Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:53

Мамлекеттик ипотека: үй күткөндөрдүн үмүтү


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстанда Мамлекеттик ипотекалык компания быйылтан тартып бюджеттен каржыланбаган мекеме-ишканалардын кызматкерлерине да турак жай алганга насыя бере баштайт.

Бирок буга Бишкек менен Ош шаарларында жашагандар кирбейт.

Кыргыз өкмөтү 2015-жылы мамлекеттик мекемеде иштегендерди үй-жайлуу кылуу максатында атайын программа кабыл алган. Бирок насыянын шарт-талабы коомчулукта сын жараткан жана ала тургандар аз болгон. Ошондуктан өкмөт былтыр мамлекеттик эмес мекемеде иштегендерге да насыя берүүнү чечкен.

Ушул жылдан баштап Мамлекеттик ипотекалык компания бюджеттен каржыланбаган мекеме-ишканаларда иштегендерге 12-15 үстөк пайызы менен насыя бере баштайт. Аталган мекеменин жетекчиси Бактыбек Шамкеевдин "Азаттыкка" билдиргени боюнча, насыянын негизги шарттары мамлекеттик мекемеде иштегендердикинен дээрлик айырмаланбайт. Болгону Бишкек жана Ош шаарынан үй сатып алыш үчүн насыя берилбейт. Шамкеев ипотека алчулардын тизмесин узартыш үчүн каражат жетиштүү деп ишендирди:

Бактыбек Шамкеев.
Бактыбек Шамкеев.

- Бишкек менен Ош шаарларынан башка региондордун баарында жашагандар ала алат. Алар жаңы салынган үйлөрдөн батир алышы керек же өздөрү жаңы салышы керек. Эгерде пайдаланылган үйлөр болсо анда аны кеңейтүү максатында насыя алышы керек. Негизги шарттары бюджеттик мекемелердегидей эле. Пайызы көбүрөөк болот. Азыркы убакта биз муну башташ үчүн ипотекалык баалуу кагаздарды сата баштайбыз. Алгач 200 миллион сомго чыгарабыз. Ушул жылдын ичинде 400 миллион сомго чейин жеткирүү пландарыбыз бар. Бирок биз дагы кошумча инвесторду караштырабыз. Дүйнөлүк тажрыйбада ушундай баалуу кагаздарды чыгаргандан кийин сөзсүз узак убакытка инвестор табыш керек. Бир-эки жылга эмес, беш-алты жылга. Андан кийин револьвердик фонд катары 10-15 жылга чейин баалуу кагаздарды иштеткенге мүмкүнчүлүк караштырыш керек.

Бактыбек Шамкеев мамлекеттик ипотеканы алуу шартты оор, талабы катаал деген дооматты четке какты:

- Азыркы убакта мындан өткөн жакшы шарт жок. Эгер коммерциялык банктарга салыштырсак, алардын шарттары биздин программадан да оор. Алардын мөөнөтү беш жылга чейин эле. Үстөк пайызы 18-22 пайызга чейин. Андан сырткары аларда алгачкы салым 30 пайызда кем болбошу керек, бизде болсо 10 пайыздан кем эмес деп белгиленген. Бул сөзсүз кайтарылган акча да. Насыяны бюджетте иштеген жарандарыбыз биздин шарттарга макул болуп алгандан кийин сөзсүз кайтарып бериши керек.

Өкмөттүн мамлекеттик ипотека берүү убадасы

Өкмөттүн мамлекеттик ипотека берүү убадасы

Мамлекеттик ипотекалык компаниядан насыяны эми жарандардын баары алууга укуктуу. Бул тууралуу 20-февралда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлдөрү билдирди.

Кыргыз өкмөтү мамлекеттик эмес мемемелерде иштегендерге да насыя бериш үчүн Германиядан 11 миллион евро грант алды. Экономист Эркин Абдразаков өкмөттү "ипотеканы арзандатуунун жолдорун издебей жатат" деп сынга алды:

- Ипотекалык насыя берүү башында жакшы эле башталган. Пайызы 8-10го түштү. Бирок баары бир бюджетти иштегендердин капчыгына туура келбегенине байланыштуу насыя алуудан көпчүлүгү баш тартты. Азыр эми мамлекеттик эмес мекемеде иштегендерге да беребиз дегени - бул арзан насыяга жатпайт. Себеби булар Германиядан 10 миллион евро алуу тууралуу өкмөттүк деңгээлде келишимге кол коюп жатышат. "Ошол акча келсе 6-8 пайыз менен берсек болот" дейт. Бирок бекер келген гранттык акчаны деле булар мамлекеттик бюджеттен кымбат берип жатышат. Цивилизациялуу өлкөлөрдө төрт пайыздан ашырбай эле берилет. Азыр мамлекеттик ипотека берген ар бир банк өзүнүн төлөм мөөнөтүн коюп жатат. Мындай болбошу керек эле. Коммерциялык банктарга бербестен, өзүнүн банкын түзүш керек. Анткени бул колдон колго өткөн сайын кымбат боло берет. Эгер элине күйгөн өкмөт болсо, муниципалдык жерди бекер бере турган болсо, коммуникацияны мамлекет бекер өткөрүп берсе, ушул ипотеканын баасы арзан болот эле. Ушуларды кылбай туруп эле "көп иш жасадык" деп жатат. Мен ага ишенбейм. Дагы жасала турган иштер көп.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов пикиринде, мамлекеттик ипотека башкы максатына жете элек.

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

- Мамлекеттик кызматтагы дарыгерлерге, мугалимдерге, жаш үй-бүлөлөргө жардам катары программа болуп иштелип чыккан да. Анын тилеги, максаты жакшы эле болгон. Бирок баары келип эле кендирди кескен жокчулукка такалып жатпайбы. Мамлекеттик кызматкердин айлыгы 15-20 миң болсо деле, алгачкы 30 пайызын төлөп, калган акчасын кийин ай сайын төлөгөндө пайдасыз болуп калып жатат. Ошондуктан бул жерде төлөмдүк салымын дагы көп жылга узартып, биринчи төлөмдүн суммасын да азайтыш керек. Анткени биз сурамжылаганда эл ушул эки нерсени айтып жатат. Ошондуктан азыр мамлекеттен ипотека алыш үчүн кезекке туруп, чуркап алгандар деле боло элек.

Кыргыз өкмөтү мындан 2,5 жыл мурун "Арзан турак жай 2015-2020" программасын кабыл алган жана анын негизинде Мамлекеттик ипотекалык компания түзүлгөн. Компания ушул күнгө чейин жалпысынан 2400дөй адамга суммасы 2,5 миллиард сомдон ашык насыя берди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG