Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Диплому боюнча суракта жүргөн мугалим өмүрүнө кол салганы маалымдалды


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Кочкордо дипломуна байланыштуу текшерүү уюштурулуп, суракка чакырылып жүргөн мектеп мугалиминин өлүмү териштириле баштады. Бул тууралуу 11-мартта “Азаттыкка” Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Кундуз Эсенгулова билдирди. Анын айтымында, окуя 9-мартта болгон:

“Милицияга Ак-Чий айылын 54 жаштагы тургуну үйүнүн сарайына кирип муунуп каза болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу барып, маркумдун денесине сыртынан кароо жүргүздү. Натыйжада ага күч колдонулганы тууралуу белгилер байкалган жок”.

Ак-Чий айылдык мектебинин директору Зина Абдраеванын айтымында, бир ай мурда райондук прокуратура кызматкерлердин дипломдорун текшерүүгө алып кеткенде ошол мугалимдин диплому жасалма экени тууралуу маалымат түшкөн. Беш күн мурда ал өз арызы менен жумуштан бошонуп кеткен.

Айрым мугалимдер бул окуяга маркум менен директордун ортосундагы чыр себеп болгон болушу мүмкүн экенин айтып жатышат. Абдраева аны менен чатакташпаганын жана окуяга эч тиешеси жок экенин айтууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 23-январда өткөргөн басма сөз жыйынында өлкөдөгү бардык мамлекеттик кызматкерлердин жогорку билими тууралуу дипломдору алдыдагы үч айда толук текшерилерин билдирген. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG