Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

Бир нече өлкө жарандарын Украинадан чыгып кетүүгө чакырды


Брюсселдеги Европарламенттин имаратынын алдында украин-орус чек арасында курчуп бараткан чыңалуу боюнча Украинанын эгемендигин колдоо митингине чогулгандар.
Брюсселдеги Европарламенттин имаратынын алдында украин-орус чек арасында курчуп бараткан чыңалуу боюнча Украинанын эгемендигин колдоо митингине чогулгандар.

Бир катар өлкөлөр Орусиянын кол салуу коркунучунан улам жарандарын Украинадан чыгып кетүүгө чакырды.

АКШ, Улуу Британия, Германия, Нидерланд жарандарына Украинадан чыгып кетүүнү сунуштады. Ал эми Австралия 13-февралда Киевдеги элчилиги убактылуу жабылганын жарыялады.

Азыр бир катар өлкөлөр жарандарын эвакуациялоонун жолун караштырып же өз жолу менен украин жергесинен чыгып кетүүгө үндөшүүдө. Жапония жума күнү букараларына кайрылса, Нидерланддын Киевдеги элчиси жекшембиде билдирүү жасады. АКШ, Улуу Британия, Эстония жана Германия жарандарын "мүмкүн болсо, тезирээк” Украинадан чыгып кетүүгө чакырды.

Украина. Киевдеги Печерск районунда 90 метр бийиктикте орнотулган украин желеги
Украина. Киевдеги Печерск районунда 90 метр бийиктикте орнотулган украин желеги

Ал эми Италиянын тышкы иштер министри Луижи Ди Майо дем алыш күнү чукул жыйында Киевдеги элчиликтин ишин жарым-жартылай чектөө жана жарандарын артка кайтаруу тууралуу чечим кабыл алганын айтты:

Луижи Ди Майо
Луижи Ди Майо

“Азыр эле Тышкы иштер министрлигинин кризистик бөлүмү менен Украинадагы кырдаалга байланыштуу жолугушууну аяктадым. Биз алдын алуу чарасы катары Украинадагы бардык жарандарыбызды Италияга кайтып келүүгө чакыруу чечимин кабыл алдык. Ошондой эле аларга Украинага барбай турууну же саякаттарын кийинкиге жылдырууну сунуштадык. Анан да Киевдеги элчиликте анча зарыл эмес жумуштарда иштеген кызматкерлерди кайра артка жөнөттүк. Албетте, ошол эле кезде биздин элчилик толук иштеп жатат”.

Австралия 13-февралда Киевдеги элчилиги ишин убактылуу токтотконун жарыялады. Канада болсо өз дипломаттарын Польшага жакын жайгашкан Львов шаарына көчүрүп жатканы кабарланды. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ)Чыгыш Украинада орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн аймакта иштеген кызматкерлерин чукулунан чыгара баштаганы белгилүү болду.

Бул жагдай тууралуу ЕККУнун Венадагы баш кеңсеси маалымат каражаттарына комментарий берген эмес.

Орусиянын танктары Краснодар аймагында.
Орусиянын танктары Краснодар аймагында.

Кариб кризисинин тажрыйбасы

АКШ, Франция жана Германиянын лидерлери Орусиянын президенти Владимир Путинди артка кайтарууга көндүрүүгө аракет жасашууда. Президент Байден 12-февралда Путин менен телефондон сүйлөшкөндө согуш адамзатка азап-кайгы алып келерин эскертти. Анда Кариб кризисинин учурунда СССР менен АКШнын ортосундагы согушту токтотуп калган тажрыйба тууралуу сөз болду.

“Анткен менен сүйлөшүүнүн табияты бир топ салмактуу жана иштиктүү болду. АКШ президенти Жо Байден кансыз согуш маалында кыйроону жана олуттуу согушту болтурбоо үчүн жасалган эки өлкө ортосундагы мурункулардын тажрыйбасын эске салды. Ал биздин эки улуу держава бүгүнкү күнгө чейин атаандаш бойдон калганын, бирок дүйнөдө тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо үчүн колдон келгендин баарын жасоо керек экенин айтты”, - деди Орусиянын президентинин кеңешчиси Юрий Ушаков.

Ошондой эле Байден Орусия Украинага кол салса, АКШ менен анын өнөктөштөрү Москвага оңбогондой оор чыгым тарттыра тургандай жооп кайтарарын дагы бир жолу эскертти.

АКШнын PBS коомдук телеканалы жума күнү Ак үйдөгү атын атабаган эки булакка шилтеме жасап, Орусия “кийинки жумада” Украинага кол салары күтүлүп жатканын билдирди. Бээжинде Олимп оюндары жыйынтыкталып жаткан учурда кол салуу башталышы мүмкүн экени айтылды. Ал эми Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 12-январь күнү кечке жуук муну “чыңалууну жасалма күчөтүү аракети” деп атады.

Орусия Украинага жакын чек арага 100 миңден ашуун аскерин топтогон. "Биргелешкен машыгуу" деген шылтоо менен Беларуска дагы аскер күчтөрүн киргизген.

Чыңалууну жөнгө салуу үчүн Франция менен Германиянын лидерлери Москвада сапар менен болушту. Бирок дипломаттар абал өзгөрүлбөгөн бойдон калганын айтышууда. Орусия кошунасына кол салуу планы бар экенин такай четке кагып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG