Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:26

SWIFT системасынан чыгаруу: Орусияны эмне күтөт?


АКШ, Евробиримдик жана алардын өнөктөштөрү Орусиянын Украинага согуш ачканы үчүн санкцияларды катаалдатып, айрым орус банктарын SWIFT аттуу банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган глобалдык системадан өчүрмөй болду.

SWIFT деген эмне?

SWIFT же Дүйнөдөгү банктар аралык каржы байланыш коому - бул эл аралык акча которууну тез жүргүзүлүшүн камсыздаган коопсуз кат алмашуу системасы. Ал ошондой эле эл аралык соода жүгүртүүнүн үзгүлтүккө учурабашын камсыздайт.

Бул системага кирген банктар бири-бирине которулган акчалар тууралуу SWIFT аркылуу кат алмашып турат.

Бул каттар жакшы корголгондуктан, акча которууда эч кандай суроо жаралбайт.

2020-жылга карата маалыматка ылайык, SWIFT платформасы аркылуу күнүнө 38 миллион кат алмашылчу. Жыл сайын бул система триллион долларларды которууга өбөлгө түзөт.

SWIFT кимге тийиштүү?

1970-жылдары негизделген SWIFT - бул системаны пайдаланган миңдеген мүчө мекемелердин кооперативи десек болот. Ал Белгияда жайгашкан жана 2020-жылы 36 миллион евро пайда тапкан. Айрым мамлекеттерде банктар аралык коммуникацияны камсыздаган өздөрүнүн системалары бар. Бирок алар аркылуу чет элдик валюта которуу мүмкүн эмес.

SWIFT системасынан өчүрүү эмнени түшүндүрөт?

Орус банктарын SWIFT системасынан бөлүп салуу деген Орусиянын дүйнөдөгү каржы рынокторго кире албай калышын билдирет.

Орусиялык банктар акча которуулар тууралуу маалыматты эми телефон, электрондук почта же кадимки кат алмашуу тиркемелери аркылуу жүргүзө алат. Банктар санкция киргизилбеген мамлекеттер аркылуу акча которо алат. Бирок бул жол кооптуу жана натыйжалуу болбогондуктан транзакциялар кыскарышы, ал эми чыгымдар көбөйүшү толук мүмкүн.

Буга чейин аталган системадан Иран жана Түндүк Кореянын айрым каржы институттары өчүрүлгөн.

Украина: Согуштун экинчи күнү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:24 0:00

Орусияны SWIFT системасынан өчүрүү башка мамлекеттерге кандай таасирин тийгизет?

Экспортерлорго Орусияга товар сатуу кымбатка түшүп калышы мүмкүн. Орусия өндүрүш товарларын ири көлөмдө сатып алуучу мамлекеттерге кирет. Ошондой эле орус товарларын сатып алуу дагы оорлошу мүмкүн. Мындан улам чет элдик компанияларга башка альтернативаларды издөөгө туура келет. Анткен менен орус мунайы менен газга келгенде, батыш мамлекеттерине бир аз кыйын болуп калышы мүмкүн.

Еврокомиссиянын маалыматына ылайык, Орусия Евробиримдикти мунай, газ жана көмүр менен камсыздаган негизги мамлекет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG