Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:45

Жалал-Абад: Үч жыл токтоп турган ири завод кайра иштей баштады


Жалал-Абад. Иллюстрациялык сүрөт.
Жалал-Абад. Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунда өсүмдүк майын өндүрүүчү жалгыз ири ишкана кайрадан иштей баштады. Үч жыл мурда токтоп калган "Дома-Ата" ишканасын кайра жандандыруу долбоорун жеке ишкерлердин бири жүзөгө ашырып жатканы маалым болду.

Заводдо жалпысынан 72 жергиликтүү тургун жумуш менен камсыз болду. Ишкананын өндүрүш кубаттуулугу – бир күндө 80 тоннага жакын көлөмдөгү өсүмдүк майы. Азырынча күнүнө 30 тонна май чыгарылып жатат.

Керектелүүчү сырье Орусиядан жана Казакстандан алынып келип, өндүрүлгөн май Жалал-Абад жана Ош облустарына сатылууда.

Сузак районунун аймагында жайгашкан, 2019-жылдан бери токтоп турган завод буга чейин күн карама, пахта майын жана кир самын чыгарчу. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG