Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:58

"Асманды" сырткы инвесторлор салат


Асман шаарынын сүрөтү.
Асман шаарынын сүрөтү.

Ысык-Көл облусуна салынат деген "Асман" шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башчысы болуп ишкер Тимур Файзиев дайындалды. Ал Инстаграмдагы түз эфиринде "Асман" шаары тууралуу бийликтин планын азыноолак ачыктады.

“Элит Хаус” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү деп таанылган Тимур Файзиевдин айткандарына ишенсек, 10 жылдын ичинде Ысык-Көлдүн жээгинде 1 миллион киши жашап, дүйнөнү кызыктырган шаар түшөт. Ошол эле кезде анын бул мамлекеттик ири долбоорго башчы болуп дайындалышы көптөгөн суроолорду жаратты.

“Асман” качан ишке ашат?

“Элит Хаус” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү катары таанылган Тимур Файзиев "Асман" шаарчасын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башчысы болуп дайындалганын өзү 30-декабрда Инстаграмдагы баракчасы аркылуу жарыялады. Аны дайындаган буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 24-декабрда эле кол койгонун 4-январда “Азаттык” радиосуна президенттик администрациянын басма сөз кызматы ырастады.

“Маалымат үчүн “Асман” долбоорунун жетекчиси болгонумду жарыялап кетким келет. Бул Ысык-Көлдүн жээгиндеги жаңы шаар. Биз долбоор боюнча иштеп жатабыз”, - деди Файзиев.


Файзиевдин айтымында, жаз айларынан баштап шаар куруу иштери башталып, 10 жылдын ичинде Ысык-Көлдүн жээгиндеги 8000 гектар жерде жаңы калаа пайда болот. Экологиялык шаар деп сыпатталган “Асмандын” өзүнүн күнөсканалары, жашоочуларды таза эт жана сүт менен камсыздай турган кой-уй фермалар болору да айтылып жатат. Файзиевдин айткандары ишке аша турган болсо, анда Асман шаары дүйнөлүк туризм менен медицинанын борборуна айланат. Алгач анда 500 миң киши жашап, кийин тургундардын саны 1 миллионго чейин жетиши мүмкүн.

"Асман шаары" долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси Тимур Файзиев көл жээгиндеги шаарды мындай деп сүрөттөйт.

Тимур Файзиев
Тимур Файзиев

“Азыркы тапта шаардын курулушуна кызыгып жаткан ондогон инвесторлор бар. Биз алар менен жакын арада жолугуп “Асманда” эмнелер болоорун талкуулайбыз. Бери дегенде "Асман" шаарында дүйнө жүзүнөн спортчулар келе турган олимпиадалык шаарча болот. Мындан тышкары Disneyland куруу пландалып жатат. Ал жерге дүйнө жүзүнөн келчү адамдар үчүн медициналык борбор, университет курабыз. Этношаар дагы болот. Сиз бул долбоордун бир гана күбөсү эмес, катышуучусу да болуп каласыз деп ойлом”.

31-декабрда Инстаграмдагы Asman_ecocity баракчасына жүктөлгөн видеодо Файзиев баштаган топ “Асман” шаарын кеңири талкуулап, Кытай – Алматы – Асман жогорку ылдамдыктагы поезд жүргүзүү планын да айтып өтүшкөнүн көрүүгө болот.

Файзиев жомоктогудай “Асман” шаарын курууга чет элдик инвесторлордун каражаты тартыларын, ага 10-20 миллиард доллар сарптала турганын айтып жатат.

Президент Садыр Жапаровдун мурдагы кеңешчиси, Жогорку Кеңештин азыркы депутаты Равшан Сабиров “Асман” шаарына алгачкы инвестиция Франциядан келе турганын айткан.

“Кудай буюрса, “Асман” шаарынын долбоору жыйынтыкталып калды. Биз келечекте бул шаарды курабыз. Ага инвесторлор бар. Биздин өкүлдөр Францияга барып сүйлөшүп, бир нече кагаздарга кол коюп келишти. Март айынан баштап “Асман” шаарын баштайбыз”.

Сабиров президенттин кеңешчиси болуп турган учурда “Асман” долбоорунун автору Руслан Акматалиев экенин билдирген. Францияга барып келгендердин арасында Акматалиев өзү да болгон. "Асмандын" авторунун сөзүнө караганда, Париждеги сүйлөшүү ийгиликтүү болуп, инвестор 5 миллиард доллар берүүгө макул болгон. Анын февраль айынын башында Кыргызстанга келиши күтүлүп жаткан. Руслан Акматалиев Министрлер кабинетинин дайындоосуна нааразы болуп жатат.

Руслан Акматалиев
Руслан Акматалиев

"Биз "Асман" долбоорунда башынан баштап жүрүп, иштин баарын жүргүзүп жатканбыз. Анан эле буга такыр тиешеси жок адамды жетекчи кылып салганын түшүнбөй калдым. Эки-үч күндө Садыр Нургожоевич менен сүйлөшөм. Бүт баары Файзиев алдамчылыкка шектелгенин жазып атышат. Инвестор келе жатканда ким менен иштеше турганын текшерет да. Анан алдамчы деген киши менен кантип иштешет? Мен айтып жаткан инвестор менен келишим жеке тарапка түзүлгөн. Анткени ал учурда дирекция жок болчу. Францияда экологиялык шаар салуу боюнча адис бар экен. Ал долбоорду чийип, аны президентке презентация кылмак. Биз Кыргызстанга келсек эле четтетип салышты. "Асманга" убактыбыз, каражатыбыз көп кетти. Биздин мээнетти ушунтип эле жеп коюшабы?".

"Асман" шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси Файзиев жаңы калаа тууралуу сөзүндө ээн талаада пайда болгон Казакстандын башкалаасы Нур-Султанды мисал келтирип жатат. Forbes Kazakhstan журналынын эсеби боюнча, жаңы борбордун курулушуна 49 миллиард доллар сарпталып, анын 16 миллиарды мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн.

Кыргызстандын Министрлер кабинети 21-октябрда “Асман" шаарын куруу боюнча дирекция түзүлгөнүн кабарлап, мекеменин чыгашасы бюджеттен тышкары Кыргызстанда тыюу салынбаган каражаттардан каржылана турганын билдирген.

Kyrgyz Concept компаниясынын негиздөөчүсү Эмил Үмөталиев Кыргызстанга 20 миллиард доллар инвестиция келерине ишенбей турат. Ишкер бул пикирин мындай деп негиздеди:

Эмил Үмөталиев.
Эмил Үмөталиев.

“Бийлик бюджетти толтуруу үчүн ишкерлерди ашыкча текшерип, талаштуу Салык кодексин таңуулап жаткан учурда кайсы ички инвестор келет? Сырттагы инвестор боюнча да маселе бар. Ачыгын айта турган болсок, анда Кыргызстанга таза иштей турган инвесторлор күмөндүү мамиле кылат. Анткени, 2010-2012-жылдардан бери алардын көңүлүн калтырганбыз. Бул долбоорду жарыялоодон мурда каржы булагын, анын таза экенин жарыялаш керек. Азыр “Асман” шаарын куруу каржы пирамидасына окшоп турат. Бизге шылуун инвестор келиши мүмкүн. Анткени буга чейин ушундай окуялар көп болгон да”.

"Асман" Балыкчыга 15 чакырым жакын жерде, Тору-Айгыр айылынын тоо тарабына түшөрү пландалган.

"Ири долбоорду издөөгө алынган ишкер жетектеп калды"

"Асман" шаарчасын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башчылыгына дайындалган Тимур Файзиев коомчулукка “Элит Хаус” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү катары таанылган. Ага буга чейин кылмыш иши козголуп, издөө да жарыяланганы маалым. Атап айтсак, 2021-жылы 28-майда Аскер прокуратурасы Файзиевге издөө жарыялаган.

"Элит Хаус" компаниясына таандык үйлөр. УКМК бул имараттар мыйзамсыз курулганын билдирген.
"Элит Хаус" компаниясына таандык үйлөр. УКМК бул имараттар мыйзамсыз курулганын билдирген.

Ал Бишкек шаарында жер тилкелерин алууга жана мыйзамсыз курулуштарга катышы бар деп шек саналып жаткан. Бишкектин Биринчи май райондук соту 27-майда ишкердин бөгөт чарасын карап, камакка алууга сыртынан чечим чыгарган. 7-июлда Файзиевди сырттан камакка алуу чечими өзгөртүлүп, эч жакка кетпөө тил каты менен камалган эмес. Чет жерде жүрүп келгени айтылган Файзиев ошондон кийин кайра коомчулукка чыга баштаган.

Саясат талдоочу Руслан Акматбек бийликтин дымактуу планын ишке ашпай турганын айтып, аны Файзиев жетектеп калышын сынга алды.

Руслан Акматбек
Руслан Акматбек

“Элестетиңиз, издөөгө алынган адам келип эле Кыргызстандын эң амбициялуу долбоорун жетектеп калды. Аны угуп отурсаң “Асман” шаарына 20 миллиард, өкмөткө 100 миллиард доллар инвестиция алып келет экен. Файзиевге 20 миллиард долларды ким берет? Кыргызстан кыйратып турган учурда жылына 1 миллиард доллар инвестиция тартып турган. Менин оюмча, биздин бийлик Садыр Жапаров, Акылбек Жапаров калктын караңгылыгына басым жасап, буларга боло берет дегенге өтүп алышты окшойт. Биз шаар эмес, көлдүн жээгине даараткана кура албай жатабыз. Кара-Кечедеги ачык турган көмүрдү каза алган жокпуз. “Асман” Кыргызстандын эгемендүү тарыхындагы эң салмактуу долбоор. Анын экологиялык жагы кандай болот, электр энергияны каяктан алат? Тоо менен көлдүн ортосунда алакандай эле жер бар да. Суроо көп, бирок ага жооп жок”.

Ошол эле учурда калаа куруу инвестор үчүн пайдалуу эместиги, жасалма пайда болгон шаарлар көп учурда дотацияга отурары да айтылып жатат.

Ысык-Көлдүн жээгине шаар куруу планын алгачкы жолу Садыр Жапаров жарыялаган. Ал өз сөзүндө Кыргызстан шаар үчүн жер бөлүп берерин, калган чыгымды инвесторлор көтөрө турганын айткан. Бийлик шаардын курулушу Бишкектин ыш маселесин чечип, Балыкчыда токтоп турган өндүрүштү жандандыра турганын кабарлаган.

“Бизнес инвестиция борбору” деп аталган компания “Асман” шаарынын курулуп бүтүшүнө көмөктөшөрү айтылып жатат. Анын өкүлү Өмүрбек Андарбеков шаардын курулушан күмөн саноонун кереги жок дейт.

“Дубайга барган болсоңуз аябай таң каласыз. Анткени чөлдүн үстүнө шаар куруп салган. Эч ким төө минип жүргөн арабдардын заманбап шаар курушуна ишенген эмес. Көпчүлүк Дубай шаары нефтиден түшкөн акчага салынды деп ойлошот. Бирок аталган шаар инвесторлордун акчасына салынган. Андыктан биз дагы шаар курсак болот. Экономика жылып келе жатат. Чет мамлекеттер менен мамиле жакшы. Азыр биз инвесторлор менен сүйлөшүп жатабыз. Аларды ачык атай албайбыз. Бирок кызыккандар аябай көп. Европа, Араб мамлекеттеринен кызыгып атышат”.

Кыргызстанда ушу тапта 32 шаар бар. Алардын баары СССР убагында курулган. Мамлекет эгемендик алгандан бери жаңы шаар курган эмес.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG