Президент Владимир Путин чет өлкөлүк жарандарга Украинадагы согушта Орусия колдогон күчтөрдүн катарында күрөшүүгө уруксат берүү идеясын колдоду. Ал бул тууралуу Орусиянын Коопсуздук кеңешинин 11-марттагы жыйынында айтты.
"Эгер акча үчүн эмес, ыктыярдуу түрдө келип, Донбасста жашаган элге жардам берүүнү каалаган адамдарды көрсөңүздөр, анда аларга шарт түзүп, уруш аймактарына жөнөтүүгө жардам берүү керек", - деди Путин.
Анын алдында Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Жакынкы Чыгышта 16 миңден ашуун "ыктыярчылар" орус күчтөрү менен кошо украин аскерлерине каршы күрөшүүгө даяр экенин айткан.
Путин жума күнкү жыйында министр Шойгунун Украинада колго түшүрүлгөн, Батышта жасалган "Жавелин" жана "Стрингер" сыяктуу ракеталык системаларды Украинанын чыгышындагы жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактардагы күчтөргө өткөрүп берүү тууралуу сунушун да колдоду.
Орусия 24-февралда Украинанын аймагына басып кирген. Андан бери Украинада жүздөгөн аскерлер жана жайкын тургундар каза тапты. Согушту токтотууну көздөгөн тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыга элек.
Буга чейин украин президенти Владимир Зеленский чет өлкөлүктөрдү Украинага келип, орус күчтөрүнө каршы күрөшүүгө чакырган.
Дагы караңыз