Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:57

Украинанын аймагына 154 дрон менен чабуул коюлду, айрым жерлерде өрт чыкты

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




19:05

11-январга караган түнү Украинадагы согуштун узактыгы Улуу Ата Мекендик согуштукуна теңелди. 2022-жылдын 24-февралынан тартып эсептегенде согуш 1418 күндөн бери жүрүп жатат.

Түндө Украинага 154 дрон чабуул койду. Алардын 125ин Украинанын Куралдуу күчтөрү атып түшүргөн. 18 жерде 22 сокку урулганы катталган.

Орусиянын дрондору Харьков шаарына да сокку урду. Шаар мэри Игорь Тереховдун маалыматында, Слободской районунда дрон инфраструктуралык объектке тийип, өрт чыккан.

Таң эрте ошол эле районго дагы бир сокку урулган. Украинанын Улуттук полициясынын маалыматына ылайык, облуста жалпысынан сегиз адам жараат алган.

Орусиянын соккуларынын кесепетинен Запорожье облусунда жана Днепропетровск облусунун айрым бөлүгүндө электр энергиясы бир нече саатка толугу менен өчүрүлдү. Орусиялык чабуулдан үч адам жараат алганын Запорожье облусунун аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоров билдирди.

Житомир облусунда орусиялык дрондор маанилүү инфраструктура объектилерине сокку урган. Облустук аскердик администрациянын башчысы Виталий Бунечконун маалыматына ылайык, эки адам жабыркаган. Аба чабуулун эскерткен айгайдын кайра-кайра жаңырышы өрт өчүрүү иштерин татаалдаштырган.

Орусиянын Украинага урган соңку соккуларына, анын ичинде "Орешник" баллистикалык ракета комплекси колдонулган чабуулдарга байланыштуу Украинанын бийлигинин талабы менен бүгүн БУУнун Коопсуздук кеңеши чогуларын өлкөнүн тышкы иштер министри Андрей Сибига билдирди.

Орусиянын армиясы 9-январда Украинанын аймагына өзөктүк курал алып жүрүүгө жөндөмдүү жаңы "Орешник" баллистикалык ракетаcы менен сокку урган. Орусиянын Коргоо министрлиги сокку президент Владимир Путиндин Валдайдагы (Долгие Бороды) резиденциясына болгон “чабуулга” жооп катары жасалганын билдирип, “Орешник" колдонулганын ырастаган.

19:03

Финляндия 10-январдан тартып расмий түрдө Оттава келишиминин (жөө аскерлерге каршы миналарды тыюу салган конвенциянын) катышуучусу болбой калды. Бул өлкө жөө аскерлерге каршы миналарды кайрадан өндүрүүгө жана орнотууга укуктуу дегенди билдирет. Оттава келишими катышуучу мамлекеттерге мындай куралды иштеп чыгууга, колдонууга, сактоого жана өткөрүп берүүгө тыюу салат.

Финляндия бийлиги келишимден чыгуу тууралуу чечимди өткөн жылдын 10-июлунда билдирген. Чечим алты айдан кийин күчүнө кирди.

Финляндия Орусия менен чектеш НАТОго мүчө Эстония, Латвия, Литва жана Польшанын жолун улады. Өткөн жылы келишимден чыгарын Украина да билдирген.

Жөө аскерлерге каршы миналарды тыюу салган конвенциядан чыккан өлкөлөрдүн жүйөсүндө 1997-жылы кол коюлган келишимдин нормалары заманбап согуштардын чындыгын эске албайт жана Орусиянын Украинага каршы улантылып жаткан согушунун шартында башка мамлекеттердин коргонуусуна коркунуч жаратат.

Финляндия башка өлкөлөр сыяктуу эле өз чечимин коопсуздук жаатындагы абалдын начарлашы менен түшүндүрдү. Кабыл алынган чечимди бийлик туура тапса, чек арага жакын аймактарда миналык талааларды жабдууга мүмкүнчүлүк берет.

Конвенция 1997-жылы Оттава шаарында кабыл алынган. Ага кол койгон өлкөлөр "жөө аскерлерге каршы миналар алып келген азап-тозокторду жана кайгылуу кесепеттерди токтотууга" макул болушкан. Орусия бул конвенцияга эч качан кошулган эмес. Муну келишимден чыгуу чечимин кабыл алган өлкөлөр өз жүйөлөрүндө өзгөчө белгилеп келет.

19:02

Украинанын президентинин кеңсесинин башчысы, мурдагы аскердик чалгын кызматынын жетекчиси Кирилл Буданов Украинанын куралдуу күчтөрүнүн аймактык комплекттөө борборлорундагы (ТЦК) коррупция жана аскер кызматкерлеринин бөлүктөрдү таштап кетишин өлкөнүн коргонуу жөндөмүнө таасир эткен олуттуу көйгөй деп атады.

Бул тууралуу ал Башкы штабдын жана укук коргоо органдарынын жетекчилиги астында өткөн жыйында билдирди.

Будановдун айтымында, аталган эки көйгөйгө каршы "айкын жана натыйжалуу чечимдер" даярдалууда. Бирок кандай чаралар көрүлөрү азырынча белгисиз.

Украинада 2022-жылдын 24-февралында Орусия кол салгандан бери аскердик абал жана мобилизация режими күчүндө. Аскер курагындагы эркектерге өлкөдөн чыгууга чек коюлган, ал эми мыйзамдуу негизде мөөнөттөн бошотуу болбосо аскердик кызматка чакырылышы мүмкүн.

Мобилизация маселелери менен иш алып барган аймактык комплекттөө борборлоруна (ТЦК) украин коомчулугунун пикири бир кылка эмес. Бир жагынан коррупция фактылары (пара берүү аркылуу аскерге чакыруудан бошотуу), экинчи жагынан аскердик милдетин өтөп жаткандарга күч колдонгон учурлар тууралуу айтылып келет.

Интернетте аймактык комплекттөө борборлорунун иши жөнүндө дагы көптөгөн видеолор тараган. Бул материалдарга орус пропагандасы дагы өзгөчө басым жасайт. Ошол эле учурда Украина бийлиги аскерге баруудан качкандар же аскер бөлүгүн өз алдынча таштап кеткендер маселеси бар экенин моюнга алат.

Орусиянын Украинага каршы согушунун жүрүшүндө бир катар резонанстуу операцияларды координациялаган, мурда чалгын кызматынын (ГУР) башчысы болгон Кирилл Буданов бир нече күн мурда Андрей Ермак коррупциялык жаңжалга байланыштуу кызматтан кеткенден кийин президенттин кеңсесин жетектей баштады.

Украинанын президенти Владимир Зеленский ишемби күнү билдиргендей, Буданов менен санкциялык саясат маселесин да талкуулаган. Президенттин айтымында, сүйлөшүүлөрдө украин делегациясын жетектеген Рустем Умеров 10-январда тынчтык демилгеси боюнча америкалык өнөктөштөр менен кайрадан байланышта болгон.

19:02

Орусиянын Воронеж шаарына 10-январдын кечинде дрондор чабуул койду. Көп кабаттуу бир нече турак жай, дрондордун бири жарылганда беш батир зыян тарткан. Күбөлөр шаардын ар кайсы райондорунда болжол менен 25 жарылуу болгонун билдиришти.

Воронеж облусунун губернатору Александр Гусевдин маалыматында, атып түшүрүлгөн дрон сыныктары тийгенден улам эки адам жараат алган. Көп батирлүү турак үйдүн жана курулуп жаткан бир имараттын айнектери жана сырты талкаланган. Дагы бир үйдөгү батирде өрт чыгып, өчүрүлгөн. Бир автоунаага зыян келтирилген.

"Базанын" маалыматында шаарга жасалган чабуулдан кийин төрт адам ооруканага жаткырылган. Экөөнүн абалы оор, экөөнүкү орточо оор. Воронеж облусунун бардык аймагында 10-январдан тартып дрон чабуулунун коркунучуна байланыштуу режим иштеп жатат.

10-январда Орусиянын Волгоград, Геленжик, Краснодар жана Чебоксары шаарларынын аэропортторунун ишине, учактардын учуп-конуусуна убактылуу чектөө киргизилген. Борбор калаа Москвада да ишембиге караган түнү дрон коркунучунан улам Домодедово жана Жуковский аэропортторунда рейстердин убактысы өзгөртүлгөн. Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, 10-январга караган түнү өлкө аймактарында жана оккупацияланган Крымда 59 дрон жок кылынган.

Ага чейин 9-январда орус армиясы Украинанын борбор калаасы Киевге жана Львов шаарына жапырт дрон соккусун урган. Украин борбор калаасынын мэри Виталий Кличко бул чабуулду "маанилүү инфраструктура үчүн эң оор чабуул" деп атаган. Киевдеги көп кабаттуу үйлөрдүн дээрлик жарымы, болжол менен 6000 имарат жылуулуксуз калган. Кол салуудан төрт адам каза болуп, дагы 24 адам жаракат алган. Львовго өзөктүк курал алып жүрүүгө жөндөмдүү жаңы "Орешник" баллистикалык ракетаcы менен чабуул коюлган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG