Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:39

Алмаз Исманкуловдун медициналык борбору 214 миң сом ижара акы төлөп келген


Алмаз Исманкулов.
Алмаз Исманкулов.

№6 Бишкек шаардык ооруканасынын экинчи корпусунда жайгашкан Алмаз Исманкуловдун менчик медициналык борбору ай сайын 214 миң сомдон ижара акы төлөп келген.

Бул тууралуу Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин башчысы Нурдан Орунтаев "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында Исманкулов мэриядан имаратты ижарага алуу тууралуу келишимди 2012-жылы гана түзгөн. Ижара башында 164 миң сомго түзүлүп, кийин 214 миң сомго көтөрүлгөн.

Имараттын аянты 1075 чарчы метр. Ар беш жыл сайын ижара мөөнөтү узартылып отурган.

"Келишимге буга чейинки жетекчи Аскат Карынбаев кол койгон. Мен бул кызматка дайындалгандан кийин ушул жылы 17-февралда социалдык маанидеги объекттерди бошотуу максатында жана комиссиянын чечими менен келишим бир тараптуу жокко чыгарылган. Бүгүнкү күнгө карата бул чечимге байланыштуу эч ким доо арыз жазган эмес, бизге ал тууралуу маалымдама келе элек", - деди муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин башчысы Нурдан Орунтаев.

Буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Алмаз Исманкуловдун менчик медициналык борборун мамлекеттик имараттан чыгаруу иши жүрүп жатканын билдирген.

Азырынча дарыгер Алмаз Исманкуловдун ооруканасынын жетекчилиги менен байланышууга мүмкүн боло элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG