Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:56

Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын жолугушуусу өттү


Кыргыз-тажик чек арасы. 11-март, 2022-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасы. 11-март, 2022-жыл.

Бүгүн 11-мартта Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Эки-Таш жергесинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара мекемелеринин өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, жолугушууда кыргыз тарап Эки-Таш жергесиндеги түнкү атышуу Тажикстандын аскер кызматкерлеринин айынан тутанганын жана алар Кыргызстандын жарандарынын машиналарына таш ыргытышканын айтты. Ал эми тажик тарап таш ыргытууга аскер кызматкерлеринин тиешеси жоктугун, муну белгисиз бирөөлөр кылганын жана азыр аларды издөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Кыргызстандын Чек ара кызматы “11-марттын 12:30уна карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги абал туруктуу деп мүнөздөлөт” деп билдирди.

Кыргыз тараптын расмий маалыматына караганда, 11-мартка караган түнү Эки-Таш аймагындагы Баткен-Исфана автожолунун боюнда жолдон өткөн машиналарга таш ыргытылып, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда 20 минутага созулган ок атышуу болгон. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Тажик тарап бул окуя тууралуу расмий маалымат бере элек. 10-мартта да кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган чатак катталган. Чек ара толук тактала элек болгондуктан ортодо түрдүү чыр-чатактар катталып келет. Бир жыл мурда куралдуу тиреште ондогон адамдардын өмүрү кыйылган. (JsA)

XS
SM
MD
LG