Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:20

Парламент жазгы талаа иштерине даярдыкты талкуулап жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеште бүгүн, 16-февралда жазгы талаа иштерине даярдык маселеси талкууланууда. Жыйынга катышкан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дыйкан-фермерлерге колдоо көрсөтүү максатында жеңилдетилген шартта насыя берилерин, үрөн жана сугат суу маселелерин чечүүгө да каражат бөлүнүп жатканын айтты:

“Быйыл президенттин тапшырмасы менен бизге баш ийген банктарды капиталдаштыруу аркылуу уставдык капиталын көбөйтүп, “Айыл банк” жана “РСК банк” аркылуу түздөн-түз 26 миллиард сомду 6% чейин айыл чарбасына насыя катары беребиз. Бул быйылкы жазгы талаа иштерине финансылык жактан даярдыгыбыз. Мындан тышкары биринчи жолу 1,5 миллиард сом бөлүп, үрөн алдырдык. Суу татаал болгондуктан, ирригацияга 1 миллиард сом бөлүп берип, техникасына акча бөлүп жатабыз”.

Жапаров жеңилдетилген насыянын өздөштүрүлүшү көзөмөлдө болорун, мисалы, кант кызылчасын өстүрөм деп 6% менен акча алган дыйкан күзүндө кызылчасын төкпөсө 22% менен төлөөгө милдеттүү болорун кошумчалады.

Кыргызстандын аймагынын көпчүлүк бөлүгүн тоолор ээлейт. Өрөөндөрдө жана дыйканчылык аймактарда фермерлер түрдүү азык-түлүк айдашканы менен айыл чарба продукциясы сырттан да ташылып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG