Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Баткенде кыргыз-тажик сүйлөшүүсү өтөт


Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекеттик туулары.
Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекеттик туулары.

12-мартта Баткенде чек ара боюнча кыргыз-тажик сүйлөшүүсү өтөт. Бул тууралуу бүгүн 11-мартта “Азаттык” радиосуна президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди. Анын айтымында, жолугушуу Баткендин жана коңшу өлкөнүн Согд облусунун башчыларынын деңгээлинде уюштурулууда:

““Кызыл-Бел” көзөмөл-өткөрмө жайында өтө турган губернаторлордун жолугушуусуна кыргыз тараптан Баткен облусунун бүт күч структураларынын жетекчилери, Лейлек жана Баткен райондорунун акимдери катышат. Эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын жетекчилери да катышканы жатат. Чек арадагы соңку окуялар эмне себептен чыкканы талкууланып, тынчтыкты сактоо чаралары боюнча сүйлөшүү өтөт”.

Чек ара толук тактала элек болгондуктан ортодо түрдүү чыр-чатактар катталып келет. Бир жыл мурда куралдуу тиреште ондогон адамдын өмүрү кыйылган. Быйыл 11-мартта Баткен-Исфана автожолунун боюнда жолдон өткөн машиналарга таш ыргытылып, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда 20 минутага созулган ок атышуу болгон. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Тажик тарап бул окуя тууралуу расмий маалымат бере элек. 10-мартта да кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган чатак катталган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG