Линктер

жекшемби, 17-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 03:26

Ипотека: жыдыган долбоор, жылмаланган иштер


Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик ипотека компаниясынын «Жеткиликтүү турак жай» программасынын айланасында дагы бир чуулгандуу иштен ызы-чуу чыкканы калды.

Буга аталган компания Бишкек менен Нарында кымбат баага курган көп кабаттуу үйлөрүн шаар бийлигине өткөрүп берип, мындан ары курулуш иштеринен четтеген сунушу негиз болууда.

Компаниянын эмгек жамаатынын айрым өкүлдөрү муну жетекчиликтин аталган курулуш долбоорундагы кыңыр иштерин жаап-жашыруу амалы катары карап, программа үзгүлтүккө учураганы турганын, маселе көтөргөн адистер куугунтукталып, кыскартууга дуушар болуп жатканын белгилешти.

Бул арада турак жайдын долбоорун сатып алуу жана чыгымдардын ашыкча көрсөтүлүшү боюнча козголгон кылмыш иши ордунан жылбай турганы айтылды.

Курулуштан четтөөнүн себептери

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылдын 18-октябрында тиешелүү мамлекеттик мекеме-уюмдардын жетекчилеринин катышуусунда турак жай тутумун каржылоону өркүндөтүү боюнча жыйын өткөрүп, Мамлекеттик ипотека компаниясына бюджеттен каралган каражаттын өлчөмүн 150 млн. сомго азайтууну чечкен. Буга аталган компаниянын жетекчилиги курулуш иштерин жүргүзүүдөн четтөө тууралуу өкмөткө киргизген сунушу негиз болду. Ошого байланыштуу компаниянын кадрдык түзүмү кайра каралып, анын турак жай курулушу боюнча адистери кыскартууга дуушар болору дайын болду.

Кыргызстанда үйгө жетпеген жарандардын саны арбын.
Кыргызстанда үйгө жетпеген жарандардын саны арбын.

Мамлекеттик ипотека компаниясынын мурдагы басма сөз катчысы Аскар Осмонов компаниянын курулуш ишмердиги боюнча буга чейин Интернетке чыккан материалдарды ревизиялык комиссия текшергенин, бирок ал иштер боюнча жооптуу кызмат адамдарына чара көрүлбөй калганын билдирди:

- Ревизиялык комиссиядан кийин ал жактан 17 адамды кыскартканы жатышат. Ал эми Мамлекеттик мүлк фондунан жиберилген ревизиялык комиссия буга чейин маалымат каражаттарына чыккан материалдардагы фактылардын дээрлик баарын документалдык негизде тастыктаган. Биз кайрылууда маалымат каражаттарына чыккан материалдарга шилтеме берип, көргөзүп жазып бергенбиз. Бул жерде жанагы көп кабат үйдүн долбоорун бир топ кымбат баага сатып алганы эле эмне деген мыйзам бузуу?

Мындан сырткары өкмөт башчынын кеңешмесинин протоколунда Мамлекеттик ипотека компаниясы Нарын жана Бишкек шаарларында курган көп кабаттуу үйлөрдү жергиликтүү бийликтин карамагына өткөрүү шарттарын иштеп чыгуу маселеси коюлган.

Былтыр Нарындагы бюджеттик кызматкерлер үчүн курулган 60 батирлүү үйдүн чарчы метри 42,5 миң сомго чыгып, Бишкектеги коммерциялык турак жай баасына барабар болуп калганы аныкталган.

Анан дагы ал көп кабат үйдүн долбооруна эле 4,7 млн. сомго жакын акча каралып, анын тендер өткөрүлбөй туруп эле сатылганы белгилүү болгон. Бул боюнча Финансы полициясы кылмыш ишин козгогон, бирок иш былтыртан бери сотко жете элек.

Турак жай программасынын туруксуздугу

Ал эми аталган көп кабат үйдү бүтүрүп, пайдаланууга берүүдөн четтөөнү компаниянын айрым кызматкерлери мурдагы жана учурдагы жетекчиликтин жоопкерчиликтен качуу аракети катары кабыл алышты.

Мамлекеттик ипотека компаниясынын адиси Чынара Турдалиева мунун кесепети жеткиликтүү турак жай программасын үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн деп кооптонорун айтты:

- Мыйзам бузууга барган кишилер кыскарбай эле, кайра тескерисинче ошол маселелерди көтөргөндөрдү кыскарта турган багытта баратышат. Булар кетирген калпыстыктарын жабыш үчүн өкмөткө да туура эмес маалымат берип, эптеп азыр курулуштан баш тартыш үчүн ал жакты көндүрүштү. Анан дагы алар президенттин сөзүн бурмалап жатышат. Ал эми президент «KFW уюмунун каражатын тарткыла, турак жай фондун кеңейткиле, жеткиликтүү насыяларды элге кенен тараткыла» деп айткан. KFW донор уюмунун бизге ипотекалык насыялоодогу эң негизги талабы - бул насыялоону курулуш иштери аркылуу жүргүзүү болчу. Азыр эми биздин компания курулуштан четтей турган болсо, KFW донор уюму менен макулдашып, үч жарым жылдан бери күтүп жаткан гранттык каражатты ала албай калганы жатпайбызбы. Анда жеткиликтүү турак жай программасы үзгүлтүккө учурап калышы мүмкүн. Биз ушул жагдайды президентке жеткизе албай жатабыз. Ал эми президенттин шайлоо алдындагы платформасында жеткиликтүү турак жай программасын ишке ашыруу артыкчылыктуу багыт катары көрсөтүлүп турат. Финансы полициясы болсо курулуш ишиндеги кетирилген кемчиликтер боюнча тергөөнү аягына чыгара элек. Мурдагы жетекчибиз Шамкеевдин: «Мен президентке эмнеге кирем? Укук коргоо органдарынын бизге тийишип жатканын токтотуш үчүн кирем» деп айтканы бар. Ал киши президентке кирип чыккандан кийин эле ал иш андан ары иликтенбей, тергөө органдарында «президент аларды колдойт тура» деген ойду жаратат. Анан ошентип жанагы текшерүүлөрдүн бардыгы токтоп калат.

Өкмөт 2016-жылы калкты жеткиликтүү ипотекалык насыялар менен гана камсыздабастан, борбордо жана аймактарда эконом класстагы көп кабат үйлөрдү куруп, бюджеттик кызматкерлерге арзан баада берүүнү чечкен. Ал көчүп кирүүгө даяр көп кабат үйлөрдүн чарчы метринин баасы 40 миң сомдон ашпашы керек деген чек коюлган.

2016-жылы февраль айында Мамлекеттик ипотека компаниясы менен Орус-кыргыз өнүгүү фонду Бишкекте жана Нарында жалпы аянты 4 миң чарчы метрди түзгөн беш кабат үй куруу боюнча макулдашкан. Бишкекте 124 батирлүү, ал эми Нарында 60 батирлүү көп кабат үйдүн курулушу башталган. Мамлекеттик ипотека компаниясы башында Нарындагы батирлердин чарчы метрин 23 миң 250 сомдон баалап, кийин аны толук ремонту менен бүткөрүп, 35 миң 227 сомдон берүүгө токтолгон.

Ошондо андагы 50 чарчы метр аянтты түзгөн, эки бөлмөлүү батирдин баасы 1 млн. 761 сом болмок. Бирок кийин бул көп кабат үйдүн курулуш чыгымдары көбөйүп кетип, анын чарчы метри 40 миң сомдон да ашып кеткени белгилүү болгон.

Акысыз алынган жер тилкеси, ашып кеткен баалар

Мындай фактыларды таап чыгып, былтыр Башкы прокуратурага кайрылган Мамлекеттик ипотека компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы Азамат Абдыбеков жер тилкеси бекер берилип, электр энергиясы менен жылуулукка акысыз коштурулган көп үйдүн баасы эмнеге мынча кымбатка түшкөнүнө кызыкты:

Нарындагы көп кабат үйдү курууга мамлекет жер тилкесин бекер берип жатса, электр энергиясы менен жылуулукка кошуп берип жатса, анан кантип ал батирлердин чарчы метринин баасы 40 миң сомдон ашып кетип жатат?
Азамат Абдыбеков.


- Негизи бул жерде курулуш иштери туура эмес жүргүзүлгөн. Себеби азыр кандай гана курулуш компаниясы болбосун жер тилкесин сатып алат, электр энергиясына жана жылуулукка кошулуу үчүн каражатын төлөйт. Ошол чыгымдардын бардыгы батирдин чарчы метринин баасына кошулат. Анан анын баасы орточо 40-45 миң сомго чейин чыгып жатпайбы. Ал эми жанагы Нарындагы көп кабат үйдү курууга мамлекет жер тилкесин бекер берип жатса, электр энергиясы менен жылуулукка кошуп берип жатса, анан кантип ал батирлердин чарчы метринин баасы 40 миң сомдон ашып кетип жатат? Бул жерде ал көп кабат үйдүн долбоору начар болгондуктан, аны менен жүргүзүлө турган иштер дал келбей калып, пайдубалды түптөөдө жана башка курулуш иштеринде чыгымдар көбөйүп кетип, жыйынтыгында үйдүн баасы көтөрүлүп кеткен. Биз бул боюнча материалдарды былтыр Башкы прокуратурага берип, ал жактан кылмыш иши козголуп, анан аны тергөөнү Финансы полициясына берген болчу.

Бирок ал батирлердин өздүк наркы жогору болуп, берилчү ипотекалык насыялардын шарттары оор болгондуктан, Нарында андай батирлерди сатып ала тургандар өтө эле аз болгон. Бул маселе былтыр парламентте көтөрүлүп, бюджеттик негизде делген Нарындагы көп кабат үйдүн баасы Бишкектеги коммерциялык батирлердин баасына барабар болгону сынга алынган.

Долбоорду ишке ашырып жаткан Бактыбек Шамкеев кийин компаниянын жетекчилигин тапшырып берип, «Айыл банктын» башкармалыгынын төрагалыгына которулуп кеткен. Анын ордуна келген Мамлекеттик ипотека компаниясынын башкармалыгынын төрайымы Элмира Абжапарова аталган курулуштагы калпыстыктар боюнча кылмыш иши козголгонун ырастап, бирок анын жыйынтыгынан кабары жоктугун билдирген:

- Кылмыш иши чындыгында козголгон. Тергөө иштери жүрүп, кылмыш иши азыр деле жабыла элек. Эсеп палатасы келип текшерген. Ал иштер өзүнчө нукта жүрүп жатат. Бирок курулуш иштери аны менен токтоп калган жок. Аба ырайына байланыштуу кышкы мезгилде эле убактылуу токтобосо, жалпы иштин кечеңдеп калганы көбүнчө каражат маселесине эле байланыштуу. Бүгүнкү күнгө чейин бюджеттин гана колун карап келдик. Анан буга чейин германиялык KFW банкы менен жакшы сүйлөшүүлөр жүрүп, мурдагы жетекчилер тарабынан чоң иштер жасалыптыр. Аны да айтпай кетпесек болбойт. Азыр эми ошол иштер үзүрүн бериши керек.

Бирок кийин көп өтпөй эле Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду Мамлекеттик ипотека компаниясы менен биргелешкен бул курулуш долбоорунан чыгып кеткен. Башында бул мамлекеттик компания ипотека алуучуларды тандоо жана банктар аркылуу насыя берүү үчүн түзүлсө, бул жолу ал курулуш иштери менен өзү алектене турган болгон. Бул максатта компания Нарындагы көп кабат үйдүн долбоорун сатып алууга 4,7 млн. сом караган. Бирок көп кабат үй курула турган жердин кыртышы долбоордогудай чыкпай калып, үйдүн курулуш долбоорун кайра карап чыгууга туура келген. Курулуш материалдарынын түрү өзгөртүлүп, жыйынтыгында анын чыгымдары көбөйүп кеткен.

Шамкеев: ошол жактан тактап алгыла

Мамлекеттик ипотека компаниясынын башкармалыгынын мурдагы төрагасы Бактыбек Шамкеев козголгон кылмыш иши боюнча тергөөгө көрсөтмө бергенин айтып, бул жерде эч кандай кылмыш жок экенин айтуу менен чектелди:

- Иликтөө боюнча толук маалымат бербедикпи. Ипотекалык компаниядан бул боюнча маалымат берилген. Ошол жакка кайрылып, толугу менен маалымат алып алсаңар болот. Ал жакта толук маалымат бар. Анткени мен ал жактан кеткенде үй курулуп бүтө элек болчу. Азыр эми ал үй бүттү. Өткөндө мен ал үйдүн чарчы метри 40 миң сомдон чыгып жатканы боюнча маалыматты көргөм. Аны өзүңөр ошол жактан тактап алгыла. Мен бул маселелер боюнча Финансы полициясына да жооп бергем. Ал жакта бул иш боюнча сотко чейинки иликтөө болчу. Андан сырткары кызматтык иликтөө да жүрүп, бардык суроолорго жооп бергем. Суроолор болсо, бардыгын ошол жактан тактап алгыла.

Көйгөйлүү үйдүн жүгү кимге жүктөлөт?

Мамлекеттик ипотека компаниясынын жетекчилиги жакында финансы министрине жазган катында Бишкектеги жана Нарындагы аталган көп кабаттуу эки үйдү үч тараптуу келишимдин негизинде карыздары менен кошо жергиликтүү бийликтин карамагына өткөрүү шарттарын сунуш кылган.

Бирок Мамлекеттик ипотека компаниясынын мурдагы басма сөз катчысы Аскар Осмонов Нарындагы көп кабат үйдүн өздүк наркынын кымбатка түшкөнү, анын акчалай милдеттенмелери жана батирлерди сатып өткөрүү кыйынчылыгы болгону үчүн компания аны жергиликтүү бийликтин карамагына өткөрүп берип жиберүүгө кызыкчылыгы бар экенин белгиледи:

Нарын шаарынын мэриясы ошондой карыздары менен, анан өздүк наркы кымбат баага түшкөн үйдү эми кантип өзүнө өткөрүп алат?
Аскар Осмонов.


- Премьер-министрдин протоколдук тапшырмасы чыкты. Ага ылайык, Нарындагы көп кабат үйдү жергиликтүү мэрияга өткөрүүнүн шарттары иштелип чыгышы керек экен. Бирок ал көп кабат үйдүн өздүк наркы эле бир топ жогору болбодубу. Аны эми жергиликтүү муниципалдык мекемелердин кызматкерлерине ипотекалык насыянын негизинде берүү жагы чечилиши керек экен. Бирок ал үйдүн көп карыздары бар. Анан мен бул жерде түшүнбөй жаткан жагдай бар. Нарын шаарынын мэриясы ошондой карыздары менен, анан өздүк наркы кымбат баага түшкөн үйдү эми кантип өзүнө өткөрүп алат? Бул жерде ошол үйдү өткөрүп алып, анын жоопкерчилигин өзүнө алуу Нарын шаарынын мэриясына пайдасыз.

Мамлекеттик ипотека компаниясынын жетекчилиги финансы министрине жазган катында курулушу толук бүтө элек бул турак жайларды Нарын жана Бишкек шаарларынын мэрияларына тез арада өткөрүп берүүнүн жол-жобосун министрлик менен бирге иштеп чыгууну өкмөт тапшырганын баса белгилеп, аталган шаарлардын жетекчилери үйлөрдү өткөрүп алууга даяр экендигин жазган.

Нарын мэриясынын шарттары

Бирок Нарын шаарынын мэри Эмил Молдокадыров көйгөйү көп кабаттуу үйдү кабыл алуу оңой эмес экенин, бул үчүн жергиликтүү бийликтин өзүнүн шарттары бар экенин эскертти:

- Азыр ипотекалык компания дароо эле бизге өткөрүп берсе, аны кабыл алганга биз даяр эмеспиз. Анткени аны бизге өткөрүп алуунун шарттары такталышы кажет. Себеби, эртеңки күнү ал биздин мэрияга ашыкча жүк болуп, анын баш оорусуна айланбашы керек. Биз бюджеттик ссудага байланыштуу аны өткөрүп берүүнүн шарттарын айттык. Эгерде талкуулап, анан «биздин мэрияга ыңгайлуу шарттар болсо, анда биз аны өткөрүп алууга даярбыз» дедик. Себеби, аны азыркы абалында ала турган болсок, ал жерде бир топ маселе бар. Биз талдап көрсөк, үйдүн долбоорунда көйгөй бар экен. Ашканалары кичине. Экинчиден анын өздүк наркы бир топ кымбат. Эртеңки күнү өтпөй турган батирлерди жылытуудан жана ага каражат табуудан биздин жергиликтүү бюджет чоң чыгаша тартышы ыктымал. Ушундай маселелер болгондуктан, анын шарттары кайра каралмайынча, аны алууга макулдук берген жокпуз. Биз муну шаардык кеңештин кароосуна коёбуз. Шаардык кеңештин депутаттары аны алууга макулдук берип, үйдүн карыздары жана өздүк наркын төмөндөтүү сыяктуу маселелер чечилсе, анда өткөрүп алабыз.

Коомчулукта мамлекеттик ипотеканын коммерциялык банктар берген ипотекадан айырмасы жок калганы сөз болуп эле жүргөн. Маяна аз болгондуктан, арзан турак жай долбооруна акчалуулар гана катышып жатканы тууралуу маалыматтар буга чейин да айтылып келген. Маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, бир катар депутаттар өкмөттү мамлекеттик ипотеканын баасын арзандатуунун жолдорун иштеп чыгууга чакырган жайы бар.

"Азаттыктын" архиви: Ипотека жаштарга ийкемдүүбү?

Ипотека жаштарга ийкемдүүбү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:35:05 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (13)

XS
SM
MD
LG