Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:16

Украинадагы журтташтар: Луганскиде дүрбөлөң, Киевде жардыруу


«Азаттыктын» кабарчылары учурда Украинада жашап жаткан кыргызстандыктар менен кабарлашып, кырдаал тууралуу сурады.

Эралы Пайзиев: Луганскиде эл дүрбөлөң түшүүдө

Кыргызстандык Эралы Пайзиев учурда Украинада жашайт. Ал соңку кырдаал боюнча "Азаттыкка" буларды айтты.

Эрали Пайзиев.
Эрали Пайзиев.

- Эралы мырза, сиз учурда Украинанын аймагында экенсиз. Азыркы кайсы шаардасыз жана ал жактагы абал кандай болууда?

- Мен азыр Украинанын Луганск облусунун борборунда Северодонецк шаарында турам. Бул аймак Украинанын көзөмөлүндө. Азыр абал кооптуу. Украина көзөмөлдөбөгөн аймактан орус аскерлери келе жатат деген маалымат тарады. Учурда шаарда эл дүрбөлөңгө түшүп жатат. Эки-үч жолу катуу сокку болду. Артиллериядан атылдыбы же абаданбы, биле албадым. Эл азыр банкоматтан акчасын чыгарып жатат. Азык-түлүк дүкөндөрдө кезекке турушууда. Кыскасы, облустун аймагынан чыгып кетүү керек болуп жатат да. Себеби, облус жетекчилиги "Луганскиден чыгып кеткиле" деп көрсөтмө берди.

- Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Украинадагы элчилик менен байланышууга чакырып жатат. Сиздер кыргыз элчилиги менен кабарлашып жатасыздарбы?

- Кыргызстандын элчилиги менен байланышканыбыз жок. Бирок, элчилик менен тыгыз байланышта болуп турган кесиптеш, жердештерибиз бар. Бизге биринчи кезекте эмне кылуу керек, кимге, кайсыл телефонго байланышуу зарыл деген көрсөтмөлөр берилди. Муктаждык жаралса, дароо байланышабыз.

- Луганскиде сизден башка канча кыргызстандык бар? Алардын абалы кандай?

- Жалпы канча кыргызстандык бар экенин так айта албайм. Бирок мен турган жерде төрт-беш кыргызстандык бар.

- Абал оор экенин айтып жатасыз. Жардыруу, аткылоо болуп жатканы кабарланууда. Коргонуучу жайлар бар бекен, кантип коргонуп жатасыздар?

- Коргонуучу жерлердин жанында турабыз, аткылоо курчуп кетсе, ошол жакка кирип сактанабыз.

Биздин шаарда мурда деле көп аскерлерди байкачу эмесмин. Алар шарттуу чек ара делген аймактарга жакын турушчу да. Азыр ачык салгылашуу жүрүп жатканын байкаган да жокпуз . Бирок кээ бир стратегиялык шаарларды алып койду деген маалыматтар таркап жатат. Луганск облусунун эле чек арасына жакын аймакта ГЭС, ЖЭБ сыяктуу олуттуу стратегиялык объектилер жайгашкан шаарларды украиндер алдырып койду деп жатышат.

Динара Рыспаева: Киевден эч кайда кетпейбиз

"Азаттык" Киевде 30 жылдан бери иштеген дарыгер Динара Рыспаева менен байланышып, учурдагы кырдаал тууралуу сурады.

Динара Рысбаева.
Динара Рысбаева.

- Динара айым, учурдагы абал тууралуу айтып берсеңиз? Эмне болуп атат?

- Азыр мен даярданып жатам, дарыканага чуркап барып керектүү дарыларды алайын дегем.

- Киевде абал кандай, элдин маанайы?

- Мен көчөгө чыга элекмин, кызым чыгып келди. Эл машине менен шаардан чыгып кетип жатканын байкаптыр, шаардын сыртындагы үйлөрүнө кетип жатат окшойт. Жалпысынан баары эле чочулап жатат.

- Шаарда жарылуулар угулуп жатабы?

- Жок, уккан жокмун, эртең менен жергиликтүү каналдагы жаңылыктардан айтышты. Бизден алыс эмес Васильковский деген жерде жарылуу болуптур. Турак үй, балкондору жабыркады деп уктум, бул бизден алыс эмес эле жерде. Ал жакка 15 мүнөттө эле жетсе болот.

- Сиз бир жакка кетейин деп ойлонгон жоксузбу?

- Жок, эч жакка барбайбыз.

- Сиздин тааныштарыңыз, досторуңузчу?

- Шаар сыртында үйү барлар кетип жатат. Кээ бири кадимкидей эле жашоосун улантып жумушка барууда. Бирок жалпысынан зарылдык болбосо, сыртка чыкпай өзгөчө кырдаал абалында турабыз. Медицина кызматкерлери жана башка өзгөчө абалдагы жумушчулар ар дайым даярдыкта болуп турушу керек. Менин ишим башка тармакта болгондуктан, бүгүн жумушта эмесмин. Бейтаптарга "бүгүн мага келбегиле" деп айтып койдум.

- Коркуп жатасызбы?

- Ооба, биринчи укканда киши коркот экен. Бирок баары эле дүрбөп, качып жүрөт деп айта албайм. Тескерисинче, эл кайра ачууланып, аягына чейин күрөшөбүз деген маанайда тургансыйт. Валюта базары абалга дароо эле реакция жасады. Чет элдик валютанын курсу дароо көтөрүлүп кетти. Жалпысынан жолдор жабылган, эл каякка кетмек эле.

- Абал мындан да курчуп кетсе эмне кыласыз?

- Айттым го, бул менин мекеним, ушул жерде калам, өз жеримди коргойм. Кызым аймактык коргоо бөлүмүндө, кайда барам?

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Элиза Кененбаева

    "Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу (2011-2013). Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG