Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:50

Базардагы дүрбөлөң же ККМ деген эмне?


Көзөмөл кассалык аппарат.
Көзөмөл кассалык аппарат.

Кыргызстанда “Дордой” сыяктуу ири базарларга көзөмөл кассалык машине (ККМ) жапырт качан киргизилери али белгисиз. Айрым ишкерлер жана cоодагерлер буга караманча каршы болуп, өкмөттөн убакыт беришин талап кылууда.

Биз көзөмөл кассалык аппараттын колдонулушу жана артыкчылыгы, соодагерлер эмнеге каршы болуп жатканы тууралуу кыскача түшүндүрүүгө аракет кылабыз.

Көзөмөл кассалык аппарат деген эмне?

ККМ - кызмат көрсөтүү же cоодада товардын баасы жана башка маалыматтар камтылган дүмүрчөк. Башкача айтканда, чек чыгарып берүүчү аппарат (ККМ - көзөмөл кассалык аппарат жана көзөмөл кассалык машине деп дагы аталат).

Кыргызстанда ККМдин эки түрү киргизилди:

  • Биринчи түрү – баарыбыз айрым дүкөндөрдөн көрүп жүргөн кадимки көзөмөл кассалык аппарат.
  • Экинчи түрү – программалык көзөмөл кассалык аппарат. Мында салык кызматына кайрылып, аппараттын тиркемеси смартфон, планшет же компьютерге бекер орнотулат. Дүмүрчөктү кийин принтер аркылуу чыгарып алса болот.

Мындай аппараттар аркылуу салык кызматы ишкердин жүгүртүүдөгү толук суммасын көрө алат. Жөнөкөй тил менен айтканда, салыкты жашырып калуу мүмкүнчүлүгү азаят.

ККМди кимдер колдонушу керек?

Жаңы Салык кодексинин 128-беренесине ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумуш аткаруу, кызмат көрсөтүүдөгү бардык субъектилер накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек.

Базар, дүкөн, коомдук тамактануучу бардык жайлар, дарыкана, май куюучу жай, интернет-дүкөн, авиакасса жана бардык кызмат көрсөтүүлөр. Бирок ишинин түрү жана жайгашкан аймагына байланыштуу Министрлер кабинети аныктаган субъектилер ККМди колдонуудан бошотулат.

20-январга карата расмий маалыматта Кыргызстанда 32 миң көзөмөл кассалык аппарат колдонулуп жатат. Алардын 8 миңдейи акыркы айда кошулган. Салык кызматы учурда кассалык аппараттар “Айыл Банк”, “РСК Банк” жана “Керемет Банкта” акысыз берилип жатканын кабарлады. ККМди колдонбогон ишкерге 20 миң сом айып пул салуу каралган.

ККМге базарлар качан өтөт?

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов 25-январда маалымат жыйын өткөрүп, Бишкектеги “Дордой” сыяктуу чоң базарлар ККМди колдонууга толук качан өтөрү белгисиз экенин билдирди.

Алтынбек Абдувапов
Алтынбек Абдувапов

“Дордойдогулар" эртели-кеч толугу менен өтүшөт. Азырынча Экономика министрлигинде ишкерлер менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Жакынкы арада чечилет деп ойлойм”, - деди Абдувапов.

24-январда көзөмөл кассалык аппарат (ККМ) орнотууга каршы чыккан Бишкек, Токмок, Кант шаарларында иштеген айрым соодагерлер менен жолуккан экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев 2022-жылдын октябрь айына чейин сыноо мөөнөтү менен бул аппараттар орнотулуп, демилгени ишке ашыруу үчүн жеңилдиктер да караларын билдирди.

Буга чейин Министрлер кабинети кассалык аппараттарды колдонуунун шарттарын кайра иштеп чыгарын кабарлаган.

Соодагерлер ККМге эмнеге каршы?

Өткөн жылдын аягынан бери Бишкектеги “Дордой” баш болгон ири базарлардын соодагерлери көзөмөл кассалык аппаратты колдонууга каршылыгын билдирип чыгып жатат.

Бишкектеги базарлардын биринде иштеген Алтынай Абишева ККМди колдонууда салык көбөйүшү мүмкүн экенин белгиледи.

"Дордой" базарында чогулган соодагерлер. 24-декабрь. 2021-жыл
"Дордой" базарында чогулган соодагерлер. 24-декабрь. 2021-жыл

“Мисал катары айтайын, 1 килограмм күрүчтү 65 сомго сатам. Анын өз баасы 61 сом. Мен 4 сом кошом. Анын бир сомун патентке төгөм. Андан сырткары ижара жана башка чыгымдар бар. Эми салыкты жалпы сумма 65 сомдон эсептейби? Биздин кардарлар негизинен айылдан келип, карызга алып кеткендер. Аларга кандай чек чыгарып берем? Мен убагында беш балам, майыптыгы бар күйөөм менен калганда мамлекет бир сом жөлөкпул берген эмес. Эми менден жөлөкпул сурап жатпайбы. Мен 400 миңдей насыя төгөм, аны алып жатканда арзандаттыбы? Өткөн жылы пандемияда бир сом бердиби? Тескерисинче, биз жардам бердик. Патент төлөп жатам, социалдык фонду берип жатам, өкмөт мага бир сом береби?”.

Бирок, мамлекеттик Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов жаңы салык мыйзамдарында эч кандай төлөмдөр көбөйтүлбөгөнүн белгилеп, ККМге каршы чыгып жаткандарды реалдуу соода жүгүртүүдөгү суммасын көрсөткүсү келбей жаткандар деди.

Буга чейинки пикирлеринде экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров соодагерлердин эмне себептен контролдук кассалык машинеге (ККМ) каршы болуп жатканын минтип түшүндүргөн.

“Жылдык жүгүртүү 8 миллион сомдон ашпаса салык 0 болот. Бирок андан ашса, мыйзамда көрсөтүлгөндөй төлөш керек. Бул сумма азыр патентке кеткен акчадан алда канча көп. Негизи азыркы процесстен акыры өтүшүбүз керек. Мен муну колдойм. Бирок өкмөт дароо айып пул салып кыйнабай, жарым жылга чейин убакыт бериш керек. Анткени ККМ менен иштегенди үйрөнүш керек. Бул дүйнө жүзүндөгү практика. Ошол эле учурда салыктардын бардыгы толук төлөнгөндө товарлар 5-10% кымбаттайт. Себеби, өзүнүн кирешесине 12% кошумча нарк салыгын (КНС) кошот да. Буга чейин патентке эле төлөп, КНСти төлөбөй келген”.

Сандар жана эксперттик пикир

Кыргызстандын салык кызматы 2021-жылы мамлекеттик казынага 105 млрд. 714 млн. сом чогултуп, 2022-жылы 155,6 млрд. сом каражат жыйноону пландап жатат.

Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бийлик 2022-жылы бюджетти 400 миллиард сомго жеткирүү планы бар экенин айтып, бул үчүн көмүскө экономиканы азайтып, бажы менен салыктан арбын акча жыйналарын белгилеген.

Кыргызстанда эл аралык уюмдардын эсебинде көмүскө экономика 40% экени айтылып келет.

Кеп башында айткандай, көмүскө экономиканы кыскартууну бир жолу бизнес чөйрөнү фискалдаштыруу болгон ККМди жапырт колдонууга киргизүү саналат.

Экономист Азамат Аттокуров учурда аппарттарды толук киргизе албай жатканын элдин бийликке карата ишениминин төмөндүгү менен түшүндүрөт. Дегеле, өлкөдө салык төгүү маданияты калыптана элек.

Азамат Аттокуров.
Азамат Аттокуров.

“Бардык чекене соода ККМ менен иштеши керек. Сооданы ошого көндүрүү зарыл. Бул тажрыйбадан Грузия, Эстония бардыгы өттү. Бирок, элдин бийликке ишеними кетип калгандыктан салык төккүсү келбейт. Жолдор, мектеп, оорукана оңолбой, "акча кайда кетип жатат?" деген суроо бар. Эми эл менен бийликтин диалогу керек. Мисалы, сүйлөшүп соодага сатуудан салык аз болуш керек. Буларга таза пайда 3% чейин калат. Ошондуктан салык 1% ашпаганы жакшы болот”, - деди Аттокуров.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери салык тармагында үчүнчү жолу жаңы салык кодекси ишке кирди. Анын максатын бийлик системанын туруктуулугун камсыздоо, санариптештирүү, ишкерлерге бирдей шарт түзүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу экенин жарыялаган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG