Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:27

"Украинадагы кырдаал чукул өзгөрүшү мүмкүн"


Жо Байден.
Жо Байден.

АКШнын президенти Жо Байден Украинадагы кырдаал тез өзгөрүшү мүмкүн экенин эскертип, ал жактагы америкалыктарды шашылыш чыгып кетүүгө чакырды. Мамлекеттик катчы Энтони Блинкен Орусия Украинага жакын аймакка аскерлерди тартууну улантып жатканын билдирди. Дүйнө лидерлери кырдаалды дипломатиялык жол менен чечүүнүн аракетин көрүп жатат.

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден Украинадагы америкалыктарды тезинен өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды. Ал бул тууралуу 10-февралда NBC News каналына курган маегинде билдирди. Байден кырдаал "чукулунан өзгөрүп кетиши мүмкүн экенин" кошумчалады.

Ушул эле күнү АКШнын Мамлекеттик департаменти дагы Американын жарандарын Украинадан мүмкүн болушунча тез чыгып кетүүгө чакырган билдирүүнү сайтына жайгаштырды.

Ал эми Австралияда жүргөн мамлекеттик катчы Энтони Блинкен Украина жактагы орусиялык аскерлердин саны көбөйүп жатканын билдирип, Москва керек болсо Бээжинде Олимпиада өтүп жаткан маалда кол салышы мүмкүн экенин эскертти.

"Биз Орусия тараптан эскалациянын тынчсыздантыруучу белгилерин байкап жатабыз, анын ичинде украин чек арасына жакын аймакка жаңы күчтөрдүн келиши. Биз мурда эле айткандай, кайсы гана убакытта болбосун кол салынышы мүмкүн".

Блинкен Вашингтон Киевдеги элчилигинин кызматкерлеринин санын кыскартып жатканын кошумчалады.

NBC News телеканалы америкалык чалгын кызматтарына таянып, Орусия Украинага кол салса, тогуз жактан бастырып кириши мүмкүн экенин кабарлады.

Макалада жазылгандай, орус танктары Киевге 48 саатта жетиши ыктымал. Ошондой эле NBC News телеканалы чалгын кызматтарына шилтеме берип, Орусиянын президенти Владимир Путин чөлкөмгө атайын кызматтын алты бөлүмүнүн өздүк курамын жана техникасын жөнөткөнүн маалымдады.

Алардын ар бири 250-300 өзгөчө даярдыктагы аскерден турат. Андан тышкары макалада "Орусия бастырып кирсе, америкалык чалгын кызматынын эсебинде элүүдөй жайкын тургун курман болушу мүмкүн экени" белгиленет.

Ал арада дүйнө лидерлери кризисти дипломатиялык жол менен чечүү аракеттерин улантып жатышат.

Британиянын коргоо министри Бен Уоллес 11-февралда Мовсквага барат. Буга чейин тышкы иштер министри Лиз Трасс да барып келген. Ал Орусия Украинага кол салса, кесепети абдан оор болорун эскерткен. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Батыш мамлекеттери коркутуп-үркүтүүлөр менен чыңалууну курчутуп жатканын айтты.

Ал эми НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг 11-февралда Румыниядагы аскердик базага барары күтүлүүдө. Аскердик альянс Польша жана Румынияга кошумча үч миң аскерин жөнөтөрү маалым болду.

Буга чейин Вашингтон НАТО боюнча өнөктөштөрүнө колдоо көрсөтүү максатында үч миңдей аскерин Европанын чыгышына жайгаштырарын билдирген. Америкалык аскерлердин алгачкылары Польшанын түштүк-чыгышындагы базага 5-февралда келишкен, калгандары Румынияга 10-февралда түштү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG