Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Равшанбек Сабиров Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке жетекчи болуп дайындалды


Равшанбек Сабиров.
Равшанбек Сабиров.

Президент Садыр Жапаров "Инвестициялар чөйрөсүндөгү башкаруу системасын өркүндөтүү жана Кыргызстандын инвестициялык потенциалын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду. Ага ылайык президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик түзүлүп, агенттиктин директору болуп Равшанбек Сабиров дайындалды.

Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттик 2017-жылы түзүлгөн. 2021-жылы май айында агенттик Инвестициялар министрлиги болуп өзгөртүлүп, 2021-жылдын октябрь айынан кийин кайрадан агенттик болуп калган.

Жаңы түзүлгөн президентке караштуу Инвестициялар боюнча агенттикке улуттук деген макам берилди.

Улуттук агенттикти жетектеген Равшанбек Сабиров 2021-жылы 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Ал президенттин кеңешчиси болуп турганда Ысык-Көлдүн жээгине курулары айтылган "Асман" шаары боюнча иш алып барган.

XS
SM
MD
LG