Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:30

АКШ Орусиянын мунай-газын алууга тыюу салды


АКШ президенти Байден Орусиядан мунай-газ жана көмүрдү импорттоого толук тыюу салганын жарыялады.

Буга чейин АКШ, Франция, Германия жана Британиянын лидерлери Орусияны Украинага кол салганы үчүн жазалоону макулдашкан. Бирок орус мунай-газына каршы эмбарго кабыл алууда баарынын позициясы бир кылка эмес. АКШнын Европадагы айрым өнөктөштөрү буга азырынча кошулбай турган болушту.

Вашингтон энергетикалык эмбарго жарыялады

АКШда мыйзам чыгаруучулар тобу Орусия жана Беларус менен “туруктуу соода мамилелерин” бузуу боюнча мыйзам долбоору даярдалганын жарыялашкан. Анда орус мунайын сатып алууга тыюу салуу чарасы да камтылган.

Президент Жо Байден 8-марттагы атайын кайрылуусунда Украинага кол салуусуна жооп иретинде АКШ Орусиянын газ, мунай жана көмүрүн импорттоого толук тыюу салынганын бышыктады:

Жо Байден. АКШ президенти.
Жо Байден. АКШ президенти.

"Бүгүн мен Америка Кошмо Штаттары Орусиянын экономикасынын негизги артериясын бутага алганын жарыялайм. Биз орусиялык мунай жана газ энергиясынын бардык импортуна тыюу салабыз. Бул орус мунайынын мындан ары биздин портторго кабыл албай турганын жана Америка эли Путиндин согуштук машинасына дагы бир күчтүү сокку урат дегенди билдирет. Газ баасы көтөрүлөт деген кооптонууларга карабастан, бул чечимди эки партия тең колдоду. Биз Путиндин украин элине каршы согушун каржылоого катышпайбыз".

Бирок президент Жо Байден Британия сыяктуу АКШнын Европадагы союздаштары бул эмбаргого азырынча кошула албай турганын белгиледи.

Мунун алдында Байден француз президенти Макрон, немис канцлери Шольц жана британ премьер-министри Жонсон онлайн-байланышта Орусияны чыгымга учуратууда бирге чечкиндүү турууну сүйлөшкөн.

Европанын талуу жери - газ көз карандылыгы

Бирок анда Орусиянын мунай-газын импорттоого тыюу салуу тууралуу айтылган эмес. Анткени бул маселе өнөр-жайы Орусиянын газына толук көз каранды Германия үчүн өзгөчө оор экени белгиленген.

Канцлер Олаф Шольц орус мунай-газы күнүмдүк жашоо үчүн "зарыл" экенин айтып, ага тыюу салуу Европанын энергетикалык коопсуздугуна шек келтире турганын эскертти.

Ага чейин Олаф Шольц башында Путинге санкциялар эмес, дипломатиялык жол сунушталганын айткан болчу.

Олаф Шольц. Немис канцлери.
Олаф Шольц. Немис канцлери.

"Санкция салуудан мурда Орусиянын президенти Владимир Путинди бул туура эмес жолдон кайтаруу үчүн дипломатиялык ыкмаларды колдонууга тынымсыз аракет жасап келдик. Андан эч кандай майнап чыккан жок. Акыры азыр ал Украинага согуш ачууну чечти. Бирок ал бул согушта жеңишке жете албайт. Анткени Европа азыр тынчтыкты, мыйзамдын үстөмдүгүн жана демократияны каалайт. Ошондой эле Украинанын жарандары муну даана жана анык көрсөтө алышты", - дейт Олаф Шольц.

Ал эми буга чейин америкалык мыйзам чыгаруучулар “Орусиянын чабуулдарына каршы анын мунай-газын импорттоого тыюу салчу мыйзам жоболорун макулдашкан. Муну Конгресстеги эки партиянын бир топ өкүлү колдогон. Бул мыйзам долбоору жакын арада каралышы мүмкүн. Эгер ал жактырылса, анда “АКШда күйүүчү май кымбаттайт” деп чочулагандар да бар.

АКШнын жалпы мунай керектөөсүнүн 7% ашууну Орусияга туура келет.

Соңку мезгилде дүйнөдө газдын, мунайдын, металлдын, буудайдын баасы жаңы рекорддук чекке чыкты.

Орусия АКШга мунайзатын, металлдарды, анын ичинде платинаны андан башка минералдык жер семирткичтерди экспорттойт.

“Бул чаралар Орусиянын Украинага кол салуусуна жооп болуп саналат. Анын максаты - Орусияга каржылык зыян келтирип, аны Украинадагы аскердик аракеттерине чыгымдалчу каржы булактарынан ажыратуу” деп айтылат АКШ конгрессмендеринин билдирүүсүндө.

Ак үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки АКШнын өнөктөштөрү менен энергетикалык коопсуздук боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканына токтолду.

"Анын ичинде чөлкөмдөгү коопсуздук жана албетте, энергетикалык коопсуздук маселеси каралды. Алар дүйнөлүк мунай рыногундагы жагдайды талкуулап, анын тийгизген таасирин азайтууга кызыкдар экенин белгилешти. Бул талкуунун негизги бир бөлүгү болду. Анан экинчиден, Венесуэлага байланыштуу. АКШ администрациясынын өкүлдөрүнүн ал жактагы сапарында бир катар маселелер кароо камтылып, анын ичинде энергетикалык коопсуздук боюнча да талкуу жүрдү".

Ал арада британиялык Shell компаниясы Орусиянын мунай-газынан баш тартканын жарыялады. Бул тууралуу анын сайтында айтылат.

Орусиянын вице-премьери Александр Новак мунай импортуна тыюу салуу дүйнөлүк рынокко оор кесепеттерин тийгизерин эскертти. Ал мунайдын баррели 300 доллардан ашып, Европа аны башка булактардан камсыздай албай турганын айткан.

Ошол эле учурда Орусиянын бийлиги эгерде Евробиримдик АКШнын мунай-газ эмбаргосуна колдоп, кошулса, аны импорттоого чектөө киргизилсе, анда Европага кетчү газды бууп сала турганын эскерткен.

АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Орусияны Украинага кол салганы үчүн обочолонтуп, анын мунай-газ импортуна тыюу салууну сунуштаган. Бул үчүн Венесуэла сыяктуу мунай өндүрүүчү өлкөлөрдөн санкцияларды алып салуу жагын карап көрүү маселеси көтөрүлгөн.

Буга чейин украин президенти Владимир Зеленский Батышка Орусиянын мунай-газына эмбарго жарыялоону суранып, бир нече жолу кайрылган.

Европа менен Уолл-стриттин биржаларында мунайдын бир баррели 130 долларга чыгып, кайра 120 долларга түштү. Brent үлгүсүндөгү эл аралык стандарттагы мунайдын баррели 122, 88 долларга чыкты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG