Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:49

“Бул ооздугу жок инфляция”: кескин кымбаттоолор күтүп турат


Бишкектеги азык-түлүк базары. Архив сүрөт.
Бишкектеги азык-түлүк базары. Архив сүрөт.

Кыргызстандыктар үчүн кымбаттоолор кадыресе көрүнүш болуп калды окшойт. Дүкөндөрдө ай сайын эле баалар өзгөргөнүн көрөбүз. Бирок, 2022-жылы кырдаал мындан дагы оор болушу ыктымал. Орусиянын Украинага басып киришине байланышкан кырдаалдан кампалар дагы, муздаткычтар дагы бош калышы мүмкүн.

Кыргызстандын Улуттук банкы быйыл инфляция 12 пайыз болорун болжоп турат. Бирок эксперттер муну өтө эле оптимисттик көз караш деп баалап, кымбаттоолор андан кыйла эле жогору болушу мүмкүн деп эсептейт. Ал тургай экономикалык өсүштүн жанданышы менен коштолгон, салыштырмалуу туруктуу эсептелген 2021-жылы деле өлкөдө инфляция 11,2% түздү.

Инфляцияга божомол

Орусиянын Борбордук банкы Батыш өлкөлөрүнүн Орусияга санкцияларынын фонунда негизги ченди 9,5 пайыздан рекорддук 20 пайызга көтөрдү. Жөндөгүч (регулятор) орус экономикасы үчүн сырткы шарттар "кескин өзгөрдү" деп түшүндүрдү.

"Бул каржылык жана баа туруктуулугун сактоого, жарандардын аманаттарынын кунсузданышынан коргоого жардам берет", - деп билдирди Орусиянын Борбордук банкы. Ошондой эле учурдагы жана күтүлгөн инфляцияны эске алуу менен негизги чендик пайыздар боюнча мындан ары дагы чечимдер болорун кошумчалады.

"20% чен - мурда мындайды угуп, көрбөгөнбүз! Эмнеге мындай жогорку ченди коюшту? Банктар бул насыяларды алышына жол бербөө үчүн. [Орусиянын] банктары ипотека жана башка насыялар үчүн пайыздык чендерди көтөрүштү”, - деп түшүндүрдү кыргызстандык экономист Азамат Аттокуров.

Негизги чен дегенибиз - Борбордук банктын коммерциялык банктарга насыя берүү пайызы. Борбордук банктын артынан эле башка банктар калкка насыянын пайызын көбөйтүшөт. Натыйжада, бизнес өзүнүн өнүгүүсүн басаңдатып, керектөөчүлөрдүн суроо-талабы кыскарат, бирок инфляция басаңдайт.

Жылдын башында Орусиянын Борбордук банкы инфляциянын деңгээлин 4% деп болжогон. Февралдын орто ченинде божомол 6% чейин өстү. Акыркы окуялардан кийин орусиялыктарды кандай баалар күтөрүн Борбордук банк азырынча маалымдай элек.

“Балким, инфляция өтө тездик менен 15–20% чейин өсүшү мүмкүн. Кийинки жылдарда баалардын кымбатташы ооздукталат", - дейт жергиликтүү басылмаларга курган маегинде Райффайзенбанктын аналитиги Станислав Мурашов.

Мунун артынан эле Кыргызстандын Улуттук банкы пайыздык ченин 8,5% -10% чейин көтөрдү. Мындай чечимин өлкөдөгү баанын динамикасы Орусия менен соодага көз каранды деп түшүндүрдү.

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн дээрлик 32% Орусияга туура келип, анын эң ири соода өнөктөшү десе болот. Өткөн жылы өлкөлөр ортосунда 2,3 миллиард доллар соода жүгүртүлүп, анын 1,8 миллиард долларын Орусиянын импорту түздү.

Кыргызстан керектөө товарларынын бардык түрлөрүн импорттойт. Бул Орусиядагы баалардын өзгөрүшүнө өтө сезимтал келет деген кеп.

Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майдын, буудайдын, курулуш материалдарынын, зер буюмдарынын жана ал тургай тиричилик техникасынын кээ бир түрлөрүнө чейин Орусиядан ташыйт.

“Көптөгөн товарлар Орусиядан же ушул өлкө аркылуу келет”, - дейт Эл аралык ишкерлер кеңешинин төрагасы Аскар Сыдыков.

"Маселен, Орусия менен Украинадан келген дары-дармек жана медициналык буюмдардын үлүшү 60% түзөт, - дейт Фармацевтика бирикмесинин жетекчиси Эрнис Асанов. - Санкцияларга байланыштуу көптөгөн европалык өндүрүшчүлөр Орусияга дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды берүүнү токтотушу мүмкүн. Бул сөзсүз түрдө орусиялык өндүрүүчүлөрдүн экспортун токтотууга жана алардын ички базардын гана керектөөлөрүн жабуу менен алектенишине алып келет".

"Баалар өсө берет..."

Товар жеткирүүчүлөр 1-марттан тарта "Кока-Кола", "Пепси", "Асу", "Вимм Билль Данн" компаниялары өндүргөн продукциялардын баасы кымбаттай турганын эскертти. Алдыда бардык негизги товарларга баанын кымбатташы күтүлөт.

Бул "Кока-Кола Бишкек Боттлерс" жабык акционердик коомунун продукциясынын жаңы дүң баалары көрсөтүлгөн жадыбалы. 1-марттан тарта стандарттуу таңгак (12 литрлик бөтөлкө) баасы 631 сомдон 722 сомго чейин кымбаттайт. Баанын кымбатташы дээрлик 14%.

"Орусия менен Украинадагы кырдаалга байланыштуу баа мындан кийин дагы өсө берет”, - деди жергиликтүү компаниялардын биринин кызматкери.

Экономист Аттокуров белгилегендей, инфляция мындан ары да тездешине эч кандай күмөн жок.

“Бизге гречка, кумшекер жана бардык негизги азык-түлүктөр Орусия менен Беларустан келет. Аларда бул азык-түлүккө болгон баалар 38% чейин көтөрүлүп жатат. Бул ооздугу жок инфляция. Бензиндин баасы буга чейин көтөрүлүп кеткен. Айталы, АИ-92 үлгүсүнүн бир литри дээрлик 62 сомдон сатылууда. Ушундан кийин азык-түлүктүн баасы көтөрүлөт”, - деди ал.

Министрлер кабинети эң зарыл делген товарлардын баасы алып-сатарлар эсебинен кымбаттап кетишенен чочулап турат. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев 1-мартта бизнес-ассоциациялары менен болгон жолугушууда, ири өндүрүшчүлөр койгон бааларга такай көзөмөл жүргүзүлөрүн эскертти. Ошондой эле үч айга мамлекет тарабынан бааларды жөнгө салуу киргизилип, айрым азыктарга максималдуу соода үстөктөрү белгиленди.

Өткөн жылы Министрлер кабинети азык-түлүктүн жетишсиздиги же баа кескин көтөрүлгөн учурда сатып алуу чечимин кабыл алган. Алдыдагы кышка карата резервдерди түзүү үчүн мамлекет казынасынан буудай сатып алууга 1,5 миллиард сом, өсүмдүк майы жана кумшекерге 300 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Министрлер кабинети азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу үчүн буудайды сыртка экспорттоого тыюу салып, өлкөгө буудай жана ун ташып кирүүгө кошумча нарк салыгын убактылуу алган.

Экономика министри Амангелдиев ишкерлер менен болгон жолугушууда социалдык маанидеги товарлардын мамлекеттик резерви тынымсыз толукталып турарын убада кылды.

Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Арзыбек Кожошев "Азаттыкка" комментарий берип жатып, "жеткирүү жагынан эч кандай маселе жаралбашы керек, бардык келишимдер аткарылат" деп ишендирди. Болгону доллардын мындай кескин көтөрүлүшү менен кантип төлөө жагын чечүү керек. Бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнө караганда Кыргызстан баанын өсүшүнөн көбүрөөк жабыркайт. Уюмга кирген өлкөлөрдүн ичинен азык-түлүк коопсуздугу боюнча Кыргызстан эң төмөнкү деңгээлде.

Экономика министри Данияр Амангелдиев импорттук азык-түлүккө жана керектелүүчү товарларга болгон көз карандылык Кыргызстандын экономикалык коопсуздугуна олуттуу коркунуч болуп жатканын эскертти.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө керектелүүчү жана азык-түлүк товарларынын 70% ашыгы сырттан ташылат.

Ошол эле маалда Кыргызстан ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ичинен сатып алуу жөндөмдүүлүгү эң төмөн өлкө саналат. Орточо айлык акыга Бишкектен эки-үч эсе аз азык-түлүк сатып алса болот. Бишкектеги эң арзан азык-түлүк деле (Кыргызстандагы маяна менен) ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башка борборлоруна караганда кымбатыраак.

Улуттук банк 2022-жылга инфляцияны 12% чегинде кармап турууга аракет кылууда. Бирок мындан бир нече эсе өсүп кетиши мүмкүн. Дүйнөлүк каржы базарларындагы олку-солку, туруксуз кырдаал кошумча инфляциялык басымды жаратууда. Мындай шарттарда Улуттук банктын акча-насыя саясаты биринчи кезекте баалардын туруктуулугун сактоо максатында жүргүзүлөт.

“Өткөн жылы 6% болжолдогон менен реалдуу инфляция 12% жакын болгон. Азыр 12% коюшту, бирок инфляция 18%, балким 20% ашат. Көрдүңүзбү, алар [статистика үчүн] байпак, кийим-кече жана башкаларды алышат. Бирок эң негизги товарлар күйүүчү-майлоочу майлар жана тамак-аш, эт, сүт азыктары. Аларды карап көрсөңүз, инфляция 20% жакын болот”, - дейт экономист Азамат Аттокуров.

Бирок, Эл аралык ишкерлер кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков кесиптешинин божомолу менен макул эмес. “Анткени Улуттук банкта дагы мыкты адистер бар” дейт ал.

“Эгер алар алдын ала ушундай болжосо, балким бул адекваттуу баа болушу мүмкүн. Баары окуянын мындан кийинки өнүгүшүнө жараша болот. Азыр божомолдоо кыйын”.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG