Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:40

Жапаровдун өкмөтүнүн жүз күнү


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Жаңы Конституцияга ылайык, биринчи дайындалган Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун иштеп жатканына 8-февралда 100 күн болду. Өкмөт экономикалык өнүгүүгө түрткү берүү үчүн дымактуу реформаларды убада кылган. Программалык максаттарын турмушка ашырууда кандай иштер жасалып жатат?

“Экономикалык ийгиликтердин алгоритми – бул улуттук биримдик, эрк, жарандык жогорку жоопкерчилик жана күжүрмөн эмгек. Өлкөнү мындан ары карай өнүктүрө турган төрт факторго көңүл бурабыз. Биринчи, капиталга болгон жеткиликтүүлүк. Экинчи, технологияларга болгон жеткиликтүүлүк. Үчүнчү, жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу. Төртүнчү, адам капиталынын өндүрүмдүүлүгү. Биз жылдын аягында бюджеттин ресурстук бөлүгүн 280 миллиард сом менен аяктайбыз деп атабыз. Урматтуу президенттин тапшырмасы - 2022-жылы 400 млрд. сомго, 2023-жылы 500 млрд. сомго, ал эми 2024-жылы 600 млрд. сомго жеткизүү. Бул биздин бүгүнкү ички дүң продукциясы менен тең болот”.

Акылбек Жапаров 2021-жылдын 13-октябрында Министрлер кабинетинин төрагасы кызматына киришип жатып ушундай программалык максаттарын жарыя кылган. Жаңы мыйзамга ылайык, Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы жана аны менен катар президенттик администрациянын башчысы да болуп дайындалды. Өкмөттүн түзүмү кайра өзгөрүп, 15 министрлик түзүлдү. Президенттин администрациясынын түзүмү да олуттуу өзгөрүүлөргө туш болду.

Андан бери төрт айга чукул убакыт өттү. Өкмөт учурда 100 күндүк ишмердигинин жыйынтыктарын чыгарып жатат.

Каршылыкка кабылган Салык кодекси

Өкмөт 2021-жылы бюджеттин көлөмүн ашыра аткарганын билдирүүдө. Бюджетке былтыр 280 млрд. сомдун ордуна 311 млрд. сом чогултулуп, коюлган план 30 млрд. сомго ашык аткарылган.

Жапаровдун өкмөтү бюджетти толтуруу үчүн бийликтин күч-аракетин көмүскө экономиканы ачыктоого бурду. Бул жаатта Салык кодекси баш болгон бир катар мыйзамдык долбоорлорду демилгеледи. Коомдогу кызуу талкууларга карабай Салык кодекси кабыл алынып, жыл башында күчүнө кирди.

Акылбек Жапаров ички дүң өнүмдүн дээрлик көпчүлүгү көмүскөдө экенин, андыктан аткезчилик менен көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу аркылуу гана алдына коюлган милдеттемелерди аткара аларын билдирген.

“Бүгүнкү күнү өлкөгө жаңы экономикалык саясат керек. Анын негизинде таза эмгек, адилеттүү салык, социалдык теңчилдик болот. Өнүктүрүүнүн төрт фактору боюнча аракет кылуубуз керек. Алар экономиканын башка тармактарынын өнүгүшүнө түрткү берүүчү натыйжасын камсыз кыла алат. Биринчи, экономиканы фискалдаштыруу жана санариптештирүү. Экинчи, айыл-чарбасын реформалоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу. Үчүнчүсү, чакан жана орто бизнести колдоо. Төртүнчүсү, көмүскө экономика менен күрөшүү”, - деген Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин ишке ашырып жаткан реформалары коомдо кызуу талкуулар менен коштолду. Өзгөчө, Салык кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жана ишкердикке кассалык-көзөмөл машинесин киргизүү катуу каршылыктарга кабылды.

Өкмөт бул каршылыктарды көмүскө экономикадан чыккысы келбей жаткандардын каршылыгы катары кабылдап, ошол эле учурда чечимдерине айрым өзгөртүүлөрдү да киргизип жатат.

Артка кетүүгө барабар мыйзам...

Экономист Элдар Абакиров өкмөттүн көмүскө экономика менен күрөшүн колдой турганын, бирок салык органдарынын ыйгарым укуктарын күчөтүүгө каршы экенин айтат. Ошону менен катар “жергиликтүү бийликти борборго көз каранды кылуу - артка кетүүгө барабар” деген оюн бөлүштү.

“Мен эки нерсени байкап атам. Бирөө жагып, бирөө жакпай турат. Жакканы – көмүскө экономикага каршы күрөш болуп атат. Бул жакшы нерсе. Жакпаганы – мына, Казакстанда болгон окуядан биз эмнени көрүп атабыз. Ал жакта Олжас Сулейменов сыяктуу инсандар "биз элге айыл өкмөт, акимдерди тандаганды үйрөтүп, эл өз оокатын өзү кылгандай шарт түзүшүбүз керек" деп айтып атышат. Алар ушундай жолго түшүп атса, биз тескери кетип, жергиликтүү бийликти Бишкек аркылуу дайындоо системасына өттүк. Бул менин оюмча артка кеткендик. Айыл өкмөттөрдү, мэрлерди жергиликтүү эл өзү тандаганды үйрөнүп калганда кайрадан Бишкектен койгон эски жолго түшүп атабыз”, - деди Абакиров.

Ал эми айыл-чарба боюнча адис Тилек Токтогазиев Министрлер кабинетинин айыл-чарба жерлерин пайдалануу жаатындагы акыркы чечимдери коррупциялык көрүнүштөргө жол ачат деп эсептейт.

“Өкмөттүн айыл-чарба тармагын колдоп атканы мага жагып турат. Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн 9 млрд. сом бөлүп берет деген вектор каралып атат. Бирок, ошол эле учурда №309 токтом боюнча ызы-чуу болуп жатат го. Бул токтомдун алкагында мамлекеттик фонддун айыл-чарба багытындагы жерлеринин 75%, тагыраагы 277 миң гектар жердин 207 миң гектарын иштетүү үчүн жөнөкөй дыйкандарга мүмкүнчүлүк бербей, асыл тукум чарбаларга жана кооперативдерге гана бөлүп берип атышат. Муну менен коррупциялык бир элемент ичине киргизилип атат”.

Адам укуктарынын абалына баа

Эксперттер өлкөдөгү адам укуктары жана сөз эркиндиги жаатында өкмөттүн иштери катаалдашканын белгилешүүдө.

Бул факторду көбүнчө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети баш болгон укук коргоо органдарынын жарандык коом өкүлдөрү менен журналисттерге жасаган мамилесине байланыштырат. Саясатчы Равшан Жээнбеков Кыргызстанда адам укуктары жаатында абал оорлошуп баратканын, мындай жагдай чыңалууну жаратып жатканын айтат.

“Тышкы саясатта, коопсуздук маселесинде өкмөттүн ролу бүгүнкү күндө жокко эсе. Тышкы коопсуздук, чек ара маселелеринде, жарандардын коопсуздугун коргоодо өкмөттүн ролун иш жүзүндө УКМК аткарып атат. Адам укуктары, эркиндик, демократия боюнча абал бүгүнкү күндө аябай оор. Көрсөткүч катары журналисттерге басымды Болот Темировдон, "Кактус Медиадан" көрсөк болот. Ошолорго болгон мамиле бардык жалпыга маалымдоо каражаттарын, журналисттерди коркуу сезимине, өзүн-өзү тыюуга такады. Азыр бардык ЖМКлар бийлик же кайсы бир адамдар жөнүндө бир нерсе жазарда аябагандай ойлонуп, коркуп калды”.

Акылбек Жапаров өкмөттү башкарган үч айдагы мамлекеттик бюджеттин кирешелери 63 млрд. сомду түзгөн. Коюлган план 134% аткарылган. Жүз күн ичинде министрлер кабинетинин тогуз кеңешмеси өткөн.

2021-жылдын 12-октябрынан 2022-жылдын 19-январына чейинки мезгилде Министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттин администрациясынын жетекчиси тарабынан 859 акты чыгарылган, анын ичинде:

  • Президенттин администрациясынын жетекчисинин буйруктары – 250;
  • Министрлер кабинетинин токтомдору – 165;
  • Министрлер кабинетинин буйруктары – 141;
  • Министрлер кабинетинин төрагасынын буйруктары – 303.
Акылбек Жапаров: Амбицияларды таштап, реалдуу экономика менен алектенишибиз керек

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG