Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:37

Өтмөк ашуусунда жүк ташуучу машиналарга убактылуу чектөө киргизилди


Өтмөк ашуусунда топтолуп турган машиналар.
Өтмөк ашуусунда топтолуп турган машиналар.

Талас облусундагы Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу автоунаалар убактылуу өткөрүлбөй турат. Чектөө киргизилгенин 11-мартта "Азаттык" радиосуна ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Талас боюнча бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-мартта ашуудагы аба ырайына байланыштуу машиналардын тыгыны пайда болгон.

Азыркы тапта жеңил машиналар өткөрүлүп, оор жүк ташуучу автоунаалар өтпөй турат.

Мындай чектөө кайсы убакытка чейин болору азырынча белгисиз.

Синоптиктер Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында маал-маалы менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаарын эскертүүдө. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG