Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:28

Парламентте адам укугу менен эркиндиги талкууланды


Иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышы. Коллаж.
Иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышы. Коллаж.

Жогорку Кеңеште 15-январда "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын демилгеси менен Кыргызстандагы адам укугунун жана эркиндигинин абалы талкууланды. Ага Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков баштаган бийлик өкүлдөрү, депутаттар, саясатчылар, юристтер жана укук коргоочулар катышты. Талкууда өлкө демократия тууралуу эл аралык рейтингдерде авторитардык режимдеги өлкөлөрдүн катарына кошулганы, адам укугу одоно бузулган учурлар айтылды.

Парламенттеги жыйында "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров өлкөдөгү сот системасына байланыштуу негизги маселелерге токтолду. Бул жаатта мыйзам чыгаруу жана сот органдары алгоолошуп иштеши керектигин белгиледи.

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

"Бул сот системасында болуп жаткан аябай чоң башаламандыктар. Бүгүн соттолгон кишини бир айдан кийин "жок, бул аппак экен" деп актап коюу, же тескерисинче, акталып чыккан кишини жаңы түзүлгөн, жаңы ачылган жагдайларга жараша деп кайрадан сот жараянынын башталышы", - деди Мадумаров.

Жыйында Кыргызстан демократияга байланыштуу айрым эл аралык рейтингдерге ылайык авторитардык режимдеги мамлекеттердин катарына кошулуп калганы айтылды. "Азаттык" партиясынын лидери Исмаил Исаков буга байланыштуу бир катар кемчиликтерди атады.

"Биздин Конституцияда бийлик бутактарынын түзүлүшүндөгү өтө маанилүү принцип камтылган эмес. Ал бийлик бутактарынын көз карандысыздыгы жана тең салмактуулугу. Бул эң чоң кемчилик. Экинчиден, жарандык коомдун ролу төмөндөдү. Үчүнчүдөн, төртүнчү бийлик деп аталган жалпыга маалымдоо каражаттары бүгүнкү күндө кысымга алынууда. Эгер жарандык коомубуз айтпаса, төртүнчү бийлигибиз жазбаса, жол көрсөтпөсө, анда аларды ким айтат? Ким аткарат?".

Жыйында адам укугу одоно бузулду делген, жарандык активисттерге, саясатчыларга жана журналисттерге кылмыш иштери козголгон, ал тургай камалган учурлар мисал келтирилди.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков айтылган сын-дооматтар жүйөлүү деп билдирди. Аларга чара көрүлөт деп ишендирди.

Замирбек Базарбеков.
Замирбек Базарбеков.

"Туура айтасыздар, мыйзамдык актылар дагы өзгөрүшү керек. Биз анын үстүнөн иштеп жатабыз. Сиздер аудио-видео жазуулар, камакта отургандардын мөөнөттөрү, бөгөт коюу чараларынын өзгөрбөгөнү тууралуу айтып жатасыздар. Бул өтө көйгөйлүү маселе. Муну дайыма эске алабыз, мен муну өзүмө дагы жазып алдым. Тийиштүү жыйынтык чыгарабыз. Сөз менен эмес, иш менен чыгарганга аракет кылабыз. Мен өзүм менен кошо кылмыш иштери жана жарандык иштер боюнча орун басарларымды да "булар дагы уксун, билсин "деп өзүм менен кошо ала келдим. Негиздүү сын-пикирлер бизге аба менен суудай керек. Биз ушуга муктаж болуп жатабыз, мен өзүм муктаж болуп жатам".

Парламенттеги талкуу маалында интернеттеги маалымат коопсуздугу, фейк-аккаунттардын кесепети тууралуу сөз болду. Талдоочу Айданбек Акматов айрыкча шайлоо өңдүү саясий жараяндар маалында социалдык тармактарда айрыкча бийликтин оппоненттерине, журналисттерге, медиага чабуул күчөй турганын белгиледи.

"Азыркы бийликти колдогон фейк-аккаунттар аябай көбөйдү. Мурдагыдан агрессивдүүлүгү, маданиятсыздыгы, оройлугу, сөгүнүп-сагынганы менен айырмаланып, коркутканга чейин барган аябай бир жаман жолго түшүп алышты. Мына ушул фейк-аккаунттар, троллдор саясий күрөштө акты кара деп, караны акка айланткан күчкө ээ болуп калды. Бул мамлекет үчүн абдан тынчсызданткан жагдай".

Ал ортодо Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 15-февралда басма сөз жыйынында журналисттердин кармалышы, иш козголушу тууралуу пикирин билдирди. Анда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө катуу ыкмалардын колдонулушуна каршы экенин айтты.

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

"Журналисттерге катуу ыкмаларды колдонууга капа болдум. Журналисттерге мындай катуу ыкмаларды колдонбош керек. Кыргыздын "арыдан бери болуш керек" деген сөзү бар. Сиздерге эч ким тийишкен деле жери жок. Азыр басым катары баа бергенден алысмын, тергөө иши бүткөндө анан баа бере алабыз. Террорист, бандиттерге күч колдонуш керек. Баңгизаттан алыс бололу, эки тарап жаңжалдашып атканда калыс карайлы. Журналисттер менен сый-сыпаа мамиле курганды үйрөнгөнбүз, мындан ары да үйрөнө беребиз", - деди Жапаров.

Адам укугуна арналган жыйында бир катар көйгөйлөр аталган резолюция кабыл алынды. Эми бул жагдай алгач парламенттин тиешелүү комитетинде, андан кийин жалпы жыйында каралып, талкууланмакчы.

Кыргызстанда адам укуктары жетиштүү корголуп жатабы?

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG