Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:38

Кыргызстанда жасалган алгачкы он автобусту мамлекет сатып алмай болду


«Белес.kg» ишканасынын автобусунун ишин президент Садыр Жапаров өзү текшерип көрдү.
«Белес.kg» ишканасынын автобусунун ишин президент Садыр Жапаров өзү текшерип көрдү.

Автобус кураштыруучу «Белес.kg» ишканасы чыгара турган алгачкы 10 автобусту мамлекет сатып алат. Бул тууралуу бүгүн 15-февралда компаниянын иши менен таанышканы барганда президент Садыр Жапаров билдирди.

Мамлекет башчысы бул транспорт каражаты жакшы болуп чыкса, келечекте ишкана менен туруктуу негизде кызматташуу мүмкүнчүлүгү карала турганын белгиледи.

Автобус кураштыруу менен алектенген алгачкы бул ишкана Чүй облусунда жайгашкан. SAE (АКШ) автоунаа инженерлери берген тастыктама өндүрүштү уюштурууга жана дүйнөлүк компаниялар менен кызматташууга жол ачкан.

"Нөлдөн баштап толук кураштырууну кыргызстандык адистер өздөрү ишке ашырат, андыктан автобусту толугу менен кыргызстандык продукция деп атоого болот", - деп белгиледи президенттин басма сөз кызматы.

Жакынкы күндөрү үлгүсү лабораториялык жана талаа сыноолорунан өтүү үчүн чет жакка жөнөтүлөт, андан соң өндүрүштүк масштабда чыгаруу пландалууда.

Кыргызстанда коомдук автоунаа маселеси орчундуу көйгөйлөрдүн бири. Тейлөөнүн сапатына жана транспорттун жетишсиздигине байланыштуу бир нече жолу нааразылык акциялары өткөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG