Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:22

Өзбекстан Украина боюнча позициясын жарыялады


Владимир Путин менен Шавкат Мирзиёев. Орусия менен Өзбекстандын ортосундагы регион аралык кызматташтык форумунда атомдук элекстрстанциясынын курулушунун ачуу учуру. Ташкент. 19-октябрь, 2018-жыл.

Өзбекстан Украинанын чыгышындагы өздөрүн «Донецк менен Луганск элдик республикалары» деп атап алган жикчил топторду тааныбай турганын жарыялады. Айрым эксперттер Ташкент бул билдирүү менен Кремлге каршы чыкканын айтышууда.

Өзбекстандын позициясын ачык айтты

Бейшембиде Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Олий Мажлистин Сенатынын 24-отурумунда Украинанын аймагындагы Орусия колдогон жикчил аймактар жөнүндө суроолорго жооп берди.

"Өзбекстан Украинанын суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн тааныйт. Биз Луганск жана Донецк "элдик республикаларын” тааныбайбыз".

Абдулазиз Камилов.
Абдулазиз Камилов.

Камилов Украинадагы оор кырдаалга байланыштуу Өзбекстан Киевге гуманитардык көмөк көрсөтүүнү уланта берерин билдирди. Мурдараак Ташкент Киевге 28 тонна гуманитардык жардам жөнөткөн.

"Биз эки өлкө менен өз ара кызматташууну улантабыз. Орусия биздин алдыңкы соода өнөктөшүбүз. Бир тараптан, Украина менен көптөгөн тармактарда кызматташабыз. 2021-жылы Украина менен товар алмашуу 704 миллион доллардан ашты".

Министр Өзбекстан Орусия менен да, Украина менен да тарыхый, ар тараптуу байланыштарга ээ экенин айтып, бул мамиле мындан ары да улана берерин кошумчалады.

Серепчилердин пикири

Өзбекстандын Борбор Азиядагы калган төрт мамлекеттен кыйла айырмаланган мындай билдирүүсү интернет айдыңында кызуу талкууга жем таштады.

Париждеги IHS Markit изилдөө компаниясынын чөлкөм боюнча талдоочусу Алекс Меликишвили "Борбор Азиянын экинчи эң маанилүү өлкөсү Кремлге каршы чыкты" деп Твиттерге жазды.

Кезинде Ташкентте иштеп кеткен польшалык көз карандысыз журналист Агнешка Пикулицка Камиловдун билдирүүсүн кубаттады.

"Өзбекстандан сонун жана күтүлбөгөн кабар келди. Борбор Азия өлкөлөрү жаңжалга унчукпай коюшту же Орусиянын аракеттерин түшүнүү менен мамиле кылышты. Эми Өзбекстан ачык эле Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдой турганын билдирди".

Москвадагы Карнеги борборунун эксперти Темур Умаров да Твиттерде министр Камиловдун видеосун жарыялады.

"Өзбекстан Украинанын аймактык бүтүндүгүн ачык-айкын колдоп, аскердик аракеттерди жана согуштук агрессияны айыптаган Борбор Азиядагы биринчи өлкө болду", - деп билдирди.

Эске салсак, Орусиянын президенти Владимир Путин 21-февралда Украинанын чыгышындагы жикчилдердин өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Бул чечимди Мамлекеттик дума 22-февралда ратификациялап берген. Натыйжада 24-февралда орус күчтөрү Донбасстагы "атайын аскердик операция" деген жүйө менен Украинага басып кирген.

Тажик бийлиги комментарийден оолак

Ошол күнү эртеси Орусиянын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Дүйшөмбүгө барып, тажик президенти Эмомали Рахмон жана анын уулу, Тажикстандын парламентинин жогорку палатасынын төрагасы Рустам Эмомали менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Валентина Матвиенко менен Эмомали Рахмон.
Валентина Матвиенко менен Эмомали Рахмон.

25-февралда Тажикстандын президентинин басма сөз кызматы Эмомали Рахмон менен Валентина Матвиенконун жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча маалымат таратып, "дүйнөдөгү саясий кырдаал боюнча да пикир алмашты" деп жазган.

Ушуга чейин Украинадагы согушка байланыштуу Тажикстандын президенттик администрациясынан, саясатчыларынан же парламент депутаттарынан расмий билдирүүлөр боло элек. 24-февралда "Ховар" мамлекеттик маалымат агенттиги БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин билдирүүсүн жарыялап, анда Орусиянын Донбасстагы аскерий операциясы БУУнун принциптерине каршы келерин жазган. Бирок бул жаңылык агенттикттин сайтында пайда болгондон көп өтпөй өчүрүлгөн.

Казакстан Украинага гуманитардык жардам жөнөттү

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев Орусия Украинага кол салгандан бери Украинанын лидери Владимир Зеленский менен телефондон сүйлөшкөн биринчи борбор азиялык президент болуп калды. Эки президент 2-мартта телефон аркылуу сүйлөшкөн.

“Тараптар Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча пикир алмашты. Касым-Жомарт Токаев сүйлөшүүлөрдө Украинадагы аскердик иш-аракеттерди токтотуу жана мындан ары болтурбоо багытында макулдашууларга жетишүү маанилүү экенин айтты”, - деп жазылган расмий билдирүүдө.

Касым -Жомарт Токаев менен Владимир Зеленский.
Касым -Жомарт Токаев менен Владимир Зеленский.

Зеленский Токаев менен сүйлөшүүсүндө региондогу оор кырдаал талкууланганын, тараптар гуманитардык маселелерде кызматташууну макулдашканын Твиттерге жазган болчу.

Аны улай 14-мартта Казакстан Украинага гуманитардык жардам катары 28 тонна дары-дармек жөнөттү. Бул казак өкмөтү Украинага расмий түрдө жиберген биринчи гуманитардык жардам. Буга чейин Казакстандагы коомдук уюмдар, ыктыярчылар жана жеке демилгелүү жарандар украин элчилиги аркылуу Киевге гуманитардык жардам жибере баштаган.

Гуманитардык жардамдын жалпы салмагы 28,2 тоннаны түзөт. Ага дары-дармектердин ар кандай түрү: антибиотиктер, сезгенүүгө, жөтөлгө жана кан басымдын жогорулашына каршы дарылар кирет.

Кыргызстан орус-украин сүйлөшүүсүнө аянтча түзүүгө даяр

Ал арада Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 16-мартта Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенкону кабыл алды. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, анда Украинадагы кырдаал талкууланды.

Руслан Казакбаев жана Валерий Жовтенко.
Руслан Казакбаев жана Валерий Жовтенко.

Казакбаев Кыргызстан ар кандай чыр-чатакты саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүүнү колдой турганын билдирди. Орусия менен Украинанын өкүлдөрүнүн ортосунда жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдү кубаттап, кыргыз тарап да аянтча түзүүгө жана зарыл болгон учурда жардам көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалады.

“Кыргызстан БУУнун уставында жана башка документтерде белгиленген эл аралык укуктун жалпы таанылган нормаларын жана принциптерин сактоону, анын ичинде мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн жана чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүнүн бекем жактоочусу экендиги белгиленди”, - деп айтылат маалыматта.

1-мартта Украина Кыргызстандагы элчисин кеңешүүгө чакыртып алган. Украин президенти Владимир Зеленский буга “Кыргызстан Орусиянын агрессиясын актаганы себеп болгонун” билдирген.

Президент Садыр Жапаров 26-февралда Путин менен телефондон сүйлөшкөн. Кыргыз президентинин сайты президенттер соңку кырдаалды талкуулаганын кабарлаган, орусиялык басылмалар Жапаров Москванын Украинага каршы аракеттерин кубаттаганын жазышкан.

Валерий Жовтенко 11-мартта Кыргызстандын Украинадагы кырдаал боюнча позициясы туруктуу болуп баратканын, ал Бишкекте ишин улантып жатканын билдирген.

Садыр Жапаров 9-мартта парламентте Кыргызстан Орусия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан окуяларда калыс позицияны карманарын жарыялаган.

24-февралдан бери Украинанын бир катар шаарларында орус күчтөрүнүн чабуулдары уланып жатат. Согуштан улам жүздөгөн адамдардын өмүрү кыйылды. БУУнун маалыматы боюнча үч миллиондой украин жараны үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG