Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:10

Өкмөттүн ипотекасы башкаларга да жетти


Алдыдагы бир ай ичинде Бишкек, Ош шаарынан башка аймактарда жашаган, бюджеттик мекемеден башка тармакта иштегендер да өкмөттүн арзан пайыздагы ипотекалык насыясын ала баштайт. Бул долбоор аркылуу Кыргызстандагы турак жайга муктаж 200 миң адам үйлүү болуп калышы ыктымал.

Каракол шаарынын тургуну Элмира Сырдыбаева беш жылдан бери бирөөнүн үйүндө акы төлөп жашайт. Көптөн бери «менчик үйүм болсо» деген кыялын багып келатат. Банк кызматкери Элмира ипотекага үй алайын деп шаардык мэрияга барса, «программа бюджеттик чөйрөдө иштегендер үчүн гана иштейт» деген жоопту уккан.

- Күйөөмдүн чакан чарбасы бар, - деп түшүндүрдү ал. - Ага менин айлыгымды кошкондо үй алганга акча чогулбайт. Банктагы кадимки ипотекалык насыя менен үй алалы десек анын төлөө мөөнөтү аз жана пайызы да жогору экен. Бизге көп убакытка арзан пайызда ипотекалык насыя берилсе жакшы болмок. Азыр батир үчүн 8 миң сом төлөйбүз. Андан көрө ипотекага төлөсөк, өз үйүбүз болуп калбайт беле.

Өкмөттүн «Жеткиликтүү турак жай – 2015-2020» программасы ишке киргенден бери турак жай сатып алууга ниетин билдирип келгендердин басымдуу бөлүгү бюджеттик чөйрөдө иштебегендер болгон.

Германия Кыргызстанга 11 миллион евро өлчөмүндө каражат бөлдү. Бул республикада турак жайды каржылоо жөнүндө өкмөт аралык келишимге ылайык алынды. Эми бул программанын негизинде Бишкек жана Ош шаарларынан башка аймакта жашаган бардык адамдар 10% менен 15 жылга турак жай сатып алса болот. Ипотекалык насыя үч банк аркылуу берилет. Алар: «РСК Банк», KICB жана «Кыргызстан» коммерциялык банкы.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын мониторинг бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Дакыбаев аймактардагы калктын социалдык абалын жакшыртуу максатында Бишкек жана Ош сыяктуу ири шаарлардан алыс жашаган кишилерге жеткиликтүү болушу үчүн ушул долбоор даярдалганын билдирди:

- 24 миң еврого, же 1 млн. 700 миң сомго чейин турак жай алууга мүмкүн. Туруктуу кирешеси бар бардык категориядагы адамдар ала берсе болот. Насыя берчү банктар менен келишимдер түзүлүп бүтсө, алдыдагы бир айдын ичинде бере баштайбыз. Бул программа Бишкек жана Ош шаарларынан башка аймактарда жашагандар үчүн иштейт. Анткени Германия банкы менен кыргыз өкмөтү келишим түзүп жаткан мезгилде аймактарды өнүктүрүш үчүн ушундай программа иштеп чыккан. Бишкек менен Ош башкаларга салыштырмалуу өнүккөн. Бул шаарлардын тургундары үчүн биздин өзүнчө долбоорлорубуз бар.

Кыргызстанда турак жайга муктаж үй-бүлөлөрдүн саны 200 миңге жетет. Бирок Дакыбаев алардын канчасы Бишкек менен Ош шаарында, канчасы аймактарда экенин так саноо мүмкүн эмес экенин айтты.

Ал эми сөз болуп жаткан ипотекалык насыяны алууга атайын кезек түзүлбөйт. Керектүү документтери толук топтолгон жана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын талаптарына жооп берген адамдар банктан ич ара кезектешип ала беришет.

«Кыргызстан» коммерциялык банкынын насыя берүү бөлүмүнүн адиси Адилет Баялиевдин айтымында, бул ипотекалык насыянын алуу шарттары буга чейинкилерден айырмаланбайт. Болгону «бюджеттик чөйрөдө иштеши керек» деген пункт гана жок.

- Бизге кайрылган кардардын үйү болбошу керек. Ай сайын төкчү насыясы үй-бүлөлүк кирешесинин 50% пайызын түзүшү шарт. Мындан башка кирешеси көп, үйдү ипотекасы жок эле сатып алууга мүмкүнчүлүгү барларга да насыя берилбейт.

Жалпы жонунан кыргыз өкмөтү Мамлекеттик ипотекалык компания иштей баштагандан бери жеңилдетилген ипотекалык насыя берүү аркылуу 4 миңден ашык үй-бүлөнү турак жай менен камсыз кылды. Буга 5 млрд. сомго жакын каражат кеткен.

Жалал-Абад шаарынын тургуну Байгазы Раимкулов - мамлекеттен ипотекага үй алгандардын бири.

- 2018-жылы алгам, - деди ал. - Азыр айына 9 миң сомдон төлөйм. 15 жылга алгам. Документтеримди толук топтогондон кийин үч айдын ичинде алдым. Көп деле кыйын болгон жок. Бул программа бизге аябай эле жакшы болду. Анткени мен Жалал-Абадга Сузак районунан келгем. 2004-жылы студент болуп университетте окуп жүргөндөн бери батирде акы төлөп жашадым. Үйлөнгөнүмө он жыл болду. Ошондон бери үй-бүлөм менен батирден батирге көчүп, үйдүн азабын жакшы эле тарттык. Айына жети миң сомго чейин төлөп жашадык.

Жалал-Абад шаарында ипотека алууга 2015-жылдан бери 500 чамалуу киши кайрылган. Азыр анын 50 пайыздан ашыгы менчик батирлүү болду. Шаардык мэриянын кызматкери Салтанат Орозогазиева бюджеттик чөйрөдөн башка тармактарда иштегендердин кайрылуусу эки эсе көп экенин айтты:

- Менчик мектепте, менчик мекемелерде иштегендер көп келишет. Анткени алардын айлыгы мамлекеттик мекемелерде иштегендерге караганда жакшы.

Өкмөттүн «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» программасы иштей баштагандан тартып насыянын үстөк пайызы үч эсе төмөндөгөн. Маселен, 2016-жылы 12-14% жана 10-12%, 2017-жылы 8-10% чейин, 2018-жылы 7-9% чейин төмөндөгөн. Алдыда ипотекалык насыянын үстөк пайызын 6-8% түшүрүү пландалып жатат.

Кыргыз өкмөтү мындан сырткары Азия Өнүктүрүү Банкынан 10 млн. евро, Турукташтыруу жана өнүктүрүү боюнча Евразия фондунан 100 млн. долларды 20 жылдык мөөнөткө жылдык үстөк 1% менен каражат алуу тууралуу сүйлөшүү жүрүп жатканын маалымдаган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG