Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:41

"Балдар менен Киевден чыга албай калдык"


Киевде метродо баш калкалап отурган эне-бала, 24-февраль, 2022-жыл.
Киевде метродо баш калкалап отурган эне-бала, 24-февраль, 2022-жыл.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Украинадагы соңку окуяларга байланыштуу кыргызстандык жарандарга кайрылып, бул өлкөгө барбай турууга чакырды.

Украинадагы кыргызстандыктар жергиликтүү мыйзамдарды сактап, жеке коопсуздугу үчүн керектүү чаралардын баарын көрүшү керектигин эскертти. Ал ортодо айрым кыргызстандыктар Киевден өз алдынча чыгып кетүүгө аракет кылып жатканын айтышууда.

Өзүн Турдубек Тентимишев деп тааныштырган кыргызстандык жаран үй-бүлөсү менен Киевден чыгып кетүүгө аракет кылып жатканын билдирди. Ал Украинадагы соңку кырдаалдан улам шаардын көчөлөрүндө тыгын пайда болуп, сыртка чыгууга, элчилик менен байланышууга мүмкүн болбой жатканын кошумчалады.

Турдубек Тентимишев.
Турдубек Тентимишев.

"Биз азыр балдар менен шаардан чыкканга аракет кылып жатабыз. Батышты көздөй кетели дегенбиз. Аябай тыгын болуп жатат. Жолдо май куюучу жайларда кезек күткөндөр көп экенин көрдүк. Азыр шаардан чыга албай жатабыз. Эртең менен саат 5те жардыруу болгонун уктук. Балдар менен бир жерден жолугуп, чогуу кетели деп сүйлөшкөнбүз, бирок чыга албай жатабыз", - деди Киевдеги мекендештердин бири.

Көп өтпөй ал шаардагы тыгынга байланыштуу кайра үйүнө кайтканын кабарлады.

Киевдеги жол тыгын. Ал жактагы Турдубек Тентимишев аттуу кыргыз жараны тартып жөнөткөн сүрөт. 24-февраль, 2022
Киевдеги жол тыгын. Ал жактагы Турдубек Тентимишев аттуу кыргыз жараны тартып жөнөткөн сүрөт. 24-февраль, 2022


Жогорку Кеңештин 24-февралдагы жыйынында депутат Айбек Маткеримов Украинада жүргөн кыргызстандыктар Киевдеги элчилик менен байланыша албай жатканын, өлкөдөн чыгып кетүүгө жардам сураганын айтып чыкты. Эл өкүлү буга байланыштуу мекендештердин кайрылуусу көбөйгөнүн билдирип, Министрлер кабинетин жагдайга көңүл буруп, чара көрүүгө чакырды.

"Азыр Украинадагы жарандарыбыз элчилик менен байланыша албай жатабыз дешүүдө. Ошого көңүл буруп койсоңуздар. Анткени, "көпчүлүк эл өлкөдөн чыга баштады, элчилик менен байланышып жардам сурайын десек, эртеден бери байланыша албай жатабыз" дейт", - деп айтты эл өкүлү.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Украинадагы соңку кырдаалга байланыштуу Консулдук кызматында жана ал жактагы элчиликте тынымсыз ыкчам байланыш уюштурулганын кабарлады.

Маалыматка караганда, бул өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүк штаттык режимде иштеп жатат. Элчилик Украинанын аймагындагы кыргыз жарандары менен тыгыз байланышта экени, аларга тийиштүү түшүндүрмөлөр берилип жатканы ТИМ тараткан маалыматта айтылат.

Кыргызстандын Киевдеги консулу Эрмек Каныбеков "Азаттыкка" комментарий берип жатып, бул өлкөдөгү ар бир кыргызстандык менен телефондон кабарлашып, Украинадагы соңку жагдай тууралуу маалымат берилгенин айтты.

"Шаарда машыгуу сиренасы эле жаңырды. Жалпы топто бардык жарандар бар, 680 жаран толугу менен. Баары менен байланыштабыз. Маалыматтын баары берилди, буга чейин дагы берилген. Эртең менен дагы берип жатабыз, сүйлөшүп жатабыз".

Расмий маалыматка ылайык, Украинада 680 кыргызстандык жаран консулдук каттоодон өткөн. Негизи, өлкөдөгү кыргыз жарандарынын жалпы саны 1350дөн ашат. Алардын 300дөйү Киев шаарында. Соңку кырдаалдан улам сыртка убактылуу чыгып кеткендер да бар, басымдуу бөлүгү Украинада калган.

Киевдеги мекендештер такталбаган, фейк маалыматтар тарап жатканын, эл арасында дүрбөлөң маанай байкалып жатканын айтышууда. Май куюучу жайларда, банк, дүкөндөрдө кезек күткөндөр арбын экенин, шаардагы абал негизинен тынч экенин билдиришти.

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таңында билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды. Мунун алдында Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүнүн башчылары аталган аймакка аскер киргизүү өтүнүчү менен Путинге кайрылган.

21-февралда Путин Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Бул чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялап берген.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 24-февралда өлкөгө аскердик режим киргизилгенин жарыялады. Ал Орусияны өлкөнүн аскердик жана чек арадагы объектилерине чабуул жасаганы үчүн айыптады.

Ушул тушта Украинанын борбору Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, жана чек арадагы аймактарда жардыруу, аткылоо тууралуу маалыматтар тарап жатат.

Айрым жергиликтүү тургундар өздөрү жашаган шаарлардан коопсуз аймакка чыгып кетүүгө аракет жасап жатканын маалымат каражаттар жазып жатат. Муну Украинадагы кыргызстандыктардын диаспорасын түптөгөн жеке ишкер, 15 жылдан бери бул өлкөдө эмгектенген Азамат Исмаилов да ырастады.

Азамат Исмаилов.
Азамат Исмаилов.

"Туура, чыгып кетип жатышат. Биздин үйдүн жашоочуларды деле колуна тийгенин алып, чыгып кетип жатышат. Негизи, биз шаардын тынч аймагында турабыз, бул райондо ок атышуу боло элек. Украина аба мейкиндигин толугу менен жапты, асмандан бомба таштоо болбосо керек. Кооптонуу болуп жатат, жалпы сирена күйгүзө элек, бирок аскердик базалар орун алган жерде ок атышуу болуп жатканы айтылууда. Биздин өзүбүздүн WhatsАpp тайпабыз бар, байланышып жатабыз. Азыр шаардан чыкканда деле кандай болот, толук чечим кабыл ала элекпиз. Эч болбоду дегенде элчиликке чогулат окшойбуз", - деди Исмаилов.


Украинанын Львов, Одесса шаарларындагы кыргызстандыктар абал туруктуу экенин айтып жатышат. Одессада жашап жаткан кыргызстандыктардын бири атышуунун дабышы узактан угулганын айтууда.

"Азырынча тынч элебиз. Бул жерде добуш угулду, атышуулар жок. Узактан болгон үн угулду деп жатышат. Бул жакта саналуу гана үй-бүлө бар. Шаардан чыгып кеткендер тууралуу кабарым жок, сыртты карасам, машинелер жандуу. Биз тынч эле, Одессадагы үй-бүлөлөр менен байланышып турабыз", - деди атын атагысы келбеген кыргызстандык.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Консулдук кызмат департаментинде жана Украинадагы элчиликте консулдук-укуктук жана башка кеңештерди берүү үчүн ыкчам байланыш телефондору иштеп жатканын кабарлады.

Кыргызстандын Украинадагы элчилиги:
+380997573413,
+380442370346,
+380442370348 "WhatsApp".

Консулдук кызмат департаменти:
+996 551 312 000
+996 703 428 865
+996 709 983 465
++996 554 065 215.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG