Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Орус рублинин куну, мигранттардын санаасы


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Украинадагы согуштан улам Орусияга киргизилген каржылык санкциялардан орус рублинин куну кескин түшүп, ал жакта иштеген кыргызстандык мекендештерди убайымга салууда.

Эксперттер кырдаал дагы курчуй берсе жумуш орундар кыскарып, ишин жоготкондор дагы көбөйөрүн божомолдоп жатышат. Башка жумуш рыногун издөөнүн убагы келди дегендер да бар.

Валюта базарындагы олку-солку абал

Соңку маалыматтар боюнча Москва биржасында доллардын баасы 116,6 рублге чыкты. Евронун курсу 124,75 рублге көтөрүлдү.

Кырдаалга байланыштуу Орусиянын башкы банкири Эльвира Набиуллина Борбордук банктын кызматкерлерине кайрылуу жасады.

Украинадагы согуштан улам Батыш өлкөлөрүнүн Орусияга киргизген санкцияларынан улам доллар өсүп, орус рублинин куну болуп көрбөгөндөй түштү. Алгачкы күндөрү рубль дээрлик 30% арзандап, доллар 15% өстү.

Валюта базарында абал алгачкы күндөргө салыштырмалуу турукташканы менен дале олку-солку абал сакталууда. Ушул күнү Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда 1 доллар 97 сом, рубль 80 тыйындан 1 сомго чейин бааланууда. Украинада согуш башталган алгачкы күндөрү бир рубль 60 тыйынга чейин түшкөн учурлар катталды. Мындай абал Орусияда иштеп жаткан мекендештерге таасирин тийгизбей койгон жок.

Москвада иштеп жаткан Үмүт рубль арзандап кеткендиктен, бул жолку айлыгын Кыргызстанга жөнөтө алган жок. Ал курстун өсүшүн күтүп турууну чечти.

"Мен азыр эки жерде иштеп жатам. Рубль түшүп, бизди дагы сарсанаа кылды. Айла жок, Кудайдын буюрганы болоор деп иштеп жатабыз. Азырынча рубль боюнча эле сактап турат окшойбуз, өткөн айда 1 сом 53 тыйындан которуп алдым эле. Азыр кыйла арзан экен, кийинки айда карап туруп которот окшойм. Бул жакта курс көтөрүлүп калаар деп эле кыжалат болгондор... Курс бир түшүп, бир көтөрүлүп жатат. Насыясы барлар айла жок которуп жатышат".

Мигранттарды түйшөлткөн кырдаал

Орус рублинин артынан эле сомдун да долларга карата куну арзандады. Орусиядагы көптөгөн мекендештерди дал ушул валюта рыногундагы олку-солку абал түпөйүл кылууда. Москвада бир топ жылдан бери иштеп жүргөн Аида Нышанова мигранттардын саанасын ортого салды:

"Албетте, баары "иштегенибиз тыйын болуп калат экен" деп кыжаалат болуп жатат. 14-16 саат иштеп, насыя же башка нерселерине төлөшөт да. Бул жактан 20-30 миң рубль салсак, Кыргызстанда жарымы дагы чыкпай калып жатпайбы. Насыясы бар же үй алып алгандарга кыйын болуп жатат. Мээнети текке кеткендей эле болуп жатат".

Орусиянын президенти Владимир Путин 1-мартта 10 миң доллардан ашык накталай акчаны өлкөдөн алып чыгууга тыюу салган жарлыкка кол койду. Буга чейин өлкөдөн 10 миң доллардан ашык каражат алып чыгуу үчүн декларация толтуруу жетиштүү болчу.

Путиндин жарлыгына ылайык, "дос эмес өлкөлөрдүн" жарандарына жана алар көзөмөлдөгөн түзүмдөргө баалуу кагаздарды жана кыймылсыз-мүлктү сатууга же сатып алууга да тыюу салынат. Ошондой эле, аларга чет өлкөлүк инвестицияларды көзөмөлдөө боюнча өкмөттүк комиссиянын макулдугу жок рубль түрүндө кредит берилбейт.

Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматына караганда, 2021-жылда чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештер Кыргызстанга 2,7 млрд. доллардан ашуун каражат которгон. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 16% көп. Акча которуулардын 97% Орусияга туура келет.

Кыргызстандын экономикасына таасири

Ош шаарындагы көпчүлүк банктарда рубль сатылбай жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" кайрылган жарандар билдирип, Орусиядан жакындары которгон акчаларды банктар сом менен гана берип жатканын айтышты.

"Азаттыктын" кабарчысы бир катар банктарга кайрылып, адистерден "кассада рубль жок" деген жооп алды.

Соңку окуялардан улам кабыл алынган ар тараптуу чечимдердин бул өлкөдөгү мигранттарга түз жана кыйыр таасири азырынча сезиле элек. Бирок Орусияда эмгектенип жаткан кыргызстандыктардын айрымдары кесепети оор болушу ыктымал деп кооптонушат. Алардын бири ишкер, Москвадагы "Ноокат" коомунун төрагасы Толкунбек Акматов мекендештердин көбү башка эмгек рыногун издеп кетиши мүмкүн экенин белгилейт.

Толкунбек Акматов.
Толкунбек Акматов.

"Мурда доллар 75тин (рубль) тегерегинде болуп жатса, азыр 100дөн өтүп кетти. Бул иштеп тапкан акчанын мааниси жок болуп, эч нерсеге жарабай калат дегендей эле. Мекендештердин баары эле азыр "күтүү позициясында" тургандай, мындан ары кандай болот деп ойлонуп жатышат. Мигранттар башка жактарга кеткенге чоң себеп башталды окшойт деп ойлоп жатам. Орусия мамлекети үчүн биз курал болуп келгенбиз. Эмнеге дегенде миллион мигрантты депортация кылганда Кыргызстандын экономикасына чоң таасир берет эле. Мигранттарды Канада, Европа өлкөлөрүнө, Австралияга, Кореяга жөнөтүш керек. Ал жакта акчаны көп дагы табат, көз карандылык дагы акырындап жоюлат беле", - деди Акматов.

Каржы жаатындагы адис Умбриэл Темиралиев соңку кырдаал мигранттарга, алардын акча которууларына таасирин тийгизерин "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" берүүсүндө билдирди. Ал акча которуудагы кыйынчылыктар, мигранттарга тийгизген таасири, алдыдагы тобокелдиктер туурасында буларга токтолду.

"Орусияда ички чыңалуудан улам 2 млрд. доллар жиберип жаткан мигранттар жумушун жоготуп баштайт, экинчиден, тыюуга байланыштуу доллар эмес, рубль эле жиберип калат. Рублге биз күйүүчү, майлоочу май, газ, курулуш материал алат экенбиз. Алардан келип жаткан көлөм түшүп кетсе, бизге аябай чоң таасир берет. Ошого азыртадан даяр турушубуз керек".

Ал арада өзүн Марат деп тааныштырган кыргызстандык Москвадагы украиналык курьердик компания бир күндө жабылып, 100дөй кыргызстандык ишсиз калганын билдирүүдө. Айрым ишканалар Орусиянын жарандарын гана ишке ала баштаганын айтты.

"Соңку кырдаал биздин жумушубузга азырынча таасирин тийгизе элек. Менин иним украиналык компанияда иштечү. Эч түшүндүрбөстөн бир күндө жабылып калды. Анда иштеген 100 кыргызстандык ишсиз калды. Азыр Х5 деген орустардын компаниясы калды. Ага дагы бир гана Орусиянын паспорту барларды алабыз деп белгилешиптир. Азырынча, тамак-аш кымбаттагандай өзгөрүүнү байкаган жокпуз. Бирок менежерлер акчаңарды картадан чыгарып алгыла деп айтып жатышат".

АКШ менен Евробиримдиктин Орусиянын бир катар банктарын SWIFT эл аралык финансы тутумунан ажыратуу чечими орусиялыктарды кабатырлантып жатат. Орусиянын Украинага кол салуусуна байланыштуу мурдараак АКШ орусиялык ВТБ банкка, СберБанкка, "Газпромбанкка", "Открытие" банкына, Совкомбанкка жана Новикомбанкка санкция салган. Евробиримдик да бир катар банктарга санкция киргизген.

Кыргызстандын Улуттук банкы Орусиянын SWIFT системасынан ажыратылышы мигранттардын Кыргызстанга акча которуусуна эч кандай таасирин тийгизбейт деп билдирүүдө.

Калкынын саны 6,5 миллиондон ашкан Кыргызстандын 1 миллиондон ашуун жараны чет өлкөлөрдө эмгектенет. Анын көпчүлүгү Орусияда иштейт. Коомдук активист, KG-RUS кайрымдуулук коомунун жетекчиси Асел Лабаева да рублдин арзандашы мекендештерди бир сыйра дүрбөлөңгө салганын белгиледи. Ал жумуш орундары кыскарган учурда деле башка иштерди табууга болорун айтат.

Асел Лабаева.
Асел Лабаева.

"Орусия-Украинадагы кырдаал мекендештерге таасирин тийгизген жок. Азырынча мурдагыдай эле тартипте иштеп жатабыз, эч нерсени байкаган жокпуз. Болгону, Кыргызстанга акча которуу жагы кичине маселе жаратып жатат. Мисалы, 10 миң рубль салсак 7 миң сом болуп калат экен. Бул биздин мекендештерге чоң минус. Жумуштан бошотуулар боло элек, мен уккан жокмун. Москвада иштейм деген адамга жумуш көп. Башында рублдин курсу түшүп кетсе кантебиз деп бир сыйра дүрбөлөңгө түшүштү, калганы жакшы эле".

Украинадагы кырдаалдын борбор азиялык мигранттарга таасири

Тажикстандын Кожент шаарынын тургуну, пенсионер Усмонхан Окилова айына бир жолу шаардык "Рохи Абрешим" автобекетинин жанындагы банкка барып, Орусияда иштеген уулу жөнөткөн 20 миң рублду (болжол менен 220 доллар) күтөт.

28-февралда бир тажик сомони 9 рубль турса, эми орус валютасы дээрлик 20 пайызга кунун жоготту.

"Кассир мага "бир нече күн мурда келсең, сомони менен көбүрөөк акча алмаксың, анткени ал кезде курс 7 рубль болчу" деп айтты. Мен мындай болуп кетерин кайдан билиптирмин", - деди Окилова “Азаттыкка”.

Чөлкөмдүн Орусия менен экономикалык тыгыз байланышын жана анда иштеген миллиондогон эмгек мигранттарын эске алганда, Украинадагы согуш жана Батыштын күчөтүлгөн каржылык санкциялары Борбор Азияга терс таасирин тийгизет деген божомолдогондор көп.

Бирок бул божомол алда канча эрте келип, элдин капчыгына катуу таасирин тийгизди. Украинадагы чыңалган абалдын күчөшүнөн улам акыркы апталарда ансыз да туруксуз болгон чөлкөмдүн валюта рыногуна олуттуу сокку урулду.

Ал тургай региондун эң ири экономикасына ээ, энергетикага бай Казакстан да кысымга кабылып, рублдин артынан казак теңгеси да кунун жоготту.

Казакстандын Улуттук банкы 24-февралда Орусия Украинага басып киргенден бир нече сааттан кийин эле теңгеге болгон басымды басаңдатуу үчүн 138 миллион доллар, жаалпысынан өткөн апта 176 миллион долларга интервенция жасады.

28-февралда Нур-Султан дагы 98 миллион доллар интервенция кылды, бирок эксперттер Казакстандын Улуттук банкы жергиликтүү валютаны "узакка ооздуктай албайт" деп эскертишүүдө.

Коңшу Казакстандын премьер-министр Алихан Смаилов 1-мартта өкмөт менен Улуттук банк "инфляцияны көзөмөлдөө жана ички валюта рыногунда туруктуулукту сактоо, калкты иш менен камсыз кылууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө, ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган" биргелешкен иш-чаралардын планын ишке ашыра баштаганын билдирди.

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мүчөсү катары Казакстан түндүктөгү коңшусу Орусия менен тыгыз саясий, экономикалык жана соода карым-катнашы бар. Өткөн жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 21 миллиард долларды түзгөн.

Акча алмаштыруу жайларынын бири. Бишкек шаары. 24-февраль, 2022-жыл.
Акча алмаштыруу жайларынын бири. Бишкек шаары. 24-февраль, 2022-жыл.

Биримдикке мүчө Кыргызстанда да окшош абал. Кыргыз сому рубль менен кошо кулады. Тажикстан жана Өзбекстандын улуттук валюталары рублга карата салыштырмалуу кымбаттады.

Ал эми Түркмөнстандагы кырдаал тууралуу маалымат жокко эсе. Бул өлкөнүн мамлекеттик маалымат каражаттары Украинадагы кандуу жаңжалды али көрсөтүшө элек.

Жакыр кошуналар

Борбор Азиядан эмгек миграциясынын негизги багыты болгон Орусиядан келген акчага көз каранды миллиондогон үй-бүлөлөр үчүн рублдин алсыздыгы кирешенин азайышын түшүндүрөт.

Орус бийлигинин маалыматы боюнча, 2021-жылы Орусияда катталган 7,8 миллиондон ашык Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын жарандары өлкөгө кирүү себебин “миграция” деп көрсөткөн.

Алардын 4,5 миллиондон ашыгы Өзбекстан, 2,4 миллионго жакыны Тажикстан, 900 миңге жакыны Кыргызстандын жарандары болгон.

Расмий маалымат боюнча, 2021-жылы Орусияда 7,8 миллиондон ашык Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын жарандары катталган.
Расмий маалымат боюнча, 2021-жылы Орусияда 7,8 миллиондон ашык Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын жарандары катталган.

Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча былтыр мигранттардын акча которуулары Тажикстандын ички дүң продукциясынын 30%, Кыргызстандын ички дүң продукциясынын дээрлик 28% түзгөн.

Борбор Азиядагы калкы эң көп өлкө болгон Өзбекстанга былтыр январь-ноябрь айларынын аралыгында сырттан 7,6 миллиард доллар кирген. Бул өлкөнүн ички дүң продукциясынын 11,6 % туура келет. Өзбекстанга чет өлкөдөн жөнөтүлгөн акчанын көбү Орусиядан которулган.

Өткөн жылдын аягында Дүйнөлүк банк быйыл чөлкөмгө акча которуулар 3,8 пайызга көбөйөт деп болжолдогон. Бирок Украинадагы соңку кырдаалда мигранттардын бардык кыялдары ишке ашпай калышы мүмкүн.

Орусияда Борбор Азиядан барган миллиондогон жумушчу туруктуу жашап, иштейт. Негизинен мигранттардын толкуну март жана апрель айларында байкалат.

Азырынча Борбор Азияда Орусиядагы кырдаал жана анын мигранттарга тийгизген таасири тууралуу дүрбөлөң жок. Бирок тургундар тынчсыздана баштаганын айтышууда.

24-февралда Тажикстандан Орусияга бир нече чартердик каттамдар, ошондой эле 2-мартка чейин туруктуу каттамдар токтотулганын “Азаттыктын” тажик кызматы билдирди.

"Орусиянын алты же жети шаарына, анын ичинде Краснодар, Ростов-на-Дону, Воронеж жана Украина менен чек арага жакын жайгашкан башка шаарларга каттамдар токтотулду".

Тажикстандын түндүгүндөгү Ашт районунун тургуну Малохат буларды айтып берди:

"Быйыл Орусияда жумуш орундары азаят деп кооптонуп турам, айрыкча жеке үйлөрдү же дачаларды куруп, оңдоп-түзөп иштеген мигранттар үчүн оор", - деди ал.

Мындай майда-барат жумуштар Орусияда жайында бир нече ай иштеп, кышка чейин мекенине кайтууну каалаган тажикстандык жана өзбекстандык мигранттарынын арасында өтө популярдуу.

Малохат да күйөөсү менен Оренбург облусундагы дачалардын биринде бир нече жыл иштешкен. Ал майдан сентябрдын ортосуна чейин негизинен тазалык, багбандык жана дем алышта эс алууга келген тургундарга тамак-аш даярдоо менен алек болушканын айтат.

"Биздин аймакта тажиктер менен өзбектер анча бай эмес, бирок салыштырмалуу [бай] орустарга тиешелүү дачаларда иштешчү", - деди Малохат.

Тажик жубайлар май айында Орусияга барууну пландаштырып, мурунку жумуш берүүчүсү сыяктуу эле орто катмардагы орустар мигранттарга айлык төлөй алат деп үмүттөнүшөт.

Базар. Дүйшөмбү шаары. 2020-жыл.
Базар. Дүйшөмбү шаары. 2020-жыл.

Тажикстандын Кожент шаарынын тургуну Усмонхон Окилова да рублдин девальвациясына кабатыр. Акча которуулар рубль менен жөнөтүлөт, бирок тажик банктары аларды сомони менен беришет. Ай сайын Усмонхондун уулу салган 20 миң рублдин бир бөлүгү, былтыр августта Орусияга билет алуу үчүн алган насыясын жабууга жумшалат. Калган акча күйөөсү, келини жана үч небересинен турган чоң үй-бүлөнүн тамак-ашынан жана башка чыгымдарынан ашпайт.

Тажик аял Орусияда аба-ырайы жылыганда курулушта иштеген уулунун жумушу жана кирешеси көбөйөт деп ишенип турат.

"Рубль дагы түшө турган болсо же бул согуштун айынан уулум жумушсуз калса, эмне кыларыбызды билбейм. Насыяны төлөшүбүз керек",- деди Усмонхон.

"Азаттык" анын Сургуттагы уулу Алишер менен байланышты. Ал Орусиядагы күнүмдүк жашоосунда азырынча эч кандай өзгөрүүлөрдү сезбегенин бирок, "башка мигранттардай" эле кырдаал кандай өнүгөт деп тынчсызданганын жашырбады.

"Мен бир нерсеге гана ишенем, мен Орусияда калам. Рубль мындан да арзандап кетсе, мен дагы көп иштешим керек, анткени мекенимде мындан жакшы варианттар жок. Эгер Орусиядагы экономикалык абал начарласа, Тажикстанда дагы начарлайт", - деди Алишер.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирген. Орус армиясы бир жумадан бери Украинанын бардык аймактарында аткылоону жана бомбалоону улантууда. Буга байланыштуу Батыш өлкөлөрү Орусияга бир катар санкцияларды киргизди. Мындан улам орус валютасынын куну кескин төмөндөп кетти.

Мигранттардын басымдуу бөлүгү Орусияда экенин эске алганда акча которуулардын кыскарышы же жөнөткөн суммасынын азайышы Кыргызстандын өзүнө дагы чоң таасирин тийгизет. Анткени мигрант жөнөткөн акчаны күтүп, ошого жашап жаткан үй-бүлөлөр арбын.

Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк программасы менен Улуттук статистика комитети биргеликте жасаган изилдөөдө пандемия учурунда акча которуулар кескин кыскарып, жакыр үй-бүлөлөрдүн саны өскөн. Кыргыз өкмөтү тобокелчиликтерди алдын алуу боюнча чараларды көрүп жатканын айтууда.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирген. Орус армиясы бир жумадан бери Украинанын бардык аймактарында аткылоону жана бомбалоону улантууда. Буга байланыштуу Батыш өлкөлөрү Орусияга бир катар санкцияларды киргизди. Мындан улам орус валютасынын куну кескин төмөндөп кетти.

Мигранттардын басымдуу бөлүгү Орусияда экенин эске алганда акча которуулардын кыскарышы же жөнөткөн суммасынын азайышы Кыргызстандын өзүнө дагы чоң таасирин тийгизет. Анткени мигрант жөнөткөн акчаны күтүп, ошого жашап жаткан үй-бүлөлөр арбын.

Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк программасы менен Улуттук статистика комитети биргеликте жасаган изилдөөдө пандемия учурунда акча которуулар кескин кыскарып, жакыр үй-бүлөлөрдүн саны өскөн. Кыргыз өкмөтү тобокелчиликтерди алдын алуу боюнча чараларды көрүп жатканын айтууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG