Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:09

Баткенде чек ара боюнча кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталды


Кыргыз тараптан жолугушууга Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев баштаган делегация катышты. 
Кыргыз тараптан жолугушууга Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев баштаган делегация катышты. 

Баткен шаарында бүгүн 15-февралда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу жыйынтыкталды. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүүлөр 10-февралда башталган.

Эки өлкөнүн өкүлдөрү тактала элек тилкелердеги чек ара сызыктары боюнча пикир алмашып, кийинки жолугушууну Тажикстандын аймагында өткөрүүнү макулдашышты.

Сүйлөшүүгө кыргыз тараптан Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев баштаган делегация катышты.

Кыргызстан төрт мамлекет менен чектешет. Казактан жана Кытай менен чек ара тилкелери такталып бүткөн. Өзбекстан менен 95% жакыны такталган.

Тажикстан менен сүйлөшүүлөр 2002-жылы башталган, ортодогу чек аранын 60 пайызга жакыны такталган.

2021-жылдын жазында Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон, үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Кийин сүйлөшүүлөр уланып, эки тараптуу жыйындарды пландуу негизде өткөрүп туруу макулдашылган.

Быйыл 27-январда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атышууга чейин жетти. Кыргызстандан жалпысынан 12 жаран жараат алса, Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны набыт болуп, дагы 10 адам жараат алганын жазып чыкты. Бул жолу да тараптар бири-бирин айыптаган билдирүүлөрдү жасады. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG