Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:47

Германия турак жай программасын колдош үчүн 10 миллион евро бөлүп берет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Германия Кыргызстанга турак-жай программасын колдоо максатында 10,5 миллион евро бөлүп берет. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, бөлүнгөн каражат Мамлекеттик ипотека компаниясына которулуп, «Жеткиликтүү турак жай» программасын колдоого жумшалат.

Кыргыз өкмөтү «Жеткиликтүү турак жай» программасын ишке ашырыш үчүн Мамлекеттик ипотека компаниясын түзгөн. Бул компания бюджеттик мекемелерде иштегендерге арзан турак жай үчүн 10 жылдан ашык убакытка ипотекалык насыя берип жатат.

Буга чейин бийлик өкүлдөрү бул багыттагы каражат чектелүү болгондуктан кошумча каражат изделип жатканын кабарлашкан. (BkA)

XS
SM
MD
LG