Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

Украинанын элчиси Бишкекте калган себебин түшүндүрдү


Кыргызстандын Украинадагы кырдаал боюнча позициясы туруктуу болуп баратат. Бул тууралуу Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко маалымат жыйынында билдирип, президент Владимир Зеленскийдин аны Бишкектен кеңешүү үчүн чакыртып алуу чечимине комментарий берди.

Элчи Украинанын президенти Владимир Зеленский чакыртып аларын жарыялагандан кийин Бишкектен кеткен эмес.

"Бул дипломатиялык механизмдер чечим кабыл алуу үчүн көп убакытты талап кылат. Бирок алар өзгөрүшү мүмкүн, анткени өлкөнүн позициясы өзгөрүп жатат. Кыргызстандын позициясы ырааттуу болуп баратат", - деди элчи.

Элчинин айтымында, ал кыргыз бийлигиндеги жетекчилер менен жолугуп Орусияга киргизилип жаткан санкциялардын кесепети тууралуу айтып жатат.

1-мартта Украина Кыргызстандагы элчисин кеңешүүгө чакыртып алган. Украинанын президенти Владимир Зеленский буга "Кыргызстан Орусиянын Украинадагы агрессиясын актаганы себеп болгонун" билдирген.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 26-февралда орус президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөн. Кыргыз президентинин сайты президенттер жөн гана соңку кырдаалды талкуулаганын кабарласа, орусиялык басылмалар Жапаров Путиндин Украинага каршы аракеттерин кубаттаганын жазышкан.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "элчини кеңешүүгө чакыртып алуу ар бир өлкөнүн укугу" деп комментарий берген. 4-мартта Украинанын Кыргызстандагы элчилиги күнүмдүк ишин улантып жатканы кабарланган.

Президент Садыр Жапаров 9-мартта парламентте Кыргызстан Орусия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан окуяларда калыс позицияны карманарын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG