Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

БШК Элвира Сурабалдиевага депутаттык мандат тапшырды


Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

Борбордук шайлоо комиссиясы 27-февралда өткөн Биринчи май округундагы кайра шайлоону уткан Элвира Сурабалдиевага депутаттык мандат тапшырды. Бул тууралуу боршайкомдун басма сөз кызматы билдирди.

Элвира Сурабалдиева 2015-жылы КСДП партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген. 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоого "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен катышкан. 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин вице-премьер-министр болуп төрт ай иштеген.

Сурабалдиева 2021-жылы 28-ноябрда өткөн шайлоого катышкан эмес. Ал мажоритардык шайлоо системасы кайрадан киргенден кийин, бир мандаттуу округдан шайлоону уткан биринчи аял болуп калды.

БШК 27-февралда Свердлов округунда өткөн шайлоонун жыйынтыгын чыгара элек. 9-мартта аталган округдан биринчи орунду алган Абдурахманхажи Муртазалиевдин каттоосун добуш сатып алуу фактысы боюнча жокко чыгарды. Муртазалиев боршайкомдун чечимин сотко берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG