Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:27

Украин жаңжалы: Бээжиндин амалкөй дипломатиясы


Владимир Путин, Владимир Зеленский жана Си Цзиньпин. Коллаж.
Владимир Путин, Владимир Зеленский жана Си Цзиньпин. Коллаж.

Москванын жакын саясий санаалашы саналган Бээжин анын Украинага кол салышын ачык колдогон жок.

Бээжин тараптарды сабырдуулукка чакырган калыс билдирүү менен чектелүүдө. Кытай дипломатиясын изилдеген эксперттер тышкы саясатта салмактуу жана өз кызыкчылыгын жогору койгон тарыхый салттуулугун мүнөздөштү.

Украинага кол салуунун саясий кесепеттерин актоо үчүн Кремл азыр кайсы өнөктөшүнө ишенет?

Кремлдин таянычы кимдер? Бээжиндин бейтараптыгы

Бул жерде сөз, албетте, Венесуэланын, Беларустун же Сириянын саясий колдоосу жөнүндө жүргөн жок. Алардын туруму айдан ачык. Дүйнөнү азыр Кытайдын позициясы кызыктырып турган чак.

Бирок орус-украин чатагы боюнча Бээжин бейтарап билдирүүлөр менен гана чектелип келет.

“Кытай окуянын жүрүшүнө кылдат байкоо салууда. Биз бардык тараптарды сабырдуулукка үндөп, кырдаалдын көзөмөлдөн чыгып кетишине жол бербөөгө чакырабыз”, - деди 24-февралда Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Хуа Чунинг.

Ошол эле учурда Кытай буга чейин 2014-жылы аннексияланган Крымды Орусиянын аймагынын бир бөлүгү деп эсептеген эмес. 2008-жылы Орусиянын аскердик кийлигишүүсү менен Грузиядан ажыратылган Абхазия жана Түштүк Осетияны эгемен мамлекеттер катары тааныбайт.

Хуа Чунинг 23-февралда санкциялык чараларды сындап, Бээжин тирешти жана согушту эмес, дипломатияны жактай турганын айткан.

“Биздин позициябыз - санкциялар эч качан көйгөйдү чечүү үчүн натыйжалуу каражат болуп саналбайт. Биз бир жактуу санкцияларга ырааттуу түрдө каршыбыз. Тиешелүү тараптар бул боюнча олуттуу ойлонуп, маселени диалог аркылуу кеңешип, чечүүгө умтулат деген үмүттөбүз. Мен дагы белгилей кетким келет. АКШ жана кээ бир өлкөлөрдүн санкциялары тиешелүү өлкөлөрдүн экономикасына жана жашоо-тиричилигине олуттуу кыйынчылыктарды алып келет. АКШ Украинанын айланасындагы Орусия менен мамилени жөнгө салууда Кытайдын жана башка тараптардын мыйзамдуу кызыкчылыктарына зыян келтирбеши керек”.

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И 24-февралда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө “ар бир өлкөнүн коопсуздугу сакталып, БУУнун уставынын принциптери урматталууга тийиш” деп белгилеген.

Москва Бээжинден кандай колдоо күтөт?

Расмий Бээжин Орусия Украинага басып кирген сааттардан тарта Москванын аракеттерин актаган же айыптаган саясий билдирүү тараткан жок.

Орусиянын илимдер академиясынын Ыраакы Чыгыш институтунун директору, кытай таануучу Алексей Маслов Москва соңку аскердик аракеттерин актоо үчүн жетиштүү саясий колдоону Бээжинден ала албаганын айтты:

“Таң калычтуусу, Москва Бээжинден ал ишарат кылып да койбогон нерсени күткөн. Эмнегедир көптөгөн орусиялык комментаторлор ишенимдүү түрдө Бээжин Москваны 100% колдойт дешкен. Бул жазуу жүзүндө же БУУ аркылуу же Путин менен Си Цзинпин кандайдыр бир биргелешкен билдирүү жасайт деген ойдо болушту. Бирок, Кытай эч кимди алдаган жок. Ал бир жактуу колдоосун кыйытып да койбоду. Кытай адаттагыдай эле, стандарттуу мамилесин билдирди. Ооба, Чжан Цзюнь бардык тараптарды сабырдуулукка чакырды, Ван И тынчсыздануусун айтты. Бирок Кытай Орусия жана Украина жаңжалы боюнча ачык позициясын билдирген жок”.

"Кытай өз кызыкчылыгына "түкүрбөйт"

Бээжиндин орус-украин куралдуу кагылышуусуна карата жалпылама жана бейтарап билдирүү жасап жатышынын себеби эмнеде? Мындай кырдаалда Кытайдын жалгыз Орусия менен калганы оңбу же Батыш баштаган дүйнөлүк коомчулук менен туруктуу мамилени сактап калганы маанилүүбү?

Алексей Маслов Бээжин үчүн жикчилдикке каршы турган өзүнүн түпкү кызыкчылыгы маанилүү деген ойдо.

“Дагы бир жагдай, Кытай расмий билдирүүлөрүндө баарына жагууга аракет жасоодо. Маселен, ошол эле жакында болуп өткөн Мүнхен конференциясында Кытайдын тышкы иштер министри Ван И (менин оюмча, бул өтө маанилүү фраза): "Бардык мамлекеттердин эгемендиги, көз карандысыздыгы жана аймактык бүтүндүгү корголушу керек" деп айтты. Анын ичинде, албетте, Украинанын дагы. Бээжиндин кызыкчылыгы эмнеде? Ал эч качан жикчилдикти колдобогон өзүнүн түпкү кызыкчылыгына өзү каршы чыкпайт”, - деди Кытай таануучу Алексей Маслов.

24-февралда Кытайдын тышкы иштер министри Ван И орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен телефондон пикир алмашты. Анда Лавров жагдай тууралуу маалымат берип, Орусия өз кызыкчылыгын коргоого аргасыз экенин айтты. Ал эми Ван И Кытай ар дайым бардык өлкөлөрдүн эгемендиги менен аймактык бүтүндүгүн сыйларын, ошол эле кезде Орусиянын коопсуздук маселесин түшүнөрүн, азыркы тапта кырдаалды жөнгө салуу үчүн тараптарды күч колдонуудан баш тартууга чакыра турганын билдирди.

Ал эми Кытай Эл Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Чжан Цзюнь бардык чатакташкан тараптар диалогду улантууга тийиш экенин белгилеп, "теңчиликтин шартында бардыгынын кооптонуусун эске алуу менен акылга сыярлык чечим табылышы керек" экенин белгиледи.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG