Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:38

Кочкордо Турдакун Усубалиевдин эстелиги ачылды


Турдакун Усубалиевдин эстелиги.
Турдакун Усубалиевдин эстелиги.

Нарын облусунун Кочкор районунун борбору Кочкор айылында мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин эстелиги ачылды. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты.

"Турдакун Усубалиевич өмүр бою жакшы адам бойдон калды. Ал баарыбызды суктандырган наркын сактап, сынын бузган жок. Турдакун Усубалиевич – бийлик менен дөөлөттү көтөрө билген, сабырдуу, абийирин таза туткан, эң жөнөкөй инсан эле. Дагы бир жолу, урматтуу Турдакун Усубалиевич, сизге башыбызды ийип таазим этебиз. Элибизде сиздей улуу инсандар арбын болсун. Өлкөбүз туруктуу өнүгүп, мамлекетибиз күчтүү болсун", - деди президент.

Кыргыз ССРин 1961-1985-жылдары башкарган Турдакун Усубалиевге Кыргыз Эл баатыры наамы ыйгарылган. Ал 2015-жылы 96 жашында көз жумган.

Турдакун Усубалиевдин ысымы Бишкек шаарынын эски аянтына, Нарын шаарынын борбордук аянтына берилген. Нарын шаарынын борбордук аянтына эстелиги орнотулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG