Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:28

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү үй камагына чыкты


Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү Нурлан Мамытов үй камагына чыгарылды. Бул маалыматты “Азаттыкка” Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунан ырасташты. Расмий маалыматка караганда, 15-февралда тергөөчү шектүүнүн баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүч келтирип, сот аны канааттандырды.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү Нурлан Мамытов кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынганы тууралуу маалыматты 15-февралда “Азаттык” радиосуна тастыктаган. Соттун чечими менен ал 8-мартка чейин камакка алынган.

Мамытовду УКМКнын кызматкерлери Жазык кодексинин “Коррупция” беренесинин негизинде кармаганы айтылууда. Атайын кызмат да, фонд да азырынча бул тууралуу расмий маалымат бере элек.

Орус-Кыргыз фонду эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда 2014-жылы кол коюлган келишимдин негизинде түзүлгөн. Ал Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине интеграция болуусуна көмөктөшөт деген жүйө келтирилген. Фонддун кеңеши беш, башкармалыгы беш мүчөдөн турат.

Нурлан Мамытов башкармалыктын мүчөсү болуп 2021-жылдын июнь айында дайындалган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG