Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:07

Лыжачы Гордеев Олимпиададагы оюндарын жыйынтыктады


Максим Гордеев.
Максим Гордеев.

Кыргызстандык лыжачы Максим Гордеев Бээжиндеги Олимп оюндарында лыжа тебүүнүн слалом дисциплинасында күчүн сынады.

Ал катышкан эркектер арасында лыжа тебүү спортунан жалпы 88 лыжачы күчүн сынаган. Кыргызстандык спортчу 81-номерде катышып, биринчи аракетинде кулап, марага жетпей калган. Жалпысынан 31 спортчу биринчи аракетте финишке жете алган эмес.

Максим Гордеев 26 жашта. Лыжа боюнча Кыргызстандын чемпиону. Ал 2022-жылы Бээжин Олимпиадасына жолдомого ээ болгон кыргызстандык биринчи спортчу болуп калды. Ал Ачылыш аземдеги парадда кыргызстандык лыжачы Максим Гордеев катышып, стадиондо өлкөнүн туусун көтөрүп өткөн. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG