Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:18

"Улуу көчмөндөр мурасы" 32ден ашуун долбоорду сунуштады


Мамлекет башчы Садыр Жапаров 16-февралда “Көчмөндөр мурасы” Улуттук холдинг компаниясынын ишмердүүлүгү боюнча кеңешме өткөрдү.

Анда ата мекендик экономиканы стимулдаштыруу, минералдык-сырьелук базаны, өнөр жайды, гидроэнергетикалык потенциалды, санариптик технологияларды өнүктүрүүгө багытталган 32 жана билим берүү, туризм, медицина тармагындагы долбоорлор сунушталды.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, сунушталган демилгелердин арасында Ысык-Көл облусунда цемент заводунун курулушу, өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 5 миллион тонна болгон “Кавак” күрөң көмүр бассейнин өздөштүрүү долбоору, Куттуу-Сай, Талды-Булак, Андаш кендерин өздөштүрүү бар, Чоң-Кемин, Кара-Көл жана Орто-Токой ГЭСтерин куруу, билим берүү жана IT тармагын колдоп, өнүктүрүү долбоору, өнөр жай жана кайра иштетүү ишканаларын куруу бар.

Мамлекет башчы сунушталган долбоорлордун концепциясын жактырып, “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” Улуттук холдинг компаниясы 2022-жылга карата бюджетин бекитип, долбоорлорду өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Президент сунушталган бардык долбоорлорду көрсөтүлгөн убактысында аткарууну тапшырды.

Кыргыз өкмөтү өлкөдөгү ири кендерди ата мекендик компаниялар иштете турганын билдирип, 2021-жылдын декабрында "Улуу көчмөндөрдүн мурасы” мамлекеттик ишканасын түзгөн. Холдингдин түзүүчүсү катары Финансы министрлиги аталса, уставдык капиталы 100 млн. сом өлчөмүндө белгиленген.

Мекеменин негизги максаттарынын бири - эл аралык тажрыйбаны колдонуу менен жер казынасын пайдалануу жана экономиканын аны менен байланышкан тармактары жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн колдо болгон мамлекеттик ресурстарды максималдуу концентрациялоого жөндөмдүү ири интеграцияланган структураны түзүү болуп саналат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG