Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ президенти Дональд Трамп Киевге Patriot абадан коргонуу системалары үчүн ракеталарды өндүрүү лицензиясын берүү боюнча акыркы чечимди кабыл алганын билдирди.
Зеленский бул тууралуу 25-сентябрда журналисттер менен болгон онлайн жолугушууда айтып, Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясынын алкагындагы жолугушууда Трамп өзү бул чечимди ырастаганын белгиледи.
«Президент Трамп акыркы жолугушууда мага: “Ооба, мен акыркы чечимди кабыл алдым. Украина Patriot ракеталарын өндүрүү лицензиясын алат”, деп айтты», - деди Зеленский.
Бул маселе быйыл июль айында эле көтөрүлгөн. Анда АКШ Украинага Patriot системалары үчүн ракета чыгарууга лицензия берүү процессин баштаганы кабарланган. Бирок кийинчерээк Трамп Вашингтондун негизги максаты курал жеткирүү эмес, согушту токтотуу экенин айтып, лицензия берүү маселеси кайрадан белгисиз болуп калган.
Сентябрдын башында АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио лицензия берүү боюнча сүйлөшүүлөр кайра уланганын ырастаган. Ошол эле учурда ал мындай чечим жактырылса да Украинадагы азыркы ракета тартыштыгын дароо чечпей турганын белгилеген. Рубионун айтымында, мындай татаал куралды өндүрө турган завод куруу жана өндүрүштү жолго коюу бир нече жылга созулушу мүмкүн.
Зеленский буга чейин лицензия алынган күндө дагы Украинада өндүрүштү толук ишке киргизүү үчүн болжол менен бир жарым жыл талап кылынарын айткан.
Украиналык маалымат каражаттары президенттин кеңсесиндеги булактарга таянып Киев Patriot системалары үчүн PAC-2 жана PAC-3 үлгүсүндөгү ракеталарды чыгаруу мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатканын жазышкан. PAC-3 Patriot комплексиндеги эң заманбап ракеталардын бири жана Орусия колдонуп жаткан баллистикалык ракеталарды атып түшүрө алган саналуу куралдардын катарына кирет.
Patriot системалары Украина шаарларын жана энергетикалык инфраструктурасын коргоодо негизги ролду ойнойт. Зеленскийдин айтымында, Орусия ар бир ири чабуул маалында 30дан 40ка чейин баллистикалык ракета колдонот. Мындай жапырт соккулар ай сайын үчтөн бешке чейин кайталанып турат.
Украина жетекчилиги бир нече жолу өлкөдө Patriot ракеталары жетишсиз болуп жатканын билдирген. Август айында Зеленский алдыдагы кыш мезгилинде коргонууну камсыздоо үчүн АКШнын Patriot ракеталарынын запасынын кеминде 5 пайызы керек экенин айткан. Анын баамында, Украинага карай учурулган бардык орусиялык баллистикалык ракеталарды атып түшүрүү үчүн америкалык запастын болжол менен 10 пайызы талап кылынат.
Эгер лицензия берүү боюнча келишим толук күчүнө кирсе, Украина биринчи жолу өз аймагында Patriot ракеталарын өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, абадан коргонуусу кыйла кеңейтет. Бул өзгөчө акыркы айларда күчөгөн орусиялык ракета чабуулдарынын шартында Киев үчүн стратегиялык мааниге ээ чечим катары бааланууда.
25-сентябрга караган түнү Орусия Украинага жалпысынан 295 учкучсуз учуучу аппарат менен абадан сокку урду. Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрү билдирди.
Чабуул Shahed үлгүсүндөгү сокку уруучу дрондор, «Гербера», «Бандероль»/«Дань-Т» жана «Пародия» тибиндеги жалган бута катары колдонулган аппараттар менен коюлганы маалымдалды. Алардын ичинен 52си реактивдүү дрон болгон.
Украин армиясынын маалыматына караганда, саат 07:30га карата абадан коргонуу күчтөрү 267 дронду атып түшүргөн же радиоэлектрондук каражаттары менен баскан.
Ошол эле учурда 16 жерде сокку катталып, дагы төрт жерде дрон сыныктары кулаганы айтылды. Аскерлер чабуул толук аяктай электигин жана өлкөнүн аба мейкиндигинде дагы бир нече орус дрону жүргөнүн билдиришти.
Орусиянын кезектеги соккусунун буталарынын бири Киев болду. Шаар мэри Виталий Кличконун маалыматына караганда, Соломенский районунда дрон 25 кабаттуу турак үйдүн төртүнчү кабатына тийген. Ошондой эле учкучсуз аппараттын кулашынан турак эмес имараттын жанында өрт чыккан.
Кийинчерээк Печерский районунда көп кабаттуу турак жайга жетинчи-онунчу кабаттардын деңгээлинде дрон тийгени кабарланды. Кеминде бир адам жабыркады.
Бул арада Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкө Patriot абадан коргонуу системалары үчүн ракеталардын партиясын алуу боюнча келишимге жетишкенин билдирди.
«Биз бүгүн, ким менен экенин айтпай эле коёюн, Patriot системалары үчүн ракеталардын топтому боюнча макулдаштык. Бул маанилүү чечим, абдан маанилүү чечим. Натыйжа бар», - деген Зеленский АКШдагы украин жамаатынын өкүлдөрү жана лидерлери менен жолугушууда.
Зеленский АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушуудан кийин Украинага кышка карата «абадан коргонуу пакетин» жеткирүү маселеси да талкууланганын маалымдады. Анын айтымында, пакетке Patriot системалары үчүн ракеталар кириши мүмкүн.
Ошондой эле тараптар «дипломатияга жол ачышы мүмкүн болгон чыңалууну азайтуу боюнча кадамдарды» да талкуулашканы айтылды.
24-сентябрга караган түнү Орусиянын ракеталык жана дрон чабуулдарынан Украинанын Киев, Одесса жана Харьков облустарында кеминде сегиз киши каза болуп, жыйырмадан ашуун адам жараат алды.
Киевде 57 жаштагы аял жана 65 жаштагы эркек набыт болду. Дагы сегиз киши, 25 жаштан 77 жашка чейинки тургундар жараат алды. Подольск районунда ракетанын сыныгы төрөт үйүнүн жанына түшүп, өрт чыккан. Имарат өзү жабыркаганына карабастан, төрөт үйүндөгү адамдар аман калган.
Харьков облусунун Чугуев районундагы Старая Гнилица айылындагы айыл чарба фермасына урулган соккудан каза болгондордун саны алтыга жетти. Алардын төртөө аял, экөө эркек экени маалымдалды. Дагы 12 адам жараат алды. Украинанын расмий өкүлдөрүнүн айтымында, чабуул болгон учурда ферманын кызматкерлери жашылча-жемиштерди сорттоп жатышкан.
Одесса шаарында жана облусунда аба соккуларынан 82 жаштагы аял жана 64 жаштагы эркек жабыркады. Жалпысынан эки киши жараат алганы кабарланды.
Украин бийлигинин маалыматына караганда, чабуулдардан Киевде кампалар, автоунаалар, административдик имараттар жана турак үйлөр зыянга учурады. Одессада оорукана, гимназия, турак үйлөр, соода борбору, кампалар жана башка жарандык объектилер соккуга кабылды.
Орусиянын Коргоо министрлиги соккулар Киев жана Одесса аймагындагы учкучсуз аппарат чыгарган ишканаларга, логистикалык борборлорго жана байланыш объектилерине багытталганын билдирген.
Украина тарап негизги бута жарандык инфраструктура болгонун айтууда.
Трамп менен Зеленский Нью-Йоркто жолугуп, согушту токтотуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты
АКШнын президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленский 22-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында жолугушуу өткөрдү. Тараптар Украинадагы согуш, мүмкүн болгон тынчтык келишими жана коопсуздук маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун алдында журналисттердин суроолоруна жооп берген Трамп Украина басып алынган бардык аймактарын кайтарып ала алабы деген суроого түз жооп берген жок.
«Менимче, алар келишимге жетишет. Бирок ал кандай келишим болорун айткым келбейт», – деди АКШ президенти.
Ал ошондой эле украин армиясынын Орусиядагы мунай иштетүүчү ишканаларга жасаган соккулары Москвага олуттуу зыян алып келгенин белгиледи. Бирок мындай чабуулдар күйүүчү майдын баасына да таасир тийгизип жатканын айтты.
Трамптын пикиринде, орус президенти Владимир Путин да, украин президенти Владимир Зеленский да согуштун аякташын каалашат.
Жолугушуудан кийин Зеленский Украина Орусия энергетикалык объектилерге сокку урбай турган болсо, өз ара шартта мындай чабуулдарды токтотууга даяр экенин билдирди.
Украин президенти ошондой эле Киев АКШдан Patriot абадан коргонуу системаларын лицензия менен өндүрүүгө уруксат сураганын айтты.
«Биз бул процессти тездетүүгө жардам берүүнү өтүндүк. Президенттин бул маселеге көзү түз», – деди Зеленский.
Анын айтымында, уруксат алынгандан кийин долбоор башталышы мүмкүн, бирок өндүрүштү жолго коюу үчүн кеминде бир нече жыл талап кылынат.
Зеленский мындан тышкары АКШнын ортомчулугу менен АКШ, Украина жана Орусия лидерлеринин үч тараптуу жолугушуусун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн да атады. Ал Владимир Путин менен каалаган убакта сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди.
«Мен Путин менен каалаган убакта жолугушууга даярмын», – деди Украина президенти.
Зеленский согушту «тарыхый себептер» менен актоо аракеттерин сынга алып, эгер жаңжалды токтотуу ниети болсо аны сүйлөшүү жолу менен чечүү керектигин белгиледи.
Ал арада Трамп БУУдагы сөзүндө зарыл болсо Орусияга каршы жаңы катаал экономикалык чараларды колдонууга даяр экенин билдирди. Анын айтымында, АКШ Конгресси жактырган мыйзам президентке тарифтерди жана санкцияларды күчөтүү боюнча кеңири ыйгарым укуктарды берет.
Трамп бул ыйгарым укуктарды «зарыл болуп калса» колдонорун айтты.