Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:45

Бутага алынган төрөт үйү, бурмаланган маалыматтар


Жабыркаган кош бойлуу аял Мариуполдогу аткыланган төрөт үйүнөн чыгып баратат. 9-март, 2022-жыл.
Жабыркаган кош бойлуу аял Мариуполдогу аткыланган төрөт үйүнөн чыгып баратат. 9-март, 2022-жыл.

Украинанын Мариупол шаарындагы төрөт үйүн орусиялык күчтөр аткылаганын актоого аракет жасап, ар кандай бурмаланган маалыматтар таратылууда.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров төрөт үйү чын эле аткылоого алынганын ырастап, "бирок анда төрөт абалындагы аялдар же жаш бөбөктөр болгон эмес" деп ишендиргенге аракет кылды. Эл аралык медиада төрөт үйүнө сокку урулушун согуш эрежелерине сыйбаган жеткен жексур, жырткычтык катары айыпташууда.

Лавров: Төрөт үйүндө "Азов" отряды болгон

Украинанын Мариупол шаарындагы төрөт үйүн аткыланганы Орусиянын бийлигинин өзүндө эки ача маалыматтар таратылууда. Орусиянын Коргоо министрлиги 9-мартта Мариуполдо “ок атпоо режими” болгонун жана "орус аскерлери төрөтканага такыр сокку урган эмес" деп ырастап, маалымат таратты.

Ошол эле кезде Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинанын Мариуполдогу төрөт үйүн орусиялык күчтөр аткылоого алганын танбайт.

Бирок Лавров төрөт үйүндөгү үрөй учурган видео кадрларга карабай, анда Украинанын "Азов" атайын даярдыктагы отряды жайгашкандыктан имаратка сокку урулганын жүйө келтирген.

Сергей Лавров. Орусиянын тышкы иштер министри.
Сергей Лавров. Орусиянын тышкы иштер министри.

"Азыр так эсимде жок, бирок 6-7-мартта БУУнун Коопсуздук Кеңешинин отурумунда биздин делегация Мариуполдогу бул төрөт үйүн эбак эле "Азов батальону" жана башка радикал күчтөр басып алганын айтышкан. Ал жактан төрөтүн күткөн бардык аялдар, медайымдар жана жалпы эле кызматкерлерди кууп чыгышкан.Бул жер ультра-радикалдык "Азов батальонунун" базасы болгон".

Видео тасмалардагы төрөт үйүнүн короосун аткылоонун кесепетинен улам пайда болгон аңдар бул объектиге атайылап абадан сокку урган учурдун талашсыз далили экенин көрсөттү.

Аскердик аракеттерди изилдеп, талдаган көз карандысыз Conflict Intelligence Team уюму жардыруунун кесепеттерин иликтеп чыгып, бул тилкеге орусиялык "Точка”, "Искандер" деген ракеталар, же болбосо OFAB-500 сыяктуу жарым тонналык катуу жардыруучу авиабомба колдонулган болушу мүмкүн деп божомолдойт.

Бир эле факты боюнча эки башка пикир

Ошол эле кезде шаардын чок ортосундагы төрөт үйүн бутага алууда кандай максат болгону түшүнүксүз экени айтылууда.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын Мариуполдогу төрөт үйүнүн аткылоосун Орусия Украинаны жөн эле басып алуу максатын көздөбөй, украин элин кыргынга салуунун соңку далили деп эсептейт.

Владимир Зеленский. Украинанын президенти.
Владимир Зеленский. Украинанын президенти.

“Балдар ооруканасы анан төрөт үйү Орусия Федерациясына кандай коркунуч жаратты? Оорукана, төрөтканадан коркуп, аларды талкалап аткылап жаткан Орусия эмне деген мамлекет? Эмне ал жакта дагы Орусияга кичинекей “бандерачылар” коркунуч келтирип жатат бекен? Же болбосо кош бойлуу аялдар Ростовду көздөй ракетадан аткылап жатканын далилдеген фактылар бар бекен? Же болбосо бул төрөт үйүндө кимдир бирөө орус тилдүүлөрдү басынтып коюптурбу? Бул эмне деген наадандык? Мен түшүнгөн жокмун. Бардыгы калып, эми төрөт үйүн “улутчулардан” тазалай башташтыбы", - деди украин президенти Владимир Зеленский.

CIT аналитиктеринин айтымында, Мариупол буга чейин да мындай оор куралдардан аткыланганы аныкталган. Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков орус тарап "шаардагы жайкын тургундарды коопсуз жайларга эвакуациялоо үчүн 9-мартта "ок атпоо” режими жарыяланганын жана бул күнү эч кайсы имарат же обьект бутага алынбаганын айтып, маалымат таратты.

Бир эле учурда Орусиянын Коргоо министрлиги менен Тышкы иштер министрлигинин бир эле факты боюнча эки ача пикири эл аралык басма сөздө көп суроолорду жаратууда.

Орусиялык аскер аба күчтөрү 9-мартта Мариуполдун балдар ооруканасы менен төрөт үйүнө абадан соккку уруп, бомбалаган. Анын кесепетинен үч адам каза таап, бир нече киши жаракат алганы кабарланган.

Украианын "Азов улуттук корпусунун" борбордук штабынын жетекчиси Максим Жорин төрөт үйүндө алардын аскер күчтөрү жайгашпаганын айтып, бул маселени аскердик кылмыштарды териштирген көз карандысыз эл аралык комиссия иликтеп чыкса болорун жарыялады.

“Азов" атайын даярдыктагы отряды согуш майданында жүрөт. Биздин аскерлер мындай учурда шаардын борборундагы төрөт үйүндө жашырынып отурбайт. Алар согушуп жүрүшөт. Анан калса, байкаган адамга төрөт үйүндөгүлөрдү эвакуациялоону чагылдырган видео тасмалардан аялдарды, бөбөктөрдү жана медициналык персоналды коопсуз жайларга көчүрүп жатканын көрүүгө болот”, - деди Жорин.

Социалдык тармактарда колдонуучулар талкуулаган дагы бир кутумчулук версиясы – "төрөт үйүнө Украинанын өзүнүн аскер аба күчтөрү сокку урушу мүмкүн" деген жоромол.

Бирок бул божомолду жокко чыгаруу абдан оңой. Анткени CIT аскердик анализ тобунун мониторинги боюнча Украинанын аскер учактары өлкөнүн түштүгүндө, чыгышында же түштүк чыгышында учканы катталган эмес.

Орусиялык медианын маалыматтары

Орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жана Кремлдин негизги пропагандисттери эл аралык медиада төрөт үйүнө сокку урулгандан кийин коопсуз жайга көчүрүлүп жаткан кош бойлуу аялдын сүрөтү менен видеосун дагы фейк деген маалымат чыгарышты.

Түрк телеканалындагы видеонун кыргызча тексти:

"Сүрөттөгү бул аялдын аты Марианна. Кечээ көз жармак, бирок ал барган төрөткана тыптыйпыл болгон. Бул сүрөт соцтармакта кеңири тарап, .......(видео кесилип калган)

Марианна Вышымирска 28 жашта. Анын бир тууган эжеси Татьяна Любченко Йигит Түркияда жашайт. Ал согуш башталгандан бери Мариуполдагы эжеси менен жээнинин кабарын билбей жүргөн. Татьяна шаршембиде соцтармакта бул сүрөттү көрүп, дароо сиңдисин тааныган.

-(Татьяна) Эки жумадан бери алар менен байланыш жок. Анткени телефон станциясы бомбаланган. Ал жакта электр жарыгы, телефон байланышы жок. Соцтармактан жээнимдин сүрөтүн көрдүм.

-(журналист) Эми алар аман эсен экен да?

-(Татьяна) Ооба алар аман-эсен экенин көрдүм. Бирок азыр кайсыл ооруканада экенин билбей жатам. 9-мартта сиңдим төрөш керек болчу.

-(журналист) Анда төрөп койсо керек?

-(Татьяна) Билбейм.

Маринна мындан бир канча ай мурун күйөөсү Юрий менен Стамбулга эс алууга келген. Шаардын тарыхый аймактарында сүрөткө түшүшкөн. Бирок Орусиянын чабуулунан кийин жашоолору түп тамыры менен өзгөрдү.

-(Татьяна) Бул наристе кай жакта, кандай абалда төрөлөт билбейм. Бирок коопсуз коридор менен шаардан чыгарына көзүм жетпейт.

- (Месут Йигит-Татьянын күйөөсү) Элестетиңиз, суу жок экен. Жамгырда чөйчөктөргө суу толтуруп алабыз дешти. Аларга азык-түлүк, коопсуз аймак керек. Бала төрөлсө таза жерде жашаш керек деп ойлойм. Бул шаардагы кишилер орус аскерлери тарабынан барымтага алынгандай".

Татьяна Любченко сиңдисин куткарып чыгуу үчүн Түркиянын тиешелүү мамлекеттик органдарына арыз менен кайрылган.

Мариупол бир жумадан ашуун убакыттан бери курчоодо турат. Шаар калкы жарыксыз, жылуулуксуз жана тамак-ашсыз отурат.

Шаарга гуманитардык коридор ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөнү менен орусиялык аскер күчтөрүнүн аткылоолору, бомбалоо жана ракеталык аба соккулары коридор ачуу планын үзгүлтүккө учуратып жатканы кабарланды.

Мариуполдогу төрөт үйүнө абадан сокку урулуп, үч адам, анын ичинде бир бала набыт болгон. Мындан тышкары 17 киши жаракат алды. БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш төрөт үйүнө жасалган аба соккусунан кийин кан төгүүнү токтоосуз түрдө токтотууга чакырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG