Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:28

ЭВФ: Орусиядагы кризистен коңшулары да жабыркайт


Орусиядагы кризис: Борбор Азияда эмне күтүлөт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:17 0:00

ЭВФтин Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия боюнча департаментинин башчысы Жихад Азур менен видео маек.

Украинадагы согуш өзгөчө Орусиядан мунай импорттогон өлкөлөргө кедергисин тийгизет. Бул тууралуу Эл аралык валюта фондунун Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия боюнча департаментинин башчысы Жихад Азур “Азаттыкка” маегинде билдирди. Ал мындай шартта Борбор Азия кандай чараларды көрүшү керектигин айтты.

- Жихад мырза, көпчүлүктүн көңүлү Украинага кадалып турат. Эл аралык валюта фонду (ЭВФ)Москвага салынган эл аралык санкциялар орус экономикасындагы рецессияга себеп болорун ишарат кылып жатат. Айрым эксперттер Орусия дефолт болушу мүмкүн дешет. Санкциялардын Орусия үчүн кесепети канчалык оор болот? Анын Орусия менен терең экономикалык жана финансылык байланышы бар Борбор Азия өлкөлөрүнө канчалык таасири тиет?

- Украинадагы согуш да, санкциялар да коңшулаш өлкөлөргө таасирин тийгизүүдө. Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрү тарыхый жактан Орусияга өтө байланган. Алар соода, эмгек күчү, мигранттардын акчасы, финансынын агымы жана мунай-газ маселелеринде Орусия менен тыгыз байланышта. Мындан улам Орусияга салынган санкциялардын жана чөлкөмдөгү кырдаалдын Борбор Азия өлкөлөрүнө таасири болот. Бул таасир баалардын көтөрүлүшү, капиталдын агымынын, өзгөчө мигранттардын акча которууларынын айланасындагы чыңалуу жана жогорку деңгээлдеги белгисиздик сыяктуу бир нече багытта байкалат.

- Акча которуу демекчи, Кыргызстан менен Тажикстан дүйнөдөгү мигранттарга эң көп көз каранды өлкөлөрдүн катарына кирет. Акча көбүнчө Орусиядан которулат. Соңку кырдаал Кыргызстанга жана Тажикстанга мигранттар которгон акчанын агымын канчалык азайтышы мүмкүн? Эл аралык валюта фондунун бул багытта прогнозу барбы?

- Албетте, мигранттардын акча которуулары маанилүү. Анын деңгээли ички дүң жыйымдын 20 пайызына жеткен учурлар бар. Бул дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн катарына кирет. Санкциялардын Орусиянын экономикасына таасири жана рублдин нарксызданышы акчанын агымына кедергисин тийгизет.

Бул каражат маанилүү экенин билебиз. Ал коомдун катмарын коргоого, керектөөнү камсыз кылууга жана Борбордук банктын ресурстарын толуктап турууга жардам берет. Андыктан кандай таасири болорун анализдөө абдан маанилүү.

Эл аралык валюта фонду бул согуштун коңшулаш өлкөлөргө таасири тууралуу прогнозун маал-маалы менен жаңыртып турмакчы. Жакында соңку кырдаалдын Борбор Азияга жана Кавказ өлкөлөрүнө тийген эпкини, анын ичинде мунай бааларынын жана башка товарлардын өсүшүнө байланыштуу жагдайдын кесепети тууралуу жаңы баяндамасын жарыялайт.

- Тактап кетейин, Орусияда экономикалык рецессия канчалык терең болот? Себеби орус бийлиги өлкөнүн экономикасы эл аралык санкцияларга туруштук бере алат деп айтып жатпайбы.

- Өзүңүз билгендей, окуялар күн сайын өнүгүп жатат. Андыктан абал өзгөрүшү мүмкүн. Азырынча санкциялардан жана рублдун чукул нарксызданышынан улам быйыл орус экономикасы солгундайт деп күтүлүүдө. Албетте, конфликттин масштабы жана анын кандай аяктай турганы орус экономикасынын келечегин аныктайт.

- Украинада согуш башталгандан бери орус рублин улай Борбор Азия өлкөлөрүнүн улуттук валюталары да кунун жоготту. Биринчи жолу 1 АКШ долларынын наркы 100 кыргыз сомунан, 11 миң өзбек сумунан ашты. Буга окшош жагдай Казакстанда жана Тажикстанда да байкалды. Ошол эле кезде азык-түлүк баалары да көтөрүлө түштү. Бул өнүгүүлөр кыска жана узак мөөнөт ичинде чөлкөмдөгү карапайым жарандардын турмуш-тиричилигин кандай өзгөртөт? Эл эмнени күтүп, эмнеге даяр болушу керек?

- Баштан бери Борбор Азия өлкөлөрүнүн валюталары орус рубли менен тыгыз байланышта. Андыктан рублдин нарксызданышы аймактагы бир катар өлкөлөрдүн валюталарына таасирин тийгизди. Буга кошумча чөлкөмдөгү айрым өлкөлөрдө орус банктары иш алып барып келет.

Албетте, рублдин куну качышы менен коштолгон соккуга туруштук берүү үчүн бул өлкөлөрдө акчанын алмашуу курсу көтөрүлүп жатат.

Элдин турмуш-тиричилигине тийгизген таасири тууралуу кеп кылганыңыз туура. Андыктан инфляцияны токтотуу үчүн тиешелүү чараларды көрүү керек. Мындан тышкары элге, айрыкча кризистен эң көп жабыркаган топторго социалдык колдоо көрсөтүү үчүн кошумча чаралар керек.

Бул кыйын учур. Жергиликтүү өкмөттөр бул маселелерди жөнгө салуу үчүн жана адатта Орусиядан же Украинадан келип турган буудай сыяктуу азык-түлүк жана товарлардын ордун алмаштыруу үчүн бир катар демилгелерди баштады.

- Демилгелер демекчи, Борбор Азиядагы өлкөлөр антикризисттик чараларын жарыялап жатат. Казакстан валютанын жана алтындын сыртка чыгышына чектөө койду. Кыргызстан долларды сыртка которууга тыюу салды. Бул чаралар региондогу улуттук валюталарды, айрыкча кыргыз сомун стабилдештирүүгө жардам береби? Борбор Азиядагы өкмөттөр көрүп жаткан чаралар санкциялардын кесепетин жөнгө сала алабы?

- Ар бир өлкөнүн экономикасы ар башка. Бардыгына төп келген рецепт жок. Кыска мөөнөт ичинде бул чаралар жакшы ойлонулган болсо, кырдаалды жөнгө салууга жардам берет. Бирок булар убактылуу чаралар.

Маселелерди жөнгө салуу үчүн акча жана фискалдык саясаттагы салттуу инструменттерди активдештирүү керек. Ар бир өлкөнүн өзүнүн тиешелүү саясаты болушу кажет.

- Азыр Кыргызстан тууралуу өзүнчө кеп кыла кетсек. Борбор Азиядагы беш өлкөнүн ичинен кыргыз экономикасы COVID-19 пандемиясынан эң көп жабыркаганы белгилүү. Өлкөнүн экономикасынын өсүү темпи пандемияга чейинки деңгээлине жете элек. Украина менен Орусиядагы соңку окуяларды эске алганда 2022-жылдагы экономиканын өсүшү боюнча Кыргызстанга жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө карата Эл аралык валюта фондунун прогнозу кандай?

- Кыргызстан жана башка өлкөлөр катары менен эки жолку соккуга дуушар болушту. COVID-19 пандемиясы кыргыз экономикасына өтө терс таасир этти. Биз учурда бул кризистин Борбор Азияга жана Кавказга тийгизген таасирин талдап жатабыз.

Мунай менен товарлардын баасынын өсүшү жана үстөк пайыздын жогорулашы сыяктуу түз жана кыйыр таасирлери бар. Биз таасирлерди изилдеп, талдап жатабыз. Апрель айынын ортосундагы жазгы жыйналышыбыздын алдында биз бул жылга карата прогнозубузду жана кризистин Борбор Азиянын экономикасына эпкини тууралуу жаңы маалыматтарды жарыялайбыз.

- Анда жаңы баяндамаңыздарды күтө туралы. Бирок соңку кырдаалды жана Орусияга киргизилген санкцияларды эске алганда быйыл Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда экономиканын өсүшү солгундабайбы?

- Албетте, дүйнөнүн башка бурчтарында болгондой эле бул кризис экономиканын өсүшүнө кедергисин тийгизет. Анын масштабы өлкөгө жараша болот. Борбор Азия менен Орусиянын географиялык жана экономикалык жактан жакындыгын эске алганда чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн экономикасына таасири тиет. Анын масштабы өлчөнүшү керек. Биздин команда өкмөттөр көрүп жаткан чараларды көңүлгө алуу менен маалыматты жаңылоонун үстүндө иштеп жатат.

- Чөлкөмдөгү өлкөлөр согуштун кесепетин басаңдатуу үчүн эмне кыла алышат? Кандай чукул жана натыйжалуу чаралар керек? Эл аралык валюта фондунун сунушу кандай?

- Приоритеттер бар. COVID-19 пандемиясы маалында адам өмүрүн жана турмуш-тиричилик каражаттарын сактап калуу маанилүү экенин билдиргенбиз.

Бул ирет тамак-аш менен камсыздоо каналдарынын коопсуздугун сактоого артыкчылык берилиши кажет. Азык-түлүк коопсуздугу башкы приоритет.

Экинчиден, жер которууга аргасыз болушу мүмкүн деген топторго, же турмуш-тиричилиги начарлай турган адамдарга, өзгөчө сырттан которулган акчага көз каранды топторго басымды болушунча азайтуу зарыл.

Үчүнчүдөн, инфляция – бул тобокелдик. Аны жөнгө салып, басаңдатуу керек.

Финансылык туруктуулукту сактоо үчүн Борбордук банктарга Борбор Азиянын рынокторундагы орус банктарына байланыштуу маселелерди да жөнгө салуу сунушталат. Булар чукул көрүлүшү керек болгон чаралар.

Андан тышкары бир катар программалар керек. Экономикага тийгизген таасирлерди кантип жөнгө салуу керек? Мисалы Орусия аркылуу өзүнүн мунай-газын экспорттогон өлкөлөр бул сыяктуу маселелерди кантип чечет?

Андыктан учурда бир нече багыттар боюнча иш жүргүзүү керек. Алгач чукул чараларды көрүү кажет. Ошол эле учурда пандемиядан кийинки күтүлгөн калыбына келүү процессин да сактап калууга аракет жасалышы зарыл.

Быйыл “Борбор Азияда жана Кавказда экономикалык өсүш калыбына келет жана 4-4,5 пайызга жетет” деп күтүп жатканбыз. Андыктан экономикалык өсүштүн бул деңгээлин сактап калуу керек.

Бааларга тийген терс таасирлерди жана финансылык туруктуулукту сактоо да маанилүү болуп турат.

- Эгер буга чейин айтылгандарды корутундуласак, Борбор Азия же Евразия экономикалык биримдигинде Орусияга киргизилген санкциялардан көбүрөөк кайсы өлкөлөр жабыркашы мүмкүн?

- Канчалык таасир этери бир нече факторлордун туундусуна жараша болот. Биринчиси - Орусия менен экономикалык жана финансылык интеграциянын деңгээли. Экинчиси - бул кризистин жана санкциялардын бул өлкөлөрдүн валютасына тийгизген таасири. Үчүнчүсү - экономиканын мүмкүнчүлүгү жана туруштук берүү жөндөмү.

Мунайды экспорттогон өлкөлөрдүн резервдери бар. Мунайдын баасы өсүп жатканы үчүн аларга азыраак таасири тийиши мүмкүн же алардын чара көрүү мүмкүнчүлүгү жогорураак.

Бирок мунай импорттогон өлкөлөр жана экономикалык шоктун бир нече түрүнө туш болгон мамлекеттер көбүрөөк жабыркашат. Андыктан ага жараша тиешелүү саясат тез арада ишке киргизилиши керек.

- Бул интервьюда көбүнесе Украинадагы согуштун жана Орусияга киргизилген санкциялардын Борбор Азия мамлекеттерине тийгизген таасирине токтолдук окшойт. Бирок соңку кризистен улам глобалдык экономика кандай өзгөрөт? Эл аралык валюта фондунун прогнозу кандай?

- Фонд өз прогнозун жаңылап жатат жана ал бир айга жетпеген убакытта жарыяланат. Эл аралык алкакта мунай менен товарлардын баасынын өсүшү жана анын инфляцияга таасири маанилүү болот.

Кризиске чейин деле дүйнөдө инфляция абдан жогорулап кеткени белгилүү. Негизги стратегия инфляцияны токтотууга жана аны бара-бара төмөндөтүүгө багытталышы керек.

Албетте, бул санкциялардын эл аралык финансылык жана валюталык системага таасири тийиши мүмкүн.

Бирок Орусиянын экономикасынын глобалдык алкактагы салымы аз. Анын экономикасы дүйнөлүк ички дүң жыйымдын 3 пайызынан ашпайт. Ошентсе анын коңшулаш өлкөлөргө жана Орусиядан буудай жана товар импорттогон мамлекеттерге таасири болот.

Андыктан бул кризистин ар бир өлкөгө өзүнчө эпкини тийиши мүмкүн. Азыр биз кырдаалга жакындан көз салып, сандарды жаңылап жатабыз. Ошондой эле экономикалык шокко туруштук берүү үчүн колдоого муктаж мамлекеттерге жардамдашып жатабыз.

Кризисте жол издеген ишкер айымдар
please wait

No media source currently available

0:00 0:32:25 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG