Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:02

Украина-Орусия кармашы экономикалык талаага чыкты


Жарандар доллар жана евро чыгарып алуу үчүн банкноматта кезекте турушат. Орусия, Санкт-Петербург.
Жарандар доллар жана евро чыгарып алуу үчүн банкноматта кезекте турушат. Орусия, Санкт-Петербург.

Орусиянын Украинага кол салганына эки аптадан ашты. Бомбалоо жана аткылоо ондогон шаарларда дале уланууда. Бул согушка байланыштуу Батыш өлкөлөрү Орусияга салган санкцияларын кеңейтти, Москва ага жооп-чараларды кабыл алды. Натыйжада экономикалык кесепеттер АКШ менен Европада дагы, Орусияда дагы сезилди.

Бирок эксперттер бул болгону кризистин башталышы экенин эскертишүүдө. Өзгөчө Орусия жана ага тыгыз байланышкан өлкөлөр мурда болуп көрбөгөн көйгөйлөргө кабылышы мүмкүн.

“Элдик экономика” түрмөгүндө соңку согуштук аракеттердин алгачкы кесепеттери жана болочок кесепеттери талданды.

Санкциялар парады

Батыш өлкөлөрү Орусияга каршы биринчи санкцияларын 2014-жылы Москва Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алгандан кийин киргизген. 2016-жылы АКШдагы президенттик өнөктүккө орусиялык хакерлердин кийлигишүүсү, 2018-жылы Британияда Орусиянын экс-чалгынчысы Сергей Скрипалдын уулануусу да Москвага санкциялардын эки-үч пакетин алып келди.

Германиянын Бундестагына жасалган кибер-чабуулдарга байланыштуу 2020-жылы, оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын ууланышына байланыштуу 2021-жылы жаңы санкциялар күчүнө кирди.

2022-жылкы санкциялар топтому орус аскерлеринин украин жергесине бастырып киргени үчүн каралды.

Баштапкы санкцияларды көбүнчө Европа Биримдигиндеги мамлекеттер, АКШ, Британия, Австралия, Жаңы Зеландия, Канада салса, жаңы санкцияларга бул өлкөлөрдөн сырткары Жапония, Түштүк Корея жана башкалар кошулду.

Мурдагы санкциялар адатта Кремлге жакын аткаминерлерден баштап, орусиялык миллиардерлерге, охигархтарга, экономика, финансы, коргонуу, мунай өндүрүү жана башка секторлорго салынып келген. Жаңы чектөөлөр да ушул жана башка багыттарды камтыйт, бирок анын масштабы өтө кеңири болду.

Владимир Путиндин коллажы.
Владимир Путиндин коллажы.

Иш жүзүндө орус президенти Владимир Путинге жана тышкы иштер министри Сергей Лавровго биринчи жолу чара колдонулду. Украинага караштуу облустарда өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялап алган аймактардын “көз карандысыздыгын” тааныганы үчүн Орусиянын Мамлекеттик Думасынын 351 депутаты жана жогорку даражалуу 27 аткаминер санкцияга илинди. Ондогон олигархтар “кара тизмеге” кирди жана алардын мүлктөрү, кемелери камакка алынды.

Учурда Орусияга каршы дагы башка санкциялар күтүлүүдө. Өз кезегинде Москва Батыш өлкөлөрүнө жооп-чараларды кабыл алып жатканын билдирүүдө. Анын ичинде өз экономикасындагы кесепеттердин алдын алуу үчүн түрдүү чектөөлөрдү киргизип жатат.

Валюталык олку-солкулук

Европа Биримдиги менен АКШнын соңку санкцияларынын эң орчундуусу Орусиянын Борбордук банкына, Финансы министрлигине, Улуттук бакубаттуулук фондуна, Түз инвестициялар фондуна киргизилген чектөөлөр болуп калды. Бул деген аталган мекемелер эми чет элдеги доллар жана евро түрүндөгү активдерин иштете албайт дегенди түшүндүрөт.

Адатта акча-насыялык жана валюталык саясатты жүргүзгөн Борбордук банк рублди туруктуу кармоо үчүн долларды, еврону же башка валютаны рынокко сатыкка чыгарып турат. Бирок санкциянын натыйжасында эми аталган орган эл аралык резервинде сактаган 640 млрд. доллардай акчасынын 500 млрд. долларын пайдалана албай калды.

Адистердин баамында, чет элдик валюта сатылбаса анын дефицити жаралат. Натыйжада рублдин күчү улам жоголо берет. Ал азыртан эле сезиле баштады. Тагыраагы соңку санкциялардын фонунда рублдин чет элдик валюталарга карата катышы тарыхый максимумга чыкты.

Февралдын башында 1 доллар 75-80 рублдин тегерегинде турса, айдын аягында ал 100-110 рублге бааланды. 1 евро 85-95 рубл турса, ай соңунда 115-120 айланасында сатылып турду.

Марттын башынан бери алар дагы кыйла өстү. Борбордук банктын түрдүү аракеттерине карабай айрым банктар онлайн алмаштырууда долларга 150-160 рублге чейин, еврого 200 рублге чейин нарк коюп алышты.

Чет элдик валютанын тартыштыгын күчөтпөө үчүн Орусиянын президенти Владимир Путин 10 миң доллардан ашык накталай акчаны өлкөдөн алып чыгууга тыюу салды. Банктарда чет элдик валюталарды сатууда киши башына чектөөлөр киргизилди. Бирок бул чаралар рублдун кунун канчалык сактап калары белгисиз. Айрым адистер мунун арты гиперинфляцияга да алып келиши мүмкүндүгүн боолгошот.

Париждеги Саясий илимдер мектебинин профессору, белгилүү экономист Сергей Гуриев аз күн алдын “Дождь” телеканалына берген интервьюсунда Орусиянын Борбордук банкынын тарыхында биринчи жолу санкция салынганын белгилеп, анын кесепетин талдоо мүмкүн эместигин билдирди. Ал муну менен салыштыруу үчүн мисал жоктугун айткысы келип жатат, бирок ошол эле кезде эксперт соңку санкциялардын кесепети өтө оор болорун эскертет.

“Азаттыктын” орус кызматына берген интервьюсунда экономист Сергей Алексашенко Борбордук банктын активдеринин камакка алынышын санкциялардын ичиндеги “өзөктүк куралдын баскычы” катары сүрөттөп, бул орус экономикасына чоң сокку урарын жоромолдойт.

SWIFT системасынан ыргыган банктар

“Валюталык дефицит пайда болот” дегенге мындан башка дагы үч жүйө бар. Биринчиден, Европа Биримдигинин жетекчилиги европалык каржылык институттарды орусиялык банктарга евро банкнотторун сатууга тыюу салды. Башкача айтканда, орусиялык банктар буга чейин өзүндө болгон гана еврону айлантууга аргасыз болуп турат.

Экинчиден, ушул эле Евробиримдик SWIFT аттуу банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган глобалдык системасынан Орусиянын ВТБ, "Россия", "Открытие", Новикомбанк, Промсвязьбанк, Совкомбанк жана ВЭБ деп аталган банктарын өчүрдү. Мындан үзүлгөн банктар аркылуу эми сыртка акча которуу жана сырттан акча жөнөтүү мүмкүн эмес болуп калды дегенди билдирет.

SWIFT (Society for Worldwide Interbank Financial Telecommunications – Банктар аралык финансылык байланыш каналдарынын дүйнөлүк коому) бул – дүйнөдөгү банктар жана каржы институттары акча которуулар тууралуу кат алышкан система. Аны Евробиримдиктин мүчөсү – Белгиядагы компаниялар башкарат. Системага 200 мамлекеттеги 11 миңден ашык уюм киргизилген.

Орусиялык банктарды аталган системадан чыгарып салуу маселеси 2014-жылы Москва Крымды тартып алганда эле сунушталган. Бирок бул реалдуу эмес деп айтылып келген. Ага карабай Орусиянын Борбордук банкы өзүнүн маалымат алмашуу системасын иштеп чыккан.

Жергиликтуү “Система передачи финансовых сообщений” (СПФС) – Финансылык маалыматтарды алмашуу системасында Орусиянын дээрлик бардык банктары кирген. Ага мындан сырткары ошол эле Европанын айрым банктары, Түркиянын, Кубанын, Азербайжандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын бирден-экиден банктары да кошулган.

Мына ушуну эске алганда орусиялык банктардын ички акча жүгүртүүсүнө жана коңшу мамлекеттер менен алака-катышына шек кетчүдөй эмес. Анүстүнө ошол эле SWIFT системасынан Орусиянын башка банктары чыгарылган жок да?!

Бирок ошентсе да банктарда жергиликтүү жана эл аралык системалар менен акча алып же кабыл алууга мүмкүнчүлүгү болгон чакта деле, эми ошол которулчу акчанын өзү кыскарчудай.

Себеби, Орусияда ишмердүүлүгүн токтоткон ондогон чет элдик ишканалар акчасын киргизип-чыгарбай калат. Ал эми ишин токтотпогон фирмалар 10 миң доллардан ашык сыртка которууга киргизилген чектөөгө байланыштуу жүгүртүүдөгү акчасын азайтат. “Доллар менен евронун тартыштыгын жаратат” дегенге келтирилчү үчүнчү жүйө мына ушул.

Ишин токтоткон компаниялар

Арийне, Москва Украинага басып киргенден бери америкалык, европалык ондогон компаниялар Орусияда ишмердүүлүгүн, же товарларын экспорттоону токтотконун биринен сала бири жарыялап жатышат.

Microsoft Corp, Apple, Oracle, Dell, Intel баштаган компьютердик-маалыматтык технологиялык компаниялар, Shell, TotalEnergies, Exxon Mobile сыяктуу мунай чыгаруучу ишканалар, Boeing, Airbus сыяктуу авиакуруу компаниялары, Mastercard, PayPal, Google Pay, Visa сыяктуу төлөм-карта компаниялары Орусия менен мамилесин үзгөнүн кабарласа, Nike, Walt Disney, Zara, Calvin Klein, H&M, Adidas, Marks & Spencer, Mango сыяктуу кийим-кечек саткан дүкөндөр түйүндөрүн жапты. IKEA баштаган эмерек фирмалары, LEGO баштаган оюнчук фирмалары ишин токтотту.

BMW, Volkswagen, Skoda, Audi, Porsch, Volvo, Ford, Honda, Mazda, Hyundai, Lamborghini, Mercedes-Benz, Toyota, Lexus, Renault авто концерндери Орусияга транспортторду жана алардын тетиктерин жеткирүүнү аткарбай калды. Же заводдорун жабышты. Walt Disney, WarnerBros, Sony Pictures, Universal Pictures сыяктуу компаниялар кино прокаттарын чакыртып алышса, Netflix, Spotify сыяктуу онлайн кинотеатрлар көрсөтүүлөрүн жапты. Азык-түлүк ташыган, почта жана интернет кызматын көрсөткөн компаниялар да жабылса, же Facebook жана Twitter сыяктуу социалдык түйүндөрдү орус бийлиги өзү бөгөттөдү.

Renault компаниясынын Орусиядагы заводу.
Renault компаниясынын Орусиядагы заводу.

Айрымдар жазып жаткандай, аталган бренддердин киносун көрбөй, кийимдерин кийбей, эмеректерин албай же тамак-аш азыктарын жебей турса деле Орусиянын күнү өтөт. Бул жагынан дүйнөнүн баары жабылган жок, Орусия товарларды Кытайдан, Борбор Азия мамлекеттеринен алуусун көбөйтө түшөт. Бирок авиация жана мунай тармагына тиешелүү товарлардын келбей калышы бул сфералардагы өндүрүштү жана тейлөөнү начарлатары, автотетиктердин жетишсиз болушу жүздөгөн машинелердин бузулушуна алып келери турган иш. Соңунда анын баары өндүрүштүн азайышын шарттайт.

“Азаттыктын” орус кызматы менен курган маегинде швециялык-америкалык экономист Андерс Аслунд Орусиянын экономикасы быйыл 5%, болбосо 10% артка кетет деп болжолдоду. Ал кезинде “Венесуэлага ушундай масштабдагы санкциялар киргизилген учурда, анын ички дүң продуктусу үч жыл катары менен 16% чейин төмөндөгөнүн, соңуңда экономикалык коллапска кептелгенин” мисал келтирет.

Башка жагдай, Орусияда жабылган же ишин токтоткон ошол эле компаниялардын, дүкөндөрдүн, фирмалардын жергиликтүү кеңселеринде, дүкөндөрүндө иштеген кызматкерлер жумушсуз калышат. Алар жүздөп же миңдеп саналат. Жумушсуздардан сырткары жалпы экономикалык каатчылыктан улам көпчүлүк жарандардын кирешеси азаят. Андерс Аслунд учурда орусиялык жарандар орточо 700 доллар таап жатса, эми бул сумма 400-500 долларга түшүп калат деп эсептейт.

Жоготуулар жана кымбатчылык

Баса, орус аскерлеринин чабуулу башталгандан кийин Орусиядагы НОВАТЭК, "Роснефть", "Яндекс", "Газпром", "Лукойл" сыяктуу компаниялардын акциялары кескин түшүп кетти. Bloomberg агенттиги согуштун биринчи күнүндө эле орусиялык миллиардерлер 39 миллиард долларын жоготконун жазды.

Марттын башында өткөн жыйында “Русал” алюминий компаниясынын негиздөөчүсү, орусиялык миллиардер Олег Дерипаска Батыш “темир пардасын” жапканын айтып, “мындай чакырыкка Орусия эч качан туш болбогонун” билдирди. “Коммерсантъ” басылмасы жазгандай, Дерипаска 1998-жылкы кризисти эске салып, “эми ошондон үч эсе чоң каатчылык тооруп турганын” кошумчалады.

1998-жылы экономикалык кризисте Орусиянын улуттук валютасы кескин күчүн жоготуп, 1 доллар 6-7 рублден 21-22-рублге чейин кымбаттап кеткени белгилүү. Экономист Сергей Алексашенко өз талдоосунда, азыркы жагдайды мына ошол кризиске окшоштуруу туура экенин белгилеп, бирок 24 жыл мурдагы каатчылык өкмөттүн аракеттеринен кийин жолго коюлганын, жаңы кризис көпкө чейин созуларын болжойт.

Чикаго университетинин доктору, финансы профессору Максим Миронов Орусиянын экономикасы соңку согуштан кеминде 200-300 млрд. доллар жоготту деп эсептейт. Ал телефон же компьютер сыяктуу импорттук товарларды эсептебегенде, жакынкы айларда орус жергесинде азык-түлүк жана башка товарлардын тартыштыгы болорун коңгуроо кагат.

Ярославль мамлекеттик университетинин окутуучусу, экономист Александр Прохоров 76.ru сайтына курган маегинде, товарлардын дефицити болбосо да кымбатчылык өкүм сүрүшү мүмкүн деп эсептейт. Анткени, чек ара жабыктыгынан Орусияга товар жеткирүүдө ортомчулар арбый түшөт экен.

Прохоров ошол эле кезде СССР өзүнүн пландуу экономикасы менен көп өлкөлөргө көз каранды болбогонун, азыр Орусиянын экономикасы глобалдык экономика менен тыгыз байланышта экенин кошумчалайт. Ал азыр технология өнүгүп, татаалдашканын, аларды өндүрүүдө өлкөлөр баары бир бири-бирине көз каранды экенин белгилейт. Маселен, ошол эле америка айфондорду Кытайдын, Тайвандын, Түштүк Кореянын жардамы менен чыгарышы мүмкүн.

Туташ экономика

Бири-бирине менен тыгыз туташкан экономика демекчи, башка чоң өлкөлөр сыяктуу Орусияга да көп мамлекеттердин экономикасы көз каранды. Түздөн-түз көз каранды болбосо да, балким көпчүлүк бөлүгү ага байланышкан десе болот.

Ошол эле Евразия Экономикалык Биримдигиндеги өлкөлөрдү алсак, Беларус менен Орусиянын соода жүгүртүүсү жылына орточо 30-40 млрд. долларды түзөт. Мында экөөнүн импорт-экспорту дээрлик тең-тең. Орусия Казакстан менен жылына орточо 15-20 млрд. долларлык, ал эми Армения менен 2-3 млрд. долларлык алыш-бериш кылат.

Кыргызстан менен Орусиянын соода айлантуусу жылына орточо 1,5-2 млрд. долларды түзсө, анын көпчүлүк бөлүгү Бишкектин импорту. Бул сумма Кыргызстандын жалпы соода жүгүртүүсүнүн 30-40% болуп калат. Демек, Орусия кандайдыр бир кризиске кабылса аталган уюмдагы өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын экономикасы да кыйла өйдө төмөн болору түшүнүктүү.

Бул азыртан эле сезиле баштады. Кыргызстандын улуттук валютасы да рубл менен чогуу эле күчүн жоготуп баратат. Маселен, февраль айынын башында 1 доллар 85 сомдун тегерегинде турса, Украинадагы согуш башталгандан кийин 1 доллар дээрлик 100 сомго жакындап калды.

АКШ доллары жана Кыргызстанды сому.
АКШ доллары жана Кыргызстанды сому.

Экономисттер бул көрүнүш дагы уланарын, рубл артка кетсе, сом дагы артка кетерин эскертип жатышат. Анткени, кыргызстандыктар Орусиядан көбүнчө күйүүчү май, азык-түлүк жана башка нерселерди алып келчү.

Дагы бир жагдай расмий эсепте Орусияда 1 миллиондон ашык кыргыз мигрантты иштейт. Алар жылына мекенине орточо эсепте 2,-2,5 млрд. доллардай каражат салышчу. Эгер Орусиянын экономикасы артка кетсе, жумуш орундары кыскарса, же кызматкерлердин маянасы кыскарса, анда ал жактагы кыргыз жарандары да жабыр тартат. Кризис тереңдесе так ошол мигранттардын Кыргызстанга которгон каражаттары да кыскарат.

Өзү отурган бутакты кескен Батыш

Украина кризиси сегиз-тогуз жыл мурда башталганы менен Европадагы мамлекеттер жана АКШ азыркыдай санкциялар пакетин Орусияга карата киргизбей келгени бекеринен эмес. Анткени алар өздөрү Москванын отун-энергетикалык ресурстарына көз каранды. Орусиядан Европа көбүнчө газ алса, АКШ мунай алчу.

Маселен, Германия баштаган мамлекеттер Орусиядан Европага газ алып өтчү “Түндүк агым-2” долбоорун убактылуу токтотту. Азырынча “Түндүк агым”, Украинадан өткөн жана Беларустан өткөн линиялар согуштук абалга карабай иштеп жатат. Анткени Европа жалпы керектеген көгүлтүр отундун дээрлик 40-50%ы Орусиядан келет.

Орусиядан Европага көгүлтүр отун жеткирүүчү куурлар.
Орусиядан Европага көгүлтүр отун жеткирүүчү куурлар.

Лондон биржасында февралдын башында газдын бир миң кубометри 1000 доллардын тегерегинде сатылса, ай аягында ал 2000 доллардын айланасында жабылды. Бул аптада алгач 3000 долларга чыгып тарыхый жогорку чекке жетсе, акыркы соодаларда дээрлик 4000 долларга жакындап, өз рекордун жаңыртты.

Мунайдын Brent түрүнүн бир баррели 130-140 долларга жетти. Бир нече жылдан бери баа мындай чекке көтөрүлө элек болчу жана былтыр орточо 80-доллардын тегерегинде кармалып келчү. Бул эми жакын арада бензиндин жана дизелдин да кымбатташына алып келери түшүнүктүү болуп турат.

Баалар АКШ Орусиянын чийки мунайын алуудан баш тартышы мүмкүн деген маалыматтардын фонунда өсүүдө. Кошмо Штаттарда бул идея мурдатан эле айтылып келгени менен Вашингтон бензиндин кымбатташынан коркуп барбай келген. Бирок эми мындай чараны кабыл алып жиберсе, анда мунай базарында дагы бир топ өйдө-төмөн болору бышык.

Алюминий, жез, палладийдин баалары дагы тарыхый максимумду жаңыртты. Орусия сөз болгон металлдардын ири экспортеру.

Экинчи жагынан алганда, Москва деле кендин бул түрлөрүн жана мунай менен газды башка өлкөлөргө ушундай көлөмдө сатышы күмөн. Маселен, Кытайга же башка өлкөргө сатса же арзаныраак же кошумча убарагерчиликтери менен жеткирүүгө аргасыз болот.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG