Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:05

Өкмөттүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасына өзгөртүүлөр киргизилип, эми өлкөнүн бардык жарандары ипотекалык жеңилдиктерден пайдалана ала тургандыгы айтылууда.

Социалдык мекемелерде иштегендер бул убакка чейинки ипотекалык программасынан эмне үчүн активдүү пайдалана алышкан жок? Жаңы киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн шарттары чөнтөгү жукалар үчүн ыңгайлуубу? Ипотекалык саясат кандай болуш керек?

"Арай көз чарай" талкуусуна Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрага орун басары Үсөнакун уулу Нуржигит жана мурдагы вице-премьер-министр, коомдук ишмер Тынычбек Табалдиев катышты.

“Азаттык”: Нуржигит мырза, мамлекеттик ипотекалык компания ишин баштагандан бери сиздерге канча адам жеңилдетилген насыя менен турак жай маселесин чечип алууга кайрылды? Алардын ичинен канча адам насыя алды? Алар кайрылгандардын канча пайызын түзөт?

Үсөнакун уулу Нуржигит: Мамлекеттик ипотекалык компания өз ишин 2015-жылы декабрь айында баштаган. Биринчи ипотекалык насыяны 2016-жылы март айында бергенбиз. Бир жылга жетпеген учурда 1 миллиард сомго жакын ипотека насыясын 837 киши алды.

Азыркы программа боюнча 15 жылга чейин деп койгону банктарда коррупцияны пайда кылат. Мөөнөт так айтылыш керек.

Ушул убакка чейин 7132 адам ипотекалык насыя алуу боюнча арыз менен кайрылган. Алардын ичинен шарттары туура келбей арыздарын алып кеткен учурлар да бар. Мындай адамдардын саны эки миңге жакын. Бир миңден ашык адам арызды аткарууну убактылуу токтото турууну суранышууда. Буга маалыматтын жоктугу, жетишсиздиги себеп.

Мындан сырткары беш миңден ашык адамдын тизмеси ипотекалык компания уюштурулганга чейин түзүлүп калгандыктан болууда. Ал эми өткөн жылдын август айынан берки тизмени карай турган болсок, насыядан баш тарткандар өтө эле аз.

“Азаттык”: Арыздан баш тарткандардын негизги себеби пайыздык ченемдердин жогору экендиги айтылып, өкмөткө төмөндөтүү боюнча маселе коюлду эле.

Үсөнакун уулу Нуржигит: Ипотекалык насыянын пайыздык чендерин төмөндөтүү боюнча иштер жүрүүдө. Былтыркы жылдын март айында пайыздык чендерди 12-14 менен берип жатсак, сентябрь айынан бери өкмөттүн токтомуна ылайык пайыздык ченемдерди 10 пайызга чейин төмөндөттүк. Эми мындан ары да кошумча каражаттар табылып калса дагы төмөндөтүүгө аракет кылабыз.

Бирок, пайыздык ченемдерди төмөндөтүп коюу арзан турак жай менен камсыз кылуунун жалгыз жолу эмес. Арзандатуунун дагы бир жолу Бишкек, Ош шаарларында эле эмес, Кыргызстандын бардык аймактарында турак үйлөрдү ипотекалык компания аркылуу арзан курууга жетишүү. Биз ушул максатыбызды турмушка ашырып, жакында Нарын, Жалал-Абад, Баткен облустарында көп кабаттуу үйлөрдү курууга киришкени турабыз.

“Азаттык”: Тынычбек мырза, ипотекалык компания ишин баштагандан бери мамлекеттик, анын ичинде социалдык тармакта иштегендерди колдоо, аларды турак жай менен камсыз кылуу максатында болду эле. Колу жука социалдык тармакта иштегендер эмне үчүн бул программадан активдүү пайдалана алышкан жок деп ойлойсуз?

Тынычбек Табалдиев: СССР учурунда элди турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттин, өкмөттүн милдети эле. Өзүбүзчө мамлекет болгондон бери эми элди турак жай менен түздөн-түз камсыз кылуу милдети калып калган.

Бул маселеде азыркы өкмөттүн ниети туура болууда. Анткени, жарандарыбыздын үйлүү болушуна мамлекеттин жардамы керек. Ошол көмөк көрсөтүүнүн бир жолу, саясаты – бул ипотека. Эми ошондой болсо да биздин өкмөт ипотеканын максатын жакшы көрө албай жатат. Ипотеканы биз жаңы ойлоп таап жаткан жерибиз жок. Ипотека дүйнө жүзү боюнча жайылган тажрыйба. Анын негизги максаты - социалдык жактан аз мүмкүнчүлүгү бар элдин катмарын колдоо. Биринчи кезекте бюджеттик мекемелерде иштегендерди колдоо деген туура болгон.

Ал эми бюджеттик мекемелерде иштегендер эмне үчүн бул программадан аз пайдаланып жатышат? Биринчиден, насыя кандай шартта берилери тууралуу көбүндө толук маалымат жок. Экинчиден, аны алуу, аткаруу шарттары оор. Ар бирибизде жакшы ой бар үйлүү болоюн деген, аягына чейин эсептеп келгенде элдин көпчүлүгү аны аткаруу кыйын болуп жатпайбы. Ошондон улам баш тартып жатышат.

Өкмөттүн мамлекеттик ипотека берүү убадасы

Мамлекеттик ипотекалык компаниядан насыяны эми жарандардын баары алууга укуктуу. Бул тууралуу 20-февралда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлдөрү билдирди.

Ипотеканын негизги шарты – канча жылга берилгени. Азыркы программа боюнча 15 жылга чейин деп койгону банктарда коррупцияны пайда кылат. Мөөнөт так айтылыш керек. Бирөө 9 жылга берем, экинчиси 7 жылга берем деп чыгат.

Экинчиси - пайыздык көрсөткүч өтө маанилүү. Мен банктардын айрым маалыматтарын окуп калдым. Бардык кызмат көрсөтүүлөрдү кошуп эсептегенде төлөй турган жалпы сумма аягында 50дөн 150 пайызга чейин өсөт деп жүрөт. Ошонун айынан көбү баш тартып жатпайбы. Батирди 30 миң долларга аласың деп насыя берип алып, кийин баарын төлөп бүткөндө эсептешсе 50 миң долларга чейин төлөш керек болуп жатпайбы. 150 пайыз болду дегенибиз ушул.

Кардар так билиш керек, 15 жылдан кийин батирдин, үйдүн жалпы баасы канча болот? Анан бир чарчы метр аянттын баасы канча болот, ал дагы алдын ала так айтылышы зарыл. Ошондуктан бардык атуулдарга ипотекадан пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүүнүн коркунучтуу жагы – колунда акчасы бар Бишкектеги ишкер жигит айылдагы атасын каттатып коюп, шаарлардан үйлөрдү ала берсе, колу жукалар дагы сыртта калып калышы мүмкүн. Анткени, алардын көбүнүн киреге коё турган, же пайызын төлөй турган мүмкүнчүлүгү жок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG