Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:29

Ысык-Көлгө заманбап оорукана курууга инвестор издөө аракети көрүлүүдө


Бостери айылынын жетекчилиги Саламаттык сактоо министрлигинин бөлүм башчысы Айнура Акматова менен.
Бостери айылынын жетекчилиги Саламаттык сактоо министрлигинин бөлүм башчысы Айнура Акматова менен.

Ысык-Көл районунун Бостери айылынын жергиликтүү бийлиги айылга заманбап медициналык жай куруу үчүн инвестор издеп, Бишкекте бир катар жолугушууларды уюштуруп жатканын “Азаттык” радиосуна 15-февралда Бостери айыл аймагынын башчысы Курманбек Сопуев билдирди.

Жергиликтүү депутаттардын, адистердин өкүлдөрүнөн турган топ өлкө жетекчилигине, тийиштүү мекемелерге кат жазып кайрылып, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк шартта инвестор табууга жардам сурап жатышат.

Сопуевдин айтымында, жайкысын Кыргызстан боюнча негизги курорттук аймакка айлануучу Бостериге инвестор табылса курула турган оорукана Ысык-Көл облусун гана эмес, коңшу Нарын облусун да тейлөөгө мүмкүнчүлүк ачылмак:

“Нарындан да шаарга (Бишкек – ред.) жеткенге мүмкүнчүлүк кээде болот, кээде болбойт. Бизден да кээде ооруканага жетүү мүмкүн болбой, жолдон өтүп кеткен фактылар бар. Ошондуктан биз Ысык-Көлдү жана Нарынды камтый турган, облустук масштабдагы бир оорукана салсакпы деген оюбуз бар. Инвестиция менен, четтен келген донорлордун жардамы менен салдырбасак, биздин жергиликтүү же райондук бюджет менен оорукана сала албайбыз. Бостери айыл аймагында оорукана жок, эки айылга бир Фельдшердик-акушердик пункт бар. Жайдын күнү калктын саны 1 миллионго чукулдайт, аны үч медицина кызматкери тейлей албайт”.

Сопуев белгилегендей, Түркиянын Rönesans Holding курулуш жана инвестиция компаниясы менен сүйлөшүү жургүзүү аракети да көрүлүүдө. Жакында бул компания Казакстанда ооруканаларды куруу боюнча 500 миллион долларга мамлекеттик-жеке өнөктөштүк шартта кызматташуу макулдашуусуна кол койду.

Кыргызстанда медициналык мекемелердин көбү Совет мезгилинде курулгандыктан эскилиги жетип турат. Мамлекеттик ооруканаларда иштөөнү каалаган дарыгерлер да жетишсиз. (RK)

XS
SM
MD
LG