Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Өкмөт айыл чарба насыясын алгандарды тескейт


Кыргыз бийлиги быйыл айыл чарбасына 30 жылда болуп көрбөгөндөй каражат бөлүп жатканын билдирүүдө.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, быйыл айыл чарбасына 26 млрд. сом бөлүнүп жатат. Дыйкан-фермерлер 6% менен насыя ала алат. Буга байланыштуу президент насыяларды той-ашка эмес, чарбага жумшоону эскертип, мамлекет катуу көзөмөлгө алат деп кайрылуу жасады. Айыл чарбасына алынган насыялар канчалык туура пайдаланылат?

Ысык-Көл облусундагы Түп районунун тургуну Майрамбек Кулукеев быйыл айыл чарбасына мурдагыга салыштырмалуу көбүрөөк насыя бөлүндү деген ойдо.

“Азыр насыя көп келди деп айтылып жатат. Мурда дыйкандарга жетчү эмес. Ким алганын деле билбей калчубуз, айтылчу дагы эмес. Бирок азыркы насыя деле жетпей калды. Насыя алабыз деп көп адам чуркап жүрөт”.

Түп районунун дагы бир тургуну Эмил Кожомамбетов болсо өкмөт убадалаган насыя банктарда жок калганын айтат.

“Иним барса акча аз калды дептир. Азыр 17% менен гана коммерциялык насыя берип жатыптыр. Үрөнгө дагы элдин баары жазылганбыз. 50 сомдун тегерегинде деген, бирок 56 сомдон 20 тонна келиптир. 20 тонна деген бир КамАЗ да. Алып келгенге жараша кенен эле алып келишпейби”.

Ал эми Ат-Башы районунун акиминин биринчи орун басары Болот Абдыжапаровдун айтымында, быйыл аталган районго былтыркыга салыштырмалуу эки эсе көп жеңилдетилген насыя бөлүнгөн.

"Мисалы 2021-жылы "Айыл Банк" жалпы 14 млн. сом насыя берген экен. Быйыл жылдын башында 33 млн. сом насыя келди. Бул биринчи транш, эми дагы насыяга таратчу каражат келет. "Айыл банктан" башка дагы мамлекеттик банктарда жеңилдетилген насыя берилип жатат".

Ал арада президент Садыр Жапаров 22-февралда "Фейсбук" баракчасы аркылуу жазгы талаа жумуштарын утурлай дыйкандар менен фермерлерге кайрылды.

Анда үч жылдык мөөнөт менен үстөгү 6% жеңилдетилген насыя берилип жатканын, жалпысынан бул багытта бюджеттен 26 миллиард сом бөлүнгөнүн белгилеген.

Бул каражаттын 1,5 миллиарды үрөн сатып алууга, дагы 1 миллиарды ирригация тутумун жакшыртууга берилет. Дыйкандар үрөндү 4,5% үстөгү менен эки жылдык мөөнөткө алса болот.

"Буга чейин насыя алгандан кийин аны максаттуу иштерге жумшабай койгон учурлар арбын эле. Жер айдоого алынган насыяга той бермей, үй оңдомой, машина сатып алмай жана башка адаттарыбыз болгонун эч ким танбастыр. Андыктан сиздерден сураныч, эми андай кылбастан “бирди эки, экини үч кылып алганга” жетишсеңиздер жакшы болот эле. “Алмайдын бермейи бар” дегендей, алган насыяны сөзсүз төгүш керек экенин унутпасаңыздар! Быйыл дыйкандардын бир бөлүгү алса, кийинки жылы экинчи бөлүгү, аркы жылы үчүнчү бөлүгү насыя алуусуна шарт түзүп беришибиз керек", - деп жазды Садыр Жапаров.

16-февралда жазгы талаа иштерине өкмөттүн даярдыгын парламент депутаттары уккан. Маалымат берүүгө келген Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дагы айыл чарбага насыя алгандар тыкыр көзөмөлдө болорун, жеңилдетилген шартта берилген насыяны максаттуу колдонбогондор, коммерциялык насыянын шарты менен кайтарып төлөөгө милдеттүү экенин эскерткен.

“Ар бир банкта атайын программа коюлат. Акчанын көпчүлүгүн эгер жер семирткич алам десе жер семирткичке, күйүүчү май десе күйүүчү майга которуп беребиз банктын өзүнөн. Айыл өкмөттөгүлөр, акимдер, бүт баары дүрбү салып карайбыз мындан ары. Өкмөт элдики, “Айыл банк” жана “РСК банк” элдики, жакында “Керемет банкты” кошуп жатабыз. Элге үстөк пайызы азыраак, мөөнөтү узагыраак насыя керек. Ушул милдеттерди аткарууга киришти бул банктар. Баарын карайбыз, акчаны бөлөк жакка которгондор боло турган болсо ордуна коёбуз. Ошондуктан акчаны накталай эмес, которуу жолу менен берүүгө өтүп жатабыз”.

Акылбек Жапаровдун айтуусунда, жеңилдетилген насыяны максатсыз короткондор коммерциялык банктардагыдай 19-22% үстөк менен кайтарып беришет.

Министрлер кабинети билдиргендей, акыркы тогуз жылда жалпы 40,7 млрд. сом жеңилдетилген насыя берилген. Быйыл 26 млрд. сом берилгени турат.

Айыл чарба тармагындагы адис Адилет Тентиев өкмөт насыя берүү стратегиясын өзгөртмөйүн айыл чарбасына бөлүнгөн каражаттын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөй албайт деп эсептейт.

"Мал чарбасына бөлүнгөн насыяны Айыл чарба департаменти көзөмөлдөш керек. Банктын эксперттери калькулятор басканды гана билет. Департаменттин өкүлдөрү кайсы малга, кайсы өсүмдүккө беребиз деп стратегияны жүргүзүш керек. Кыздын сыры төркүнгө маалым дейт, насыя берүүгө айыл өкмөтү аралашыш керек. Көзөмөлдөөгө прокуратураны кошуш керек. Ошондо насыя туура багытта жумшалат, убагында кайтарылат. Мал чарбасына берилген насыянын стратегиясын толук карап чыгыш керек. Мисалы насыя алсаң бир айдан кийин үстөгүн, алты айдан кийин негизги сумманы төлөп башташың керек. Фермерлер бул жагынан дагы кыйналып калышууда".

Былтыр ноябрда Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында Улуттук коопсуздук комитетине дыйкандарга бөлүнгөн жеңилдетилген насыяны текшерип-иликтөөнү тапшырган. Анда Эсеп палатасы мындай насыянын 3% гана дыйкан-фермерлерге жетерин аныктап чыкканын маалымдаган.

Дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү 2011-жылдан башталган. Былтыр бул максатта алты миллиард сом бөлүнүп, долбоор менен иштеген беш банкка таратылып берилген.

Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев айыл чарбасына каражат бөлүү туура болгонун белгилеп, дыйкан-фермерлерди насыяны туура колдонууга чакырды.

“Бул абдан чоң акча. Каражатты айыл чарбасына салганы туура болду. Экономика качан өсөт? Биринчи кезекте жерден чыккан продукциядан жана колдон жаңы чыккан товардан өсөт. Биздин ички дүң продукциянын 50% кызмат көрсөтүү түзөт. Ошондуктан өндүрүш, айыл чарба багытында иштеш керекпиз. Эми насыяны кантип кайтарабыз? Дыйкан-фермер өзүнүн, баласынын келечегин ойлосо насыяны туура пайдаланып, пайда көргөнгө аракет кылыш керек. Насыя алып андан пайда көрүп кайра кайтарып берген маданиятты жалпы элибизде калыптандырчу убакыт келди”.

Кыргызстан үч эле азык менен өзүн-өзү камсыздай алат алар - картөшкө (123%), сүт (132%) жана жашылча. Социалдык маанилүү башка азык-түлүктүн көбү сырттан импорттолот. Өкмөт Кыргызстанда өндүрүлгөн азыктардын бардык түрүн үч жылда 85% жеткирүүнү пландоодо.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG