Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:25

Орусияда кыргыз-тажик мигранттары мушташты


Миграциялык көзөмөл борборунун алдындагы мигранттар, Санкт-Петербург. Апрель, 2020-жыл.
Миграциялык көзөмөл борборунун алдындагы мигранттар, Санкт-Петербург. Апрель, 2020-жыл.

Орусиянын Ыраакы Чыгышындагы Благовещенск шаарында эмгек мигранттары мушташты деген видео тарады. Тасмадан ашканада кезек талаштан башталган жаңжал сырттан да уланганын көрүүгө болот. Чырга катышкандар Тажикстандан жана Кыргызстандан барган мигранттар экени аныкталды.

Окуя 9-мартта Ыраакы Чыгыштагы Благовещенск шаарындагы газ өндүрүүчү ири ишкананын ашканасында болгон. Анда окшош кийимчен эркектер мушташып, отургучтарды, идиш-аякты бири-бирин көздөй ыргытып жатканы көрүнөт.

Андан ары мушташ имараттын сыртында уланып, жаатташкандар кыргыз жана тажик мигранттары экени айтылат. Көз карандысыз "Бомдод" сайты "мигранттардын чыры ашканада кыргызстандык официант кыздын тажик мигранттарга орой мамилесинен тутанып кеткенин" жазды. Ошондой эле маалыматта мигранттар буга чейин да жаңжалдаша кетип жүргөнү, бирок шаршембиде ал калайман мушташка айланып кеткени айтылат.

Благовещенскидеги бул заводдо иштеген кыргызстандык Эрмек Атимов мигранттардын дээрлик көпчүлүгү борбор азиялыктар экенин, чырдын себеби ашканадагы кезектен келип чыкканын "Азаттыкка" айтып берди.

"Мушташ ашканада иштеген кыздын айынан эмес, тамакка кезекке тургандан чыкты. Азыр биз иштеп жаткан ишканадагылардын басымдуу бөлүгү кыргыздар, анан өзбектер. Тажиктер да бар. Бул шаршембиде "Велесстрой" деген фирманын мигранттар жашаган жатаканасында болгон окуя. Бирок жараат алып ооруканага түшкөндөр жок".

Эрмек Атимов 30 миңдей жумушчусу бар Беловещенскидеги ишкана бир нече бөлүктөн турарын, майда-барат келишпестиктер маал-маалы менен болорун кошумчалады. Ал калайман мушташты баштагандар тыкыр текшерилип, керек болсо депортацияланып кетиши мүмкүн дейт.

"Негизи мигранттардын ортосунда чыр-чатактар болуп турат. Биздин ишкана негизги "Газпромдун" буйрутмасы менен иштегендиктен эрежелер катуу коюлат. Эгерде ушундай мушташ болсо, анда мушташ чыгарганы да, таяк жегени да жумуштан кетет. Жетекчилик мындай жаңжалга аралашкандарды дароо иштен чыгарат".

Ал эми "Новости Благовещенска" деп аталган Телеграм-каналы бейшембиде борбор азиялык мигранттар аралашкан чырды басууга заводго атайын багыттагы милиция күчтөрү (ОМОН) барганын жазды.

Биз мигранттар эмгектенген "ВелесСтройМонтаж" фирмасы менен байланышууга аракет кылып, бирок майнап чыккан жок.

Ал эми Хабаровск шаарындагы Кыргызстандын консулдук кызматынын өкүлү Алтын Мырзабаев мигранттар аралашкан окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

"Благовещинскде 7-8 ири фирма, анда жалпысынан 10 миң киши иштейт экен. Кайсы фирмада жаңжал болгонун учурда териштирип жатабыз. Азырынча табыла элек".

Тажикстандын "Азиа Плюс" сайты "чырга тажик мигранттары да аралашканын" жазып, "окуяга байланыштуу Тажикстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери жана Амур облусундагы тажик диаспорасынын өкүлдөрү окуя болгон жерге барып, жарандарга көз салып жатканын" кабарлады.

Былтыр июлда Москва шаарынын “Кузьминки” метросунун жанында кыргызстандыктар тажикстандык жарандар менен мушташкан эле. Маалыматтарда мушташка 200дөй адам катышканы, кийин 100дөй адам кармалып, алардын 40 чактысы камалганы кабарланган.

Кыргыз-тажик жарандарынын бул калайман мушташынан кийин Орусияда мигранттарды текшерүү жана депортация кылуу кескин күчөгөнү айтылган. Бул маселе кезинде Жогорку Кеңеште да козголуп, мекендештерге жардам берүү маселеси да көтөрүлгөн эле.

Орусиянын абактарында жана убактылуу кармоочу жайларында камалып жаткан кыргызстандыктардын так саны белгисиз. Орус бийлиги былтыр жазда 115 миңдей кыргызстандык миграциялык эрежелерди бузганын маалымдаган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, административдик эреже бузуу жана миграциялык талаптарды сактабаганы үчүн 74 миңден ашуун кыргыз жаранына Орусияга кирүүгө тыюу салынган.

Ал эми учурда Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, борбор азиялык мигранттардын сап башында өзбекстандык мигранттар турат. Алардын саны үч миллиондон ашык экени айтылып келет. Экинчи орунда Тажикстандан барган мигранттар, алардын саны 1,5 миллион. Ал эми ушул тапта Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны бир миллиондон ашат. Бейрасмий эсепте алардын саны мындан да көп экени айтылып жүрөт.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG