Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:31

Донбасс: Түркия жикчилдерди тааныбайт, КМШ үн ката элек


 Украинанын эгемендигин коргоп чыккандар, Берлин, 19-февраль, 2022-жыл.
Украинанын эгемендигин коргоп чыккандар, Берлин, 19-февраль, 2022-жыл.

Батыштын бир катар мамлекеттери баш болгон өлкөлөр, ошентип, Орусиянын президенти Владимир Путиндин Украинанын чыгышындагы эки жикчил аймактын көз каранды эместигин тааныган чечимин айыптап чыгышты. Алардын арасында Түркия да бар. Ал эми Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан дагы азырынча позициясын билдире элек. АКШ жана анын өнөктөштөрү Москвага санкция салууга камынууда. Ал эми Орусиянын Мамлекеттик Думасы жана Федерация кеңеши Путиндин чечимин ратификациялады.

Зеленский: Эч кимге эч нерсе бербейбиз

21-февралдын кечинде Ак үй Вашингтон өзүнүн союздаштары менен кеңешип, шаршембиде Москвага салынчу жаңы санкциялар тууралуу жарыяларын билдирди. Украинанын президенти Владимир Зеленский Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүп, дүйнө лидерлери менен сүйлөшүп атканын айтты:

"Биз эч кимге карыз эмеспиз. Эч кимге эч нерсе бербейбиз. Буга ишенебиз. Анткени бүгүн 2014-жылдын февралы эмес. Азыр 2022-жыл. Азыр өзгөчө армиясы бар башка мамлекет. Бир гана максаты - Украинадагы тынчтык", - деди ал.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 21-февралда Путиндин чечими "ыкчам жана катуу жоопту талап кыларын жана тийиштүү кадамдарды өнөктөштөр менен бирге координациялап кабыл алышарын" жазды.

АКШ администрациясы билдиргендей, эгер Орусия Украинага кол салса катаал жана масштабдуу санкциялар салынмак, азырынча анчалык болбосо да катуу чаралар кабыл алынышы мүмкүн. Ак үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки билдиргендей, жаңы чараларга ылайык, Американын жарандарына өзүлөрүн Донецк Элдик Республикасы (ДНР) жана Луганск Элдик Республикасы (ЛНР) жана деп атап алган жикчил аймактарга инвестиция салууга жана кандайдыр бир каржылык операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынат.

Батыш мамлекеттери, Түркия Путиндин чечимин айыптады

Путиндин эки жикчил аймакты тааныган чечимин НАТО, Улуттар Уюму, Евробиримдик, Британия, Австралия, Жапония жана башка мамлекеттер дароо айыпташты. Германиянын канцлери Олаф Шольц "бул кадам жоопсуз калбайт" десе, британ өкмөт башчысы Борис Жонсон Кремлдин агрессиялык коркунучу тууралуу эскертти.

Орусиянын союздашы деп саналган Бээжин башында үн катпай турду. Андан соң гана Кытайдын Улуттар Уюмундагы элчиси Чжан Цзюн Коопсуздук кеңешинин жыйынында "Украинадагы кырдаал бир катар оор факторлордун жыйынтыгы экенин" белгиледи.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Путиндин чечими "жаңжалды жайгаруу аракеттерин жокко чыгарганын" билдирди.

"Москва Украинанын чыгышында жаңжалды тутантып, жикчилдерге каржылык жана аскердик көмөк көрсөтүүнү улантып жатат. Ал ошондой эле Украинага бастырып кирүү үчүн шылтоо издөөдө", - деди Столтенберг.

Жапония АКШга жана башка өнөктөштөрүнө кошуларын билдирди. Өкмөт башчысы Фумио Кисида Москванын кадамын айыптады. Ал эми Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш Орусиянын бул чечими уюмдун принциптерине дал келбестигин ишара кылды.

Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеубери жикчил аймактарды таануу маселелеси күн тартибинде жоктугун билдирди. Ал эми Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Путиндин чечими эч бир келишкис экенин жана Украинанын аймактык бүтүндүгүнө шек келтирерин белгиледи.

Евробиримдиктин лидерлери Урсула фон дер Ляйен менен Шарль Мишель Путиндин буйругун "эл аралык укукту болуп көрбөгөндөй бузуу" деп аташты.

Мунайга баа көтөрүлдү

Путин жикчил аймактарга аскерлерин жиберүү буйругуна кол койгондон кийин дүйнөдө мунайдын баасы кескин көтөрүлдү.

Орусиянын президенти Владимир Путин 21-февралдын кечинде Украинанын Луганск жана Донецк облустарынын көз карандысыздыгын таанып, ал жакка орус аскерлерин киргизүүгө буйрук берди. Мамлекеттик Дума менен Федерация кеңеши буйрукту ратификациялады.

Украинанын чек арасына жакын жерде 150 миңдей орус аскери топтолгондуктан АКШ соңку бир нече аптадан бери Орусия Украинага кайсы маалда болбосун кол салышы мүмкүн экенин эскертип жаткан. Москва андай ниети жок экенин айтып келген.

Киев БУУнун Коопсуздук кеңешине кайрылды

Буга чейин Украина Орусиянын кол салуу коркунучу боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын чакырууну сунуштаган.

Украин президенти Владимир Зеленский шашылыш видео кайрылуу жасап, өлкө чыгышындагы Донецк менен Луганск облустарын Орусиянын өз алдынча аймак катары таануусун кескин айыптады. Владимир Путин украин мамлекетинин түзүлүшүн большевиктердин жол башчысы болгон Лениндин “белеги” деп атап, СССРдин улут саясатын сынга алды.

Киевдин чукул сунушу

Киев орус-украин чек арасында түзүлгөн соңку чыңалган кырдаалды талкуулоо үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын чакыруу сунушун киргизгенин украин тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба 22-февралда билдирди. Ал президент Владимир Зеленскийдин тапшырмасы менен бул маселе боюнча тиешелүү мамлекеттерге расмий түрдө кайрылуу жиберилгенин маалымдады.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 22-февралга караган түнү чукул видео кайрылуу жасап, өлкөнүн чыгышындагы Донецк менен Луганск облустарын Орусиянын өз алдынча мамлекет катары таанып, аскер киргизүү чечимин айыптады.

Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Орусиянын президенти Владимир Путин. Коллаж.
Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Орусиянын президенти Владимир Путин. Коллаж.

"Украина сөзсүз түрдө Орусиянын соңку аракеттерин биздин өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин бузуу катары карайт. Жогоруда айтылган чечимдин бардык кесепеттери үчүн түз жоопкерчилик эми Орусиянын саясий жетекчилигинде болот. Луганск жана Донецк облустарындагы оккупацияланган аймактардын көз карандысыздыгын таануу Орусиянын Минск келишиминен бир тараптуу чыгып кетишин туюнтушу мүмкүн".

Өзөктүк курал үчүн берилген кепилдик

Киев БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө кайрылуусунда Украина 1994-жылы өзөктүк куралдан баш тартканы үчүн анын коопсуздугуна кепилдик берген шарттарды кароону суранган. Орусия, АКШ жана Британия менен кабыл алынган 1994-жылдагы Будапешт келишиминде, эгер Украина СССРден мураска калган өзөктүк куралдарын жок кылса, анын "аймактык бүтүндүгүнө жана саясий көз карандысыздыгына" коркунуч келбей турганы көрсөтүлгөн.

Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарынын орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн аймагы.
Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарынын орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн аймагы.

БУУнун Баш катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик Москванын соңку аракеттерин БУУнун уставын одоно бузуу катары баалады:

"Баш катчы Орусиянын бул чечими Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана суверенитетин бузуу жана аны БУУнун жобосунун принциптерине каршы келет деп эсептейт. Бириккен Улуттар Уюму Башкы Ассамблеянын тиешелүү резолюцияларына ылайык, Украинанын эгемендигин жана эл аралык деңгээлде таанылган чек аралары менен кошо аймактык бүтүндүгүн мурдагыдай эле толугу менен колдойт".

Лениндин улут саясатын сындаган Путин

Мунун алдында президент Владимир Путиндин төрагалыгы астында Коопсуздук кеңеши өтүп, анда Орусия Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” менен “Луганск Элдик Республикасынын” өз алдынчалыгын тааныды. Орусиянын Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү президент Путинден аталган аймактардын көз карандысыздыгын токтоосуз түрдө таанууну бир ооздон суранышты.

Владимир Путин Украинанын мамлекеттүүлүгүн Лениндин “белеги” катары карап, СССРдин улут саясатын сындады:

Владимир Путин Орусиянын Коопсуздук кеңешинин жыйынына төрагалык кылууда. 21-февраль, 2022-жыл.
Владимир Путин Орусиянын Коопсуздук кеңешинин жыйынына төрагалык кылууда. 21-февраль, 2022-жыл.

"Большевиктик саясаттын натыйжасында советтик Украина пайда болду. Аны азыр дагы Владимир Ильич Ленин атындагы Украина деп атаганга толук негиз бар. Ал анын автору жана архитектору. Бул толук архивдик документтер, анын ичинде Лениндин Донбассты Украинага киргизген директивалары менен толук ырасталып турат", - деди Путин.

Кошунасына коркунуч жараткан жагдай

Бул көрүнүш Донбасста кырдаал курчуган учурга туура келди. Орусия Украинанын чек арасын бойлоп, анын айланасында 150 миңдей аскерин топтоштурган.

2014-жылы Орусия Украинага караштуу Крым жарым аралын аннексиялап алган. Ошол эле жылы Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарындагы Москвага таянган жикчилдер “Референдум” делген добуш берүү өткөрүп, “Луганск элдик республикасы” дегендер өз алдынча “көз карандысыздык” жарыялашса, «Донецк элдик республикасын” түздүк дегендер Орусияга кошулуу өтүнүчү менен Москвага кайрылган. Батыш бул референдумдарды тааныган эмес. Ал эми Киев бул өнөктүктү Москва уюштурган “фарс” деп атаган. 2014-жылдан бери өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилдердин ортосундагы куралдуу кагылышуулардан 14 миңдей адамдын өмүрү кыйылды

Донецк көмүр бассейни же Донбасс деп аталган Украинанын өндүрүшкө бай аймагында 3 жарым миллиондой калк жашайт. 2014-жылдан бери 740 миңдей тургун орус паспортун алганы белгилүү.

Катардагы украиналыктар кубаттуу кошунасы алардын жерин тартып алууну көздөп, көз артып жатат деп баалашууда.

“Орусия эмнеге таанып жатат? Элестетиңиз, сиздин үйгө кирип келип “мына бул бөлмө эми биздики” болот десе, кандай ойдо каласыз? Бул боюнча үйдүн ээсинин пикирин да сурап койбосо. Бирок ошону менен эле батир аныкы болуп калбайт да. Кандай кааласа, ошондой таанысын. Бул согушка чагым салуу. Мындайда акыл-эстүү кишилер өз өлкөсү үчүн күрөшөт”, - дейт Киевдин тургуну Елена Матвиенко.

Ошол эле кезде Москва Украинага карата агрессияны жана жикчилдерди колдогонун төгүндөп келет. Эки аймакты тең бир да өлкө мамлекет катары тааныган эмес, алар экөө биригип Донбасс деп да аталат.

БУУнун Коопсуздук кеңешинде жалпы 15 мамлекет бар. Алардын ичинде беш өлкө - Орусия, АКШ, Британия, Франция жана Кытай туруктуу мүчө. Калган мүчөлөр жыл сайын ар бир беш мамлекеттин добуш берүүсү менен тандалып алынып турат.

Украинанын Коопсуздук кеңешин чакыруу сунушу жакын арада каралары кабарланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG