Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:37

Жапаров: Арзан насыя алган дыйкандарды "дүрбү салып" текшеребиз


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Мамлекеттик банктан айыл чарбага насыя алгандар тыкыр көзөмөлдө болорун бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңеште жазгы талаа иштерине даярдык талкууланып жатканда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Ал жеңилдетилген шартта берилген насыяны дыйкан-фермерлер максатка ылайык колдонбосо, коммерциялык насыянын шарты менен кайтарып төлөөгө милдеттүү болорун эскертти:

“Ар бир банкта атайын программа коюлат. Акчанын көпчүлүгүн эгер жер семирткич алам десе жер семирткичке, күйүүчү май десе күйүүчү майга которуп беребиз банктын өзүнөн. Айыл өкмөттөгүлөр, акимдер, бүт баары дүрбү салып карайбыз мындан ары. Өкмөт элдики, “Айыл банк” жана “РСК банк” элдики, жакында “Керемет банкты” кошуп жатабыз. Элге үстөк пайызы азыраак, мөөнөтү узагыраак насыя керек. Ушул милдеттерди аткарууга киришти бул банктар. Баарын карайбыз, акчаны бөлөк жакка которгондор боло турган болсо ордуна коебуз. Ошондуктан акчаны накталай эмес, которуу жолу менен берүүгө өтүп жатабыз”.

Жыйында айтылгандай, айыл чарба насыясы 6% менен берилет. Коммерциялык насыянын үстөгү – 22%.

Жапаров дыйкандарга жеңилдетилген шартта насыя берүү үчүн быйыл 26 миллиард сом бөлүнүп жатканын айтты.

Кыргызстандын аймагынын көпчүлүк бөлүгүн тоолор ээлейт. Өрөөндөрдө жана дыйканчылык аймактарда фермерлер түрдүү азык-түлүк айдаганы менен айыл чарба продукциясы сырттан да ташылып келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG