Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:30

Украина бир катар өлкөлөрдү Орусиянын МИР карталарын тейлебөөгө чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын Улуттук банкы орусиялык МИР төлөм карталары менен ар кандай транзакцияларды жүргүзүүнү токтотууга чакырды. Кайрылуу Кыргызстандын, Армениянын, Казакстандын, Тажикстандын, Түркиянын жана Вьетнамдын Улуттук банктарына жөнөтүлдү.

Атап айтканда, Украинанын Улуттук банкы МИР карталарын банкоматтарда жана POS-терминал тармактарында тейлөөнү токтотууга, бул карталар менен электрондук соода кылбоого жана P2P акча которууларда колдонууга мүмкүн кылбай коюуга үндөдү.

"Улуттук банк Орусиянын каржы секторуна каршы бардык мүмкүн болгон санкцияларды мобилизациялоого умтулат", - деген Украинанын улуттук банкынын төрагасы Кирилл Шевченко.

Украинанын Улуттук банкынын башчысынын билдирүүсү Орусия Украинага бастырып кирип, АКШ жана Европа өлкөлөрү Орусияга катаал санкцияларды киргизип жаткан маалда айтылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG