Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:55

Санкциялардын Кыргызстанга таасири: экономикадан киного чейин


Украинадагы согуш, аскердик агрессияны баштаганы үчүн Батыш өлкөлөрүнүн Орусияга каршы санкцияларынын Кыргызстанда да кыйыр жана түз таасири сезиле баштады.

Бул окуялар башталгандан тарта эле валюта базарында олку-солкулук жаралып, доллардын сомго болгон катышы 10 сомго чейин кымбаттады.

Ошондой эле орус рублинин куну төмөндөдү. Азыркы тапта Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда 1 доллар 94-96 сомду түзсө, орус рубли 1 сомдун тегерегинде болууда. Валюта базарындагы олку-солкулук дагы уланып, Украинадагы согуштан улам орус экономикасы басымга учураган сайын кыргыз сомунун куну дагы төмөндөйт деген кооптонуу айтылып жатат.

Мунун бир нече себеби бар. Анткени Кыргызстандын экономикасы Евразия экономикалык биримдигиндеги өнөктөштөр, анын ичинде Орусия менен тыгыз байланышкан. Жалпак тил менен айтканда, кыргыз сомунун курсу орус рублинин артынан ээрчип жүрөт.

Бул эң оболу Кыргызстандын экономикасы Орусияда иштеген мигранттардын акча которуусуна көз каранды экени менен түшүндүрүлөт.

Маселен, былтыр Орусиядагы мигранттар 2 миллиард 700 миллион доллардан ашык каражатты мекенине которушкан. Бул өлкө ИДӨнүн төрттөн бирине барабар. Ал эми бул каражатты сырттагы журтташтардын жакындары Кыргызстанда коротуп, соода-сатыкка жумшайт.

Экономикасында экспортко караганда импорттун көлөмү көп, терс сальдону көрсөткөн Кыргызстанга доллар мигранттардын эсебинен кирет.

Дал ушул жагдайларды эске салган инвестиция министринин мурдагы орун басары, экономист Умбриэл Темиралиев соңку кырдаалдын Кыргызстан үчүн кесепети абдан чоң болорун эскертүүдө.

Умбриэл Темиралиев
Умбриэл Темиралиев

"Кыргызстанга доллар, евро сыяктуу валюталар кантип келет? Анын үч эле жолу бар. Биринчиси - биз башка институттардан насыя түрүндө карызга алып келгенбиз. Бирок азыркы шартта ИДӨнүн көлөмүнө карыздын көлөмү жакындап калганы үчүн карыз алуу кооптуу болуп турат. Экинчиси - экспорттон келген. Үчүнчүсү - мигранттардан келген бекер акча. Бизде соода балансында 3,5-4 миллиард доллар дайыма жетишпейт. Бул өнөкөт адатка айланган. Аны карыз алып жаап жүрсөк, ал мүмкүнчүлүк чектелип калды. Мындай шартта мигранттардын акчасы абдан маанилүү колдоо болуп келген. Эми Орусиядагы мигранттар жумушун жоготсо, мурдагыдай каражат жөнөтө албай калат. Андай болбосо да, орус бийлиги долларды сыртка которууга чектөө салууда. Ошондуктан, мигранттар өз каражатын рубль менен жөнөтүшү мүмкүн. Рублга биз эмне сатып алабыз? Биз күйүүчү май, газ, курулуш материалдарын алышыбыз мүмкүн. Бирок андан башка кийген кийимибизден көтөргөн планшет, телефонго чейин долларга сатып алабыз. Буга байланыштуу мигранттардан келген доллар азайып кетсе, анын таасири абдан чоң болгону турат".

Азыркы шартта Улуттук банк валюта базарындагы абалга көз салып жатканын кабарлады. Мекеме акыркы жагдайда дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырып, валюта базарындагы абалды туруктуу деп сыпаттап жатат. Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева зарыл болсо сомдун курсун убактылуу кармоого аракет көрүлөрүн билдирди:

"Улуттук банк зарыл болгон учурда акча-кредиттик саясаттын алкагында ички валюта рыногун турукташтыруу үчүн керектүү чараларды көрүүгө даяр. Ушу тапта биздин банктын резервдеринин көлөмү 2 миллиард 768 миллион долларды түзөт. Бул өлкөнүн алты айлык импортунун көлөмүн жабууга жетет. Улуттук банк валюта рыногу талап кылса, керектүү өлчөмдө интервенция жүргүзөт".

Карабаева кошумчалагандай, Улуттук банк жыл башынан бери сомдун курсун туруктуу кармоо үчүн үч жолу интервенция жасап, 169 млн. долларды каржы базарына чыгарган. Акыркы жолу 24-февралда 14 млн. доллар сатты.

Мындай шартта бийлик элдин колундагы акчасы күйүп кетпеш үчүн чогулткан каражатты алтын менен сактоого чакырууда. Азыркы тапта Улуттук банк 1 граммдан 13 килограммга чейин алтын куймаларын сатыкка чыгарды.

Инфляция асман чапчыйбы?

Доллар көтөрүлүп, сомдун кунунун түшүшү өлкөдөгү базар бааларына түздөн-түз таасир этип, инфляцияны жогорулатышы мүмкүн.

Кыргызстандын Улуттук банкы быйыл инфляциянын деңгээли 12 пайызга чейин болорун болжолдогон. Бирок эксперттер бул божомолду өтө эле оптимисттик деп атап, соңку окуялардын фонунда быйыл азык-түлүккө баа кескин көтөрүлүшү мүмкүн деп эскертип келишет.

Ушу тапта Батыштын санкцияларынын бутасында калган Орусиянын Борбордук банкы эсептик ченди 9,5 пайыздан 20% чейин көтөрдү. Мындай чечим орус экономикасынын сырткы шарттары кескин өзгөргөнүнө байланыштуу экени айтылды.

"Бул аракет финансылык жана баа туруктуулукту кармайт жана жарандар чогулткан каражаттарды күйүп кетүүдөн коргойт", - деп билдирди орус банкы.

Орусиянын башкы банкынын чечиминен соң коммерциялык банктардагы насыялардын пайызы көтөрүлөт. Бул өз кезегинде бизнестин өнүгүшүн жайлатат жана инфляцияны туруктуу кармоого шарт түзөт.

Кыргызстандын Улуттук банкы да 1-мартта эсептик ченди 8,5 пайыздан 10 пайызга чейин көтөрүп, муну Орусия менен соода-сатыкка көз карандылык менен түшүндүрдү.

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн 32 пайызы Орусияга туура келет. Өткөн жылы эки өлкө ортосунда сооданын көлөмү 2,3 миллард долларды түзсө, анын 70 пайызга жакын же 1,8 миллиарды орус импортуна туура келген.

Кыргызстан Орусиядан азык-түлүк, күйүүчү май, курулуш материалдарынан баштап дары-дармектин басымдуу бөлүгүн импорттойт. Маселен, өлкө 2021-жылы 348 миллион долларга бензин сатып алса, анын 329 миллиону, ал эми былтыр өлкөгө кирген 220 миң тонна буудайдын 125 миң тоннасы Орусиядан ташылып келген.

Мындан улам орус базарындагы баалар Кыргызстанга түздөн-түз таасир этет. Ошондуктан, азыртадан эле Бишкектин базарларында кымбаттоо сезиле баштады.

Бишкектеги базардан бир көрүнүш. Архив. 2021-жыл
Бишкектеги базардан бир көрүнүш. Архив. 2021-жыл

Бишкектеги дүкөндөрдүн биринин сатуучусу Айгүлдүн айтымында, азык-түлүк ташыган фирмалар азыртадан эле өз продукцияларынын баасы көтөрүлөрүн эскертишкен. Маселен, алардын арасында "Кока-Кола", "Пепси", "Асу" сыяктуу суусундуктар бар.

"Азыр "Коланын" бир литри 60 сомду түзөт. Эми канчага кымбаттайт билбейм. "Коланы" алып келген агенттер суусундуктун баасын аныктап беришет".

Бул суусундуктарды өндүргөн "Кока-Кола Бишкек Боттлерс" ишканасынын өкүлдөрү 1-марттан тарта өз продукциясынын баасы боюнча жадыбалды "Азаттыкка" көрсөттү. Ага ылайык, 12 бөтөлкөдөн турган стандарттуу блоктун наркы 631дон 722 сомго көтөрүлгөн.

"Азыркы абалда баалар дагы да көтөрүлөт окшойт", - деди жергиликтүү компаниянын өкүлү.

Ушул сыяктуу негизги азык-түлүк товарларынын баасы көтөрүлөрү күтүлүп жатат.

Эксперт Азамат Аттокуровдун айтымында, быйыл инфляциянын деңгээли Улуттук банк болжолдогондон бир нече пайыз жогорулашы мүмкүн:

"Былтыр инфляция 6 пайыз болот деп божомол кылганда реалдуу инфляция 12 пайызга жакындаган. Азыр болсо 12 пайыз деп жатышат, бирок иш жүзүндө 18-20 пайызга жетиши мүмкүн. Алар кийим-кечеге бааларды статистика үчүн алып жатышат. Бирок негизги товарлар күйүүчү май, азык-түлүк, эт жана сүт. Эгерде алардын баасын карасак инфляциянын деңгээли 20 пайызга жетиши мүмкүн".

Ал эми өкмөт өкүлдөрү базардагы баанын кескин кымбаттап кетпеши үчүн өкмөт аракет көрүп жатканын билдирүүдө. Экономика министри Данияр Амангелдиев бул максатта алгач базардагы чайкоочулук маанайды азайтып, айрым тармактарга колдоо көрсөтүлөрүн айтты:

Данияр Амангелдиев
Данияр Амангелдиев

“Ыкчам планды иштеп чыгып жатабыз, эгер баа кескин көтөрүлсө, жумшартып кеткенге аракет кылабыз. Биринчи эки-үч күндүк планда чайкоочулук маанайды азайтып, товар ташыгандарга компенсация кылып бергенге даярбыз. Азыр мунай ташуучулар менен иштеп жатабыз. Келишимдердин аткарылышын карайбыз, эгер каражаты жетишсиз болсо, кыска мөөнөттүү насыяларды берип, таңкыстык кылбоого аракет кылабыз”.

Мындан сырткары үч айлык мөөнөткө кумшекер жана өсүмдүк майынан баасына мамлекеттик тескөө киргизилип жатканы кабарланды.

Өкмөт өткөн жылы азык-түлүк баасын кармоо жана тартыштыгын алдын алуу максатында буудай үчүн 1,5 миллиард сом, өсүмдүк майы жана кумшекер алууга 300 миллион сом бөлгөн эле.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Орусиядагы кырдаалдан улам күйүүчү май, ун азыктары сыяктуу товарларды алып келүүдө маселе жаралбайт деп ишендирүүдө. Бирок соңку жагдайга байланыштуу алардын баасы кайрадан каралып калышы мүмкүн:

"Эч кандай маселе болбойт. Сүйлөшүлгөн келишимдер боюнча ташылып келет. Бир гана маселе баага байланыштуу. Доллар өстү, рубль түшүп кетти. Ошондуктан, баа боюнча кайрадан сүйлөшүүлөр болуп жатат".

Мындан сырткары баа көтөрүлгөн учурда калктын колунда жок, аялуу катмары кыйналып калбашы үчүн жаңы программа ишке кирет деген убада айтылды.

Президент Садыр Жапаровдун маалыматы боюнча, "Мекен чакырыгы" деп аталган программанын алкагында жумушсуз жарандар акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга тартылат. Ал муну менен жүз миңдеген адамдардын Кыргызстанды жакшыртууга салым кошуусуна жана өз үй-бүлөлөрүн камсыз кылуусуна шарт түзүлөт деп ишендирип жатат.

Доллардын көтөрүлүшү тышкы карызды көбөйттү

Доллардын курсунун көтөрүлүшү Кыргызстандын тышкы карызынын көбөйүшүн да шарттайт. Себеби, өлкө ичинде киреше сом менен табылса, карызды доллар менен төлөөгө туура келет. Тагыраагы, тышкы карыздын 81 пайызы чет элдик валюта менен кайтарууга макулдашылган.

Cabar.asia аналитикалык платформасы жазгандай, соңку күндөрү доллардын курсунун көтөрүлүшүнүн эсебинен эле 29 миллиард сомду ашыкча төлөөгө туура келет.

Тактап айтканда, 2021-жылы доллардын курсу 85 сом болуп турганда тышкы карыздын суммасы 4 миллиард 294 миллион доллар же 364 миллиард сомду түзгөн. Азыр болсо Улуттук банктын расмий курсу боюнча эсептегенде тышкы карыздын суммасы 393 миллиард сомду түзүп калды.

Дал ушундай тобокелдиктерди эске алуу менен кыргыз бийлиги доллардын курсун туруктуу кармоого аракет кылабы деген суроо жаралат.

Президенттик администрациянын Реформалардын саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысы Аскар Бешимов бул кырдаалда өтө ойлонулган чечим кабыл алуу зарылдыгын айтты:

"Азыркы кырдаалда эки тараптуу ой болуп жатат. Сомду кармайбыз деп болгон резервди асманга чачышыбыз мүмкүн. Анын канчалык кажети бар? Экинчиден, сомду кое берсек, баалар кымбаттайт. Анткени, биз 64 пайыз импортко көз карандыбыз. Ошондуктан, ушул абалды жумашартып, кылдат ойлонулган чечим кабыл алуунун үстүнөн иштеп жатабыз".

"Дары-дармек алуу кыйындады"

Орусиянын Украинага басып киришинин артынан Кыргызстандагы дары-дармек базарында кырдаал оорлоду. Бул тууралуу 2-мартта дары коопсуздугуна байланыштуу Саламаттык сактоо министрлигиндеги жыйында айтылды.

Фармацевтика бирикмесинин жетекчиси Эрнис Асановдун айтымында, соңку кырдаалдан улам Украинага берилген бардык буйрутмалар жокко чыгарылды. Ал качан калыбына келери белгисиз.

Ошондой эле Орусиялык өндүрүшчүлөр рублдин курсунун түшүп кеткенине байланыштуу товарларды ташууну белгисиз мөөнөткө токтотту. Бул дары-дармек тартыштыгына жана баанын кымбатташына алып келиши мүмкүн.

Бишкектеги дарыканалардын бири
Бишкектеги дарыканалардын бири

Эрнис Асановдун айтымында, санкциялардан улам көптөгөн европалык өндүрүүчүлөр Орусияга дары-дармектерди жана медициналык каражаттарын ташууну токтотушу ыктымал.

Фармацевтикалык бизнестин өкүлдөрү Саламаттык сактоо министрлигине бааларды жөнгө салуу боюнча пилоттук долбоорду кризис турукташканга чейин токтотууну сунушташты. Министр Бейшеналиев бул маселе боюнча жумушчу топ түзүүнү тапшырды.

Статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, былтыр өлкөгө 168 миллион долларлык дары-дармек ташылып кирген. Анын 26 миллиону Орусияга, ал эми 7,8 миллион доллары Украинага туура келет.

Батыштын санкцияларынын Кыргызстанга кыйыр таасири

Учурда АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү, Жапония, Австралия Орусияга карата бир катаал санкцияларды киргизди. Банк системасынан тарта авиация, транспорт, коммуникация тармактарын тушап, Apple сыяктуу жаңы технология жаатындагы дүйнөдөгү ири компаниялар өз продукцияларын Орусияга сатуудан баш тартууда. Атүгүл дүйнөлүк киностудиялар өз тасмалары Орусия аймагында көрсөтүлбөсүн деп жарыялады.

Булардын ичинен банк тармагына ири сокку урчу чара катары Европа Биримдиги SWIFT аттуу банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган глобалдык системасынан Орусиянын жети ири банкын чыгарды.

Бул санкциялардын Кыргызстанга кыйыр таасири сөзсүз сезилери күтүлүүдө.

SWIFT, банктагы акча которуулар жана башка системалуу тармактарды эске албаганда ар бир кыргызстандыктын капчыгына таасир этип, кошумча түйшүк жаратат.

Маселен, өлкөгө Орусиядан муздаткыч, телевизор сыяктуу турмуш-тиричилик товарлары ташылып келет. Албетте, алардын көлөмү көп эмес. Мындай каражаттар көбүнесе коңшу Кытай менен БАЭ, Түркия сыяктуу өлкөлөрдөн алынат. Ошентсе да, кыргыз базарында орус өндүрүшүндөгү буюмдардын өз үлүшү бар. Расмий маалымат боюнча былтыр Кыргызстанга 92 миң даанадан ашык муздаткыч кирсе, анын 40 миңге жакыны Орусиядан алынган.

Кыргызстанда маалыматтык технологиялар жаатындагы адис Эрмек Ниязовдун пикирин угалы:

Эрмек Ниязов
Эрмек Ниязов

"Айрым электроника, муздаткыч, микротолкундуу меш сыяктуу турмуш-тиричилик буюмдары Орусиядан келет. Ушуларда маселе жаралышы мүмкүн. Себеби, ушулардын тетиктерин Орусия Батыш өлкөлөрүнөн алчу. Эми Кыргызстанга ташып келүүдө маселе жаралышы мүмкүн. Бирок бизде электрониканын көпчүлүгү Дубай, Кытайдан келет. Бизде альтернативдүү жолдор бар".

Ниязов азыр эми бул жаатта мүшкүл жаралбашы үчүн пандемиядан улам чектөөлөр киргизилген Кытай менен сооданы жөнгө салуу зарылдыгын эскертүүдө.

Батыш өлкөлөрү Орусиянын авиация тармагына санкцияларды салып, учак каттамдарына толугу менен тыюу салды. Мындай чектөөлөрдүн да Кыргызстанга түздөн-түз таасири болушу мүмкүн.

Анткени, өлкөдөгү эл аралык каттамдардын негизги багыттарынын бири катары Москвадагы аэропорттор саналчу. Четке чыккан кыргызстандыктардын бир бөлүгү Москва аркылуу Батыш өлкөлөрүнө учуп жүрүшкөн. Бул тармакта албетте башкы оюнчу катары түркиялык авиакомпаниялар саналып, Стамбул аркылуу жүргүнчүлөр тигил же бул жактарга учушат.

Ошентсе да, Москва менен каттам жабылган соң учак билеттеринин баасында өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Өлкөдөгү жергиликтүү авиакомпаниялардын биринин директору Алик Аскаров буларды билдирди:

"Албетте, альтернативдүү багыт жабылат. Бул билеттин баасынын кымбатташына негиз болот. Рынок деген ушул экен. Бирок бизде жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү Стамбул аркылуу, Алматы, Нур-Султан аркылуу уча берет".

"Дүйнөлүк тасмалар коюлбай калышы мүмкүн"

Биз жогоруда белгилегендей, Disney, Warner Brothers сыяктуу дүйнөлүк киностудиялар өз тасмалары Орусия аймагында көрсөтүлбөй турганын жарыялаган. Мунун Кыргызстанга түздөн-түз таасири болору айтылууда.

Анткени, аталган киноиндустриясынын гиганттары тарткан тасмаларды көрсөтүү үчүн Орусиядагы бөлүмдөрү менен келишим түзүлүп, андан соң Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө тарайт. Бишкектеги "Синематика" кинотеатрлар түйүнүнүн директору Алмаз Кайыповдун айтымында, ушу тапта бул маселе боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат:

"Көпчүлүк студиялар Москвада жайгашкан. Алар аркылуу Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан, Беларус, Арменияга тасмалар көрсөтүлөт. Москвада дубляж болот. Бизде аны кылууга мүмкүнчүлүк жок, пайдасы да аз. Ошондуктан, санкциялар салынган соң дүйнөлүк премьераларды Кыргызстанда көрсөтүүгө тоскоол болушу мүмкүн деген коркунуч бар. Биз азыр дүйнөлүк ири компаниялар кат жазып байланышып жатабыз, мындан ары кандай иштешибиз эми белгилүү болот".

Кайыпов бардык өлкөлөрдө коюлуп жаткан "Бэтмен" фильмин кыргызстандыктар азырынча көрө берерин кошумчалады.

Мындай жол менен Орусияга салынган санкциялардын таасири Кыргызстандагы ар бир тармакка кыйыр түрдө болсо да сезилиши ыктымал.

Соңку кырдаалда инфляция, жумуш орундарынын кыскарышынан улам орус жергесинде иштеп жүргөн миллиондон ашык кыргызстандык мигранттардын бир бөлүгү мекенине кайтышы мүмкүн экенин эксперттер эскерте баштады.

"Кризис жаңы мүмкүнчүлүккө жол ачабы?"

Батыш Орусияга эшигин жаап, санкцияларга тушуккан учурда айрым адистер Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылышы мүмкүн деп болжолдоодо. Бул өлкө экономикасын диверсификациялап, жеке бизнес үчүн жаңы базарды табуу, реэкспортту жолго коюу сыяктуу варианттар аталууда.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, "Альянс" партиясынын теңтөрагасы Мирлан Жээнчороевдин айтымында, ушундай учурда өлкө бийлиги чет элдик капиталды Кыргызстанга тартуу үчүн шарт түзүү керектегин айтууда:

"Биздин айрым өнөктөштөр санкцияга туш болууда. Мындай учурда капитал ыңгайлуу жерлерди, ыңгайлуу өлкөлөрдү издейт. Дал ушул учурда бизге келгендей шартты түзүү зарыл. Ошондуктан, мамлекет кепилдиктерди берип, биздин өлкөгө жаңы ишканаларды ачып, каражат алып келсе болот. Мунун үстүнөн иштешибиз керек".

Эксперт Азамат Аттокуров азыркы тапта Орусия менен иштешпей калган ишканалар башка өлкөлөргө орун которууга кызыкдар болот. Ушундай учурда аларды Кыргызстанга кызыктыруунун үстүнөн иш алып баруу зарыл деген пикирде.

"Орусия, Украина, Беларуста иштеген IT компанияларды чакыруу керек. Азыр алардын көпчүлүгү келгенге даяр. Аларга ыңгайлуу каттамдарды уюштуруп, акылдуу адамдары алып келүүгө шарт түзүү зарыл. Он миңдеген IT адистер азыр иштешчү жер издеп турат. Андан сырткары быйыл туриисттик сезондо орусиялыктарды алып келүүнүн үстүнөн иштешибиз керек. Алардын чет өлкөгө чыгышына кыйын болуп турганда биздин каттам ыңгайлуу болот".


Бул пикирди экономист Умбриел Темиралиев да колдойт. Анын пикиринде, бул иште жеке бизнес активдүүлүк көрсөтүшү керек:

"Орусия - бул 140 миллиондук базар. Азыркы шартта кызмат көрсөтүүнүн жол-жобосун иштеп чыгуу зарыл. Мурдагыдай эле импортту эле карай бербей азыркы шартта жеке бизнес баш болуп кызмат көрсөтүүгө даярдык көрүүгө чакырам".

Бирок адистер бул иштерди жүргүзүүдө өтө кылдат болуу зарыл экенин эскертүүдө. Себеби, азыркыдай олку-солку кырдаалда мыйзамсыз же ашыкча кадам менен Кыргызстан Орусия туш болгон санкциялардын капшабына илинип калышы да мүмкүн.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG