валюта фондунун жаңы прогнозуна ылайык, быйыл Борбор Азияда Кыргызстандын экономикасынын өсүү темпи көбүрөөк солгундайт.

Мунун себептери жана Украинадагы согуштун эпкини тууралуу ЭВФтин Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия боюнча департаментинин башчысы Жихад Азур “Азаттыкка” маек курду.

- 27-апрелде Эл аралык валюта фонду Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия аймактары үчүн регионалдык экономикалык прогнозун жарыялады. Алгач көпчүлүктү кызыктырып турган суроону узатайын. Украинадагы согуш Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасына кандай таасирин тийгизди же тийгизгени турат? Чөлкөмдө кандай тенденцияны байкадыңыздар?

- Борбор Азиянын экономикасы COVID-19 кризисинен кийин жакшы калыбына келип бараткан. 2021-жылдын жыйынтыгы көпчүлүк өлкөлөр үчүн позитивдүү болгон. Кавказ жана Борбор Азия аймагында экономикалык өсүш 5,4 - 5,6 пайыз болот деп күтүп жатканбыз. Бирок бул өлкөлөргө согуштун түз жана кыйыр эпкини тийди.

Алар кайсылар? Биринчиден, Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн Орусия менен байланышы терең. Борбор Азиядагы жана Кавказдагы бир топ мамлекеттерде соода, инвестиция, сырттан которулган акча, финансы жана азык-түлүк менен камсыздоо тармактарында маселе жаралат.

Буга кошумча кризистин кыйыр таасирлери бар. Дүйнөлүк алкакта белгисиз жана түпөйүл жагдай уланып жаткандыктан, валюта саясатындагы өзгөрүүлөрдөн жана энергия булактарынын баасынын өсүшүнөн улам үстөк пайыздар көтөрүлүп жатат.

Натыйжада, чөлкөмдөгү өлкөлөр көп катмарлуу шокко туш болушат. Айрым өлкөлөр сырткы таасирди азайтуу үчүн валюталык саясатын өзгөрттү. Кайсы бири кирешеси аз үй-бүлөлөргө жардам берүүчү айрым чараларды кабыл алды. Айрымдары буудай сыяктуу товарлардын импортун диверсификациялоого аракет кылууда.

Бул соңку кризиске карата алгачкы реакция десек болот. Мындан ары көп өлкөлөр өзүнүн экономикасы менен финансы тармагын калкалап, коргоого аракет кылышат. Алар импортунун булактарынын багытын бара-бара кеңейтип, региондун ичинде сооданы күчөтүүгө бел байлашууда.

Ар бир өлкөдө кырдаал ар башка. Бир мамлекетте мүмкүнчүлүк көбүрөөк, экинчисинде азыраак. Андыктан ар бир өлкөнүн бул багыттагы саясаты ар башка.

Орусия Украинага кол салгандан көп өтпөй орус рублунун куну кескин түшүп кетиши Борбор Азия өлкөлөрүнүн валюталарына да таасирин тийгизген.
Орусия Украинага кол салгандан көп өтпөй орус рублунун куну кескин түшүп кетиши Борбор Азия өлкөлөрүнүн валюталарына да таасирин тийгизген.

- Эл аралык валюта фондунун прогнозуна ылайык, негизинен Украинадагы согуш жана Орусияга киргизилген санкциялардан улам 2022-жылы Борбор Азияда экономикалык өсүш басаңдаганы турат. Чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн ичинен быйыл Кыргызстандын экономикасынын өсүү темпи көбүрөөк солгундап, өсүш 0,9 пайызды гана түзөт экен. Кыргызстанда экономикалык өсүш Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу солгун болушунун башкы себептери эмне? Буга мигранттардын акча которууларынын азайышы себеппи, же башка факторлор да барбы?

- Кыргызстан сырттан которулган акчага кыйла көз каранды. Мигранттар которгон каражат өлкөнүн ички дүң жыйымынын 20 пайызынан ашат. Ал акчанын көбү Орусиядан келет. Андан тышкары Кыргызстандын Орусия менен экономикалык жана финансылык байланыштары да күчтүү. Айрым банктардын корреспонденттик эсептери орус банктары аркылуу жүргүзүлөт.

Андыктан бул өлкөнүн башкаларга салыштырмалуу көбүрөөк жабыр тартканы кадыресе көрүнүш. Көз карандылык көбүрөөк жана эки өлкөнүн экономикалык карым-катышы күчтүүрөөк.

Бирок Кыргызстандын бийлиги өз экономикасын тооруган таасирди азайтуу үчүн жана макроэкономикалык туруктуулукту сактап калуу үчүн бир катар чараларды көрө баштады.

- Орусиядагы кырдаал мигранттар мекенине жөнөткөн акчанын көлөмүнө канчалык таасирин тийгизиши ыктымал?

- Орусия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда мигранттардын акча которууларына байланыштуу алака-катыш күчтүү. Андыктан бул маанилүү маселе. Азырынча мигранттардын акчасынын агымы жакшы. Бирок жергиликтүү өкмөттөр бул каражаттын азайышынын кесепетин алдын алуу жолдорун караштырганы туура болот. Сырттан которулган акчанын азайышынан жабыркаган үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү зарыл.

- Дүйнөнүн башка аймактарындай эле Борбор Азияда да инфляция 2020-жылдын жарымынан тарта жогорулай баштады. Украинадагы согуш жана Орусияга салынган санкциялар инфляциянын көрсөткүчтөрүн ого бетер начарлатып койду. Борбор Азия жана Кавказ аймагында инфляциянын деңгээли канчалык кооптуу жана алдыңкы айларда эмнелерди күтүүгө болот?

- Инфляция Украинадагы согушка чейин көтөрүлүп келген. 2021-жылы жогорулап, бара-бара төмөндөйт деп күтүлүп жаткан. Бул негизинен энергия булактарынын жана тамак-аштын баасынын көтөрүлүшүнөн жаралган инфляция.

Украинадагы согуш жана санкциялардан улам инфляция дагы күчөдү. Борбордук банктар аны төмөндөтүүнү көздөгөн ар кыл чараларга барышты. Бирок мындай аракеттер этияттыкты талап кылат. Инфляция экономикага бекем орноп калбашы үчүн активдүү монетардык саясат керек.

Глобалдык алкакта инфляциянын деңгээли өтө көңүл жылытарлык эмес. Себеби, биз 2022-жылы инфляция бара-бара төмөндөйт деп күткөнбүз. Бирок ошол деңгээл дагы деле уланууда. Бул дүйнөлүк алкакта катаал монетардык чараларга себеп болуп жатат.

Бишкектеги Ош базары.
Бишкектеги Ош базары.

- Эл аралык валюта фондунун прогнозуна ылайык, 2022-жылы дүйнөлүк алкакта тамак-аш дагы 14 пайызга чейин кымбатташы мүмкүн. 2021-жылы азык-түлүктүн баасы 28 пайызга чейин көтөрүлгөн эле. Тамак-аштын дагы деле кымбаттап жатышынын башкы себептери эмне? Баалар кайра төмөндөйбү?

- 2021-жылы азык-түлүк менен камсыздоо тармагындагы кыйынчылыктарга байланыштуу суроо-талап өсүп кетти. Азык-түлүктү жеткирүүнүн баасы да жогорулады. Мунун баары негизги товарлардын жана тамак-аштын баасын кымбаттатып койду.

Украинадагы согуш абалды ого бетер начарлатты. Мунайдын баасы көтөрүлдү. Соңку 7-8 жылдан бери мынчалык өсө элек болчу. Товарлар жана жер семирткичтер кымбаттады. Тамак-аш менен камсыздоо каналдары тобокелчиликке туш болду.

Биринчиден, бул дүйнөлүк маселе экенин түшүнүү керек. Экинчиден, бул кирешеси аз өлкөлөргө жана коомдун аярлуу катмарларына көбүрөөк таасирин тийгизерин билүү кажет.

Региондо да азык-түлүктүн кайсы бир түрлөрү көп керектелген же алардын запасы тартыш мамлекеттер бар. Андыктан биз эл аралык коомчулукту мындай өлкөлөрдө тамак-аш коопсуздугун жетиштүү деңгээлде камсыз кылууга колдоо көрсөтүүгө чакырабыз. Ошол эле учурда азык-түлүктүн жана товарлардын эркин соодасына шарт түзүүгө жана камсыздоо каналдарынын жабылып калуу коркунучун алдын алууга үндөйбүз.

- Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстандын өкмөтү Украинадагы согуштун жана Орусияга салынган санкциялардын терс таасирин басаңдатуу үчүн тиешелүү чараларды көрүп жатканын билдирип жатышат. Мындай чаралар жетиштүү болуп жатабы? Эл аралык валюта фондунун сунуштары кандай?

- Албетте, бул кризис дагы деле уланып жатканын, белгисиздиктин деңгээли жогору экенин түшүнүшүбүз керек. Андыктан дыкат көз салып туруу зарыл. Инфляция туруктуу мүнөзгө ээ болбошу үчүн аны төмөндөтүү керек. Экинчиден, баалар өскөнүнө байланыштуу кирешеси аз үй-бүлөлөргө социалдык колдоо көрсөтүү зарыл. Үчүнчүдөн, сырткы таасирлерге көбүрөөк дуушар болгон, өзгөчө карызы көп өлкөлөр туруктуулукту сактап калышы кажет жана макроэкономикалык туруктуулукка шек келтире турган саясаттан карманышы зарыл.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG