Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:31

Орус армиясы басып алган АЭСте абал кооптуу


Украинадагы орусиялык күтөр ээлеп турган Чернобыл АЭСи.
Украинадагы орусиялык күтөр ээлеп турган Чернобыл АЭСи.

Украин бийлиги Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктен (МАГАТЭ) Чернобыл АЭСинде кармалып турган кызматкерлердин алмашуусун камсыздоого жардам берүүнү суранды.

Бул тууралуу МАГАТЭнин расмий сайтына жарыяланды. Украинадагы алты АЭСтин иштеп жаткан энергоблокторунун жана аларда иштеген жооптуу персоналдын коопсуздугун камсыздоо маселеси көтөрүлдү.

"АЭСтерде адамдар кармалып турат"

Орусиянын аскерлери 24-февралда Украинанын Чернобыл атомдук электр станциясын басып алган.

МАГАТЭнин сайтындагы билдирүүгө ылайык, ошондон бери нөөмөтү эбак бүткөн АЭСтин 210 кишиден турган жооптуу персоналы, анын ичинде техниктер жана күзөтчүлөр кезек алмашпай турат. Украинанын атомдук энергетика органы кызматкерлер согуш башталгандан бери АЭСте жашап, барымтада турганын кабарлады.

"Заманбап дүйнөдө танк, БТР менен келип, АЭСтин аймагын көздөй атып жаткандарын кандай элестетет элеңер? Анан ага “ок тиеби же тийбейби, кыйрайбы же кыйрабайбы” деп жандырмак жандыруу туура эмес. Эмне болгон күндө дагы аскерлерлер АЭСтин аймагында болбошу керек. Эч качан. Керек болсо, АЭСте жардыруу болуп, өрт чыкканын элестетүүнүн өзү коркунучтуу. Дүйнө жүзүндө мындай нерсе болгон эмес. Жооптуу персоналды кармап алып турган мындай көрүнүш тарыхта болгон эмес. Азыр аларды алмаштырбай, үйүнө кетирбей турушат", - деди Украинанын атомдук жөнгө салуу агенттигинин мурдагы башчысы Григорий Плачков.

Ошол эле кезде АЭСтин персоналын тамак-аш, суу жана дары-дармек менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү чектелген. Алар менен мессенжер аркылуу гана байланыш сакталып турганы белгиленди. АЭСте өзөктүк материалдар менен иштөө убактылуу токтотулганын Украинанын атомдук көзөмөл органы билдирди.

Украин бийлиги МАГАТЭден нөөмөттөгүлөрдү алмаштыруу планын даярдап, АЭСке жооптуу жана техникалык персоналды алмаштыруу системасын камсыздоо үчүн эл аралык колдоо көрсөтүүнү суранууда.

МАГАТЭ: эки тарап менен тең сүйлөшүүгө даярбыз

Ал эми МАГАТЭ Чернобыл АЭСинин коопсуздугун көзөмөлдөө тутумунан маалыматтарды ала албай калганын жазды. Эл аралык атомдук агенттиктин башкы директору Рафаэль Гросси жаңжалдашкан тараптардан Украинадагы өзөктүк объектилердин коопсуздугун камсыздоо кепилдигин алуу үчүн сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирди:

"Бул биздин орусиялык жана украиналык тарапты бирдей угуп, чечим кабыл ала турган кеңешменин бир бөлүгү болот. Жеринен бардыгын көрмөйүнчө АЭСтин абалы тууралуу айтуу биз үчүн абдан татаал. Бирок биз аны кылышыбыз абзел. Азыр убакытты текке кетирбеш керек. Мен муну бүгүн айтып жатам. Эртең кеч болуп калышы мүмкүн. Анткени күндө абал өзгөрүп жатат. Өткөн жумада Запорожье АЭСин ракетадан аткылап, өрт чыкканы аша чапкандык болду. Мындан башка дагы биз макулдашып бир алкакта иш алып барууга зарыл болуп турган кооптуу жагдайлар дагы бар".

МАГАТЭнин маалыматы боюнча Украинада алты АЭСтеги 15 атомдук реактордун сегизи иштеп жатат. Анын ичинде өткөн аптада орусиялык күчтөр көзөмөлүнө алган Запорожье АЭСинде дагы эки реактор иштеп турат. 4-марттын түнүндө Европадагы эң ири Запорожье АЭСине ракеталык сокку урулуп, өрт тутанганы маалым болгон.

Кооптуу кагылган коңгуроо. Тобокелдик

Украин парламентинин “Эл кызматында” фракциясынын башчысы Давид Арахамия атомдук станциянын коопсуздугу коркунучта экенин айткан жайы бар.

"Атомдук объектилерди “кадыровчулар”- чечен согушкерлери ээлеп алды. Алар бир нече жылдан бери өзгөчө көзөмөлдө турган атомдук жабдууларды карап турат. Биз ошондуктан бул объектилерге чабуулдар башталганда эле МАГАТЭге кайрылып, анын коопсуздугун карай албай калганыбызды кабарлап, эми анын коопсуздугуна жоопкерчилик кепилдиги боюнча маселени кароону сураганбыз. Бул чечен согушкерлеринин оюна келерине азыр Орусия дагы кепилдик бере албайт. Алар азыр Орусиянын өзүн да “Чеченстанга эгемендик бересиңер” деп шантаж кылышы ыктымал. Иш жүзүндө террордук топ келип басып алгандай эле болду".

Анткен менен Москва Киев бийлиги Запорожье АЭСинин жанындагы кагылышта өтө чоң чагым даярдап, бирок анын алдын алууга мүмкүн болгонун билдирген. Бирок ал энергоблокторду жардыруу коркунучуна байланыштуу болгон чагымбы же башкабы тактаган эмес.

Ал эми Киев бийлиги орусиялык күчтөрдүн АЭСтин ичине чейин кирип барганын абдан кооптуу жагдай катары карап, анда бир нерсе болсо зыяны бүтүндөй Европага тийе турганын белгиледи.

Орус армиясынын тынымсыз аткылоосунан улам өрт өчүрүүчүлөр АЭСке бир топко жакындай албай турган. Андан соң Украинадагы Запорожье облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Старух ага өрт өчүрүүчүлөр кое берилгенин билдирген.

Орусия Украинага кол салган биринчи күнү, 24-февралдын кечинде, орус аскерлери Чернобыл АЭСин басып алганы белгилүү болгон.

МАГАТЭнин башкы директору Рафаэль Гросси “өзөктүк материалдын коопсуздугуна жана бардык атомдук жабдуулардын коопсуздугуна коркунуч туудурган” аракеттерден алыс болууга үндөдү. Ал мунун айлана-чөйрөгө жана калктын саламаттыгына оор кесепеттери болорун эскертти.

Украин бийлиги эки АЭСти көзөмөлдөөдөн ажыраган соң, МАГАТЭге мындан ары жоопкерчилик албай турганын маалымдаган. Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча келишимге ылайык, МАГАТЭ уюму андагы өзөктүк материалдар согуштук максатта колдонулбаганын текшерип турчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG